Баткен казыяты чек арадагы элди ынтымакка үндөдү
Баткен облусунун казыяты Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылында Орозо айына карата ооз ачаар өткөрдү.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын атынан уюштурулган иш-чарага жалпысынан 300 адам чакырылып, аларга коңшу мамлекеттин эли менен ынтымакта, тынчтыкта жашоо зарылдыгы айтылды.
Ак-Сай айылынын калкы 2 миңдей адам.
Бул айыл Тажикстандын 40 миңге чукул тургуну бар Ворух анклавы менен чектешип турат.
Эки өлкө ортосундагы чек ара такталбагандыктан жол, суу, жайыт талаштан улам бул айылда тынымсыз чыр-чатак болуп турат. Быйыл 13-14-март күндөрү жаңжал чыгып, ок атылган. Ошол күндөн бери эки өлкөнүн милиция кызматкерлери бул айылдарда комдук коопсуздукту биргелешип көзөмөлдөөсүн улантып келет. (JsA)