Нур-Султандагы митингде ондогон киши кармалды
Казакстандын башкалаасы Нур-Султан шаарында нааразылык акциянын ондогон катышуучусун полиция кармап кетти. "Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, спецназ кармалгандардын айрымдарын союл менен урган учурлар болду.
Чогулгандардын алдында сөз сүйлөгөн прокуратура өкүлү акциянын мыйзамсыз экенин айтып, элди тарап кетүүгө чакырды. Шаарда жүздөн ашык киши Жаштар сарайына чейин жөө жүрүшкө чыгышты. Аларды спецназ түшкөн автобус коштоп жүрдү. Акциянын катышуучуларын күч кызматкерлери кармалгандар салынган автобуска жеткирбей тосуп калышты.
Буга чейин бир нече киши кармалып, автобустарга салынган. Чогулгандар аларды бошотууну талап кылышууда. Башкалаа полициясынын башчысынын орун басары Бахытжан Малыбаев элди тароого үндөгөнү менен алар кармалгандар бошотулмайынча эч кайда кетпей турганын айтышты. Кийинчерээк полиция бир катар кишилерди бошоткону кабарланды.
1-майдагы Алматы жана Нур-Султандагы митингдер жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.00дө башталган. Эки шаарда тең митингге кеминде жүздөн киши келишти.
Алар 9-июнга белгиленген кезексиз президенттик шайлоого бойкот жарыялоого, парламенттик башкарууга өтүүгө чакырып, таза шайлоонун болушун талап кылып жатышат. Бүгүн Казакстанда - Элдик ынтымак күнү майрамдалып жатат.