ЕККУ Өзбекстанда сайттарга коюлган тосмонун алынышын кубаттады
Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Маалымат каражаттарынын эркиндиги маселеси боюнча өкүлү Арлем Дезир Өзбекстанда айрым маалымат сайттарына, укук коргоо уюмдарынын Интернет даректерине коюлган тосмонун алганын кубаттады.
Ал "Америка добушу", "BBC өзбек кызматы", "Немис толкуну", "Eurasia.net", "Ferghana.ru" маалымат каражаттарынын, "Amnesty International" и "Human Rights Watch" эл аралык укук коргоо уюмдарынын сайттары блоктон чыгарылганына ыраазычылык билдирди.
Дезир бул жаатта өзбек бийлигине кайрылганын кошумчалап, "Эркин Европа\Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын сайтына коюлган бөгөт алынып салынарына үмүт артарын белгиледи.
Өзбекстанда мурдагы мамлекет башчы Ислам Каримовдун тушунда тосмолонгон бир канча чет элдик жана жергиликтүү сайттар блоктон чыгарылганын президенттин администрациясына караштуу Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин директору Комилжон Алламжонов "Фейсбукка" 10-майда жазган. Алламжонов сайттар ачылбай турганына "техникалык мүчүлүштүк" себеп болгонун белгиледи.
Өзбекстанда 2005-жылдагы Анжиян окуясынан соң чет элдик сайттар тосмолонгон. Бул жагдайды эл аралык коомчулук сындап келген.