Индиянын чыгышын “Фани” бороону каптады
Жума күнү эртең менен Индиянын чыгышын “Фани” аттуу катуу бороон каптады. Одиша штатындагы кара нөшөр ылдамдыгы секундасына 55 чакырымга жеткен шамал менен коштолду.
Бийлик океан жээгинен жарым миллионго жакын адамды коопсуз жактарга көчүрүп кетүүгө үлгүрдү. Жергиликтүү аэропорт, мектеп жана мамлекеттик мекемелердин бардыгы жабылды.
Табият кырсыгынын кесепетин алдын алуу үчүн жүздөгөн куткаруучулар, медицина кызматкерлери даярдыкта турушат. Азырынча жабыркагандар же курман болгондор тууралуу маалыматтар түшө элек.
Индияда тропикалык циклондор адатта апрель айында башталып, декабрга чейин уланат. 1999-жылы "Одиша" циклону 10 миңдей адамдын өмүрүн алган.