Батукаевдин иши боюнча камалган дарыгердин бейтаптары митингге чыгышты
Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө дарыланып жаткандардын ата-энелери бүгүн 7-майда оорукананын алдында митинг уюштурушту. Бул тууралуу "Азаттыкка" бөлүмдүн башчысы Гүлнара Жунушалиева маалымдады.
Митингчилер профессор онколог Эмил Макимбетовдун камактан бошотулушун талап кылышты. Жалпысынан колуна оорулуу баласын көтөрүп, түрдүү плакаттарды кармаган 30-40 адам чогулду.
Жунушалиеванын айтымында, Макимбетов камалгандан бери бейтап балдарга операция жасоодо кыйынчылык жаралууда.
- Кээ бирлерине операция жасалбай турган болду, - деди ал. - Кээ бирлерине башка, жаш дарыгерлерге жасатып жатабыз. Мунун баарын Эмил Кожошевич көзөмөлдөчү да. Айрым бейтаптар анын өзүн күткөн жатышат.
Балдар бөлүмүндө учурда 40тан ашуун бала дарыланып жатат. Алардын кээ бирлери операцияга муктаж.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында «ага оорулуу деген аныктама (справка) берди» деген айып менен онколог Эмил Макимбетов камакка алынып, ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Ал тажрыйбалуу онколог катары белгилүү.
Оор кылмыштар үчүн соттолгон Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. (BCh)