"Дин маданиятынын тарыхы" үчүнчү ирет сыноо мөөнөтүндө окутулат
Кыргызстанда "Дин маданиятынын тарыхы" сабагы 2018-2019-окуу жылында жүздөн ашуун мектепте үчүнчү ирет сыноо мөөнөтүндө окутулат. Андан соң бүт мектептерге жайылтылат. Бул тууралуу Мамлекеттик дин комиссиясынын төрагасы Зайырбек Эргешев "Азаттык" радиосуна билдирди.
Коргоо кеңешинин дин жаатындагы концепциясына ылайык, 2016-жылы он мектепте «Дин маданиятынын тарыхы» сабагы пилоттук негизде окутула баштаган. 2018-жылы 56 мектепке киргизилген. Программа эки чейрекке бөлүштүрүлгөн. Баяндарда дүйнөдөгү бардык диндердин тарыхы камтылып, диндер аралык ымаланы бекемдөө максатын көздөйт.
“Дин маданиятынын тарыхы” китеби Дин комиссиясынын демилгеси, адистердин сунушу менен мектептин 9-классына ылайыкталып чыгарылган. Алгачкы нускасындагы баяндар татаал болгондуктан, оңдоп-түзөтүлүп экинчи ирет басылган. Бирок техникалык каталардан улам, быйыл кайрадан жаңы басылып чыкканы турат. Мунусунда сүрөттөр, карталар көбөйтүлүп, мугалимдерге кошумча колдонмо да тиркелет. Аны “Коом таануу”, “Тарых” предметинен сабак берген мугалимдер окутат.
Китеп азыр кыргыз жана орус тилдүү мектептерге гана ылайыкташкан. Пилоттук окутуунун үчүнчү этабында өзбек жана тажик тилдүү мектептер да камтылат. Китепти өкмөт басып чыгарат. (SE)