«Манас» аэропортунан мыйзамсыз акча ташылганын айткан чек арачылар издөөдө
Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы офицерлери Айбек Камчыбеков менен Марлис Осмонбековго издөө жарыяланган. Бул тууралуу 11-февралда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөш комитетинин жыйынында Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев депутат Искендер Матраимовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, жайында жеке адамдардын маалыматтарын соцтармакка чыгарып жиберишкени үчүн алардын иши Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн. Читать дальше...