4-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат
4-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19,
Таласта түнкүсүн 1…3, күндүз 16…18,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22,
Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9 градус болот.
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 17…19° градус болот. (KR)