«Түрк аба жолдору» Кыргызстандын аймактарына каттамдарын жандантат
Мындай маалымат Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын жетекчиси Илкер Айжи менен жолугушкан учурда айтылды. Жолугушуу 8-май күнү, Чыңгыз Айдарбековдун Түркиядагы расмий сапарынын алкагында, Стамбул шаарында болду.
Тараптар кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнү сүйлөшүп, аталган аба компаниясынын каттамдарын Кыргызстандын башка аймактарына жандандыруу маселесин талкуулашты. Мындан тышкары Чыңгыз Айдарбеков Илкер Айжини «Манас» аэропортунун транзиттик дараметин пайдалануу маселесине көңүл бурууга чакырды.
«Түрк аба жолдору» компаниясы 2012-жылы, 19-июлда Стамбул-Ош-Стамбул багытында каттамын баштаган. Бирок кийинчерээк каттам токтотулган. (ZKo)