"Талибан" кыймылы "Лоя жырганын" сунушун четке какты
Ооганстандагы “Талибан” кыймылы «Лоя жырга» деген ат менен белгилүү улуттук курултайдын ок атышууну токтотуу чакырыгын четке какты. Талибдер жума күнү тараткан билдирүүсүндө “Лоя жырганы” майнапсыз жыйын катары мүнөздөп, курултайдын Орозо айы башталгандан тарта кармашты токтотуу сунушун кабыл албай турганын белгиледи.
3200дөй уруу аксакалдары, диний аалымдар жана саясатчылар катышкан бул курултай “Талибан” менен ооган өкмөтүн ок атышууну токтотууга, туткундарды алмашууга үндөгөн.
Ооган президенти Ашраф Гани бийлик "мыйзам чегиндеги талапты аткарууга даяр экенин", бирок аны экинчи тарап да аткарышы зарылдыгын айткан болчу.
“Лоя жырганын” Кабулда төрт күнгө созулган жыйыны бүгүн, 3-майда жыйынтыкталды.