«Eurovision-2019»: финалисттер аныкталды
Израилде эл аралык «Eurovision-2019» ыр таймашынын финалисттери аныкталды. Финал 18-майда өтөт.
16-май күнү экинчи жарым финалга катышкан 18 мамлекеттен Түндүк Македония, Нидерланддар, Албания, Швеция, Орусия, Азербайжан, Дания, Норвегия, Швейцария жана Мальта финалга жолдомо алышты.
Биринчи жарым финалдын жеңүүчүлөрү 14-майда аныкталган.
Ошентип ишембиде «Eurovision» сынагынын баш байгеси - хрусталь микрофон үчүн 26 мамлекеттин ырчылары ат салышат.
Европа телерадиоберүү бирикмеси түптөгөн бул шоу 1956-жылдан бери жыл сайын уюштурулат жана кайсы мамлекеттин өкүлү жеңсе, ыр жарыш кийинки жылы ошол өлкөдө болот. Былтыр Португалиядагы сынакта израилдик Нетта уткан.
Эрежеге ылайык, шоуну өткөрүп жаткан мамлекеттин жана Европа телерадиоберүү бирикмеси түзгөн беш өлкөнүн ырчылары түз эле финалга чыгышат.
Израилдин маалымат каражаттары Тел-Авивде коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн кабарлашты. Калааны бир апта бою 20 миң полиция кызматкери кайтарат. Сынактын бардык иш-чараларына курал менен кирүүгө тыюу салынды.
Быйылкы сынак «Тартынбай кыялдан» деген ураан менен өтүп жатат. (SE)