Египетте пирамидалардын жанында туристтик автобус жардырылды
Египетте Гиза пирамидасынын жанында туристтик автобус жолго коюлган бомбага кабылып, кеминде 17 киши жарадар болду.
Расмий маалыматка караганда, жардыруу 19-майда оңдоо иштери жүрүп жаткан Чоң музейдин жанында болду. Унаадагы 25 туристтин көпчүлүгү Түштүк Африкадан келгендер.
Египет бийлиги бир нече жылдар бою Синай жарым аралында исламчыл согушкерлери менен күрөшүп келет. Террористтер чет элдик туристтерге жана Египеттеги тарсаларга кол салууларды уюштуруп турганы маалым.
Соңку жарым жыл ичинде ушуну менен туристтерге экинчи ирет кол салуу болду. Декабрь айында мындай кол салуудан үч въетнамдык турист каза тапкан. (KKu)