Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Февраль
2020

Новости за 12.02.2020

«Айдоочулардан адамгерчилик күтөбүз»

Azattyk.org 

Коомдук транспорт же такси кызматын колдонуудан кыйналган майып кыздар «Азаттыкка» өз окуяларын айтып беришти. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, борбордо жалпысынан 150 троллейбус бар, анын 87синде гана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыктуу шарттар каралган. Бирок майыптар троллейбустардагы пандустар дээрлик иштебей жатканын айтышат.

Аба ырайы: 13-февралда кар жаайт

Azattyk.org 

13-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында бурганак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн -8...-13... Читать дальше...

Жээнбеков: Курулуш тармагындагы тоскоолдуктар ишкерликти өнүктүрбөй жатат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков курулуш тармагындагы тоскоолдуктар ишкерликти өнүктүрбөй жатканын айтты. Мындай пикирин ал 12-февралда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өткөн Өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында билдирди. Ал өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин ишине нааразы болду.​ «Өзүңөрдүн чөнтөгүңөрдү толтуруу маселесин чечип отурасыңар. Ошондуктан иш артка кетип жатат. Читать дальше...



Алдыга жыла албаган аймактык театрлар

Azattyk.org 

Баткендеги музыкалык драма театрынын жана Ош куурчак театрынын жетекчилери алмашты. Бул аймактык театрлардын ишмердиги, көйгөйү, жаңылануу аракети тууралуу темага жем таштады.

Нурбек Айбашевдин соту аягына чыга элек

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин коррупцияга байланышкан иши боюнча сот аягына чыга элек. Жогорку соттун басма сөз кызматы териштирүү Бишкектин Октябрь райондук сотунда уланып жатканын 12-февралда билдирди.  Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Айбашев №1 тергөө абагында отурганын маалымдады.  Нурбек Айбашевди 2018-жылы 25-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын адистери кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси... Читать дальше...

Орусияда Путинге болгон ишеним эки жылда эки эсе азайды

Azattyk.org 

Орусиялыктардын 35% президент Путинге ишенет. «Левада борборунун» январдагы сурамжылоосу бул көрсөткүч беш ай мурункуга салыштырмалуу 4% азайганын жарыялады. 2017-жылдын ноябрында сурамжылоо Путинге болгон ишеним 59% экенин көрсөтсө, эки жылда ал эки эсе азайган.    Социологдордун сурамжылоосуна караганда, 2019-жылдын сентябрында коргоо министри Сергей Шойгунун жана тышкы иштер министри Сергей Лавровдун рейтингдери жогорулаган.  «Левада борборунун» иликтөөсүндө жаңы премьер-министр Михаил Мишустинге... Читать дальше...

БШК убактылуу каттоого тургандардын көбөйүшүн талкуулайт

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жергиликтүү шайлоону өткөрүү маселесин жана шайлоо алдында айрым шаарларда убактылуу каттоого турган жарандар кескин көбөйгөнүн талкуулайт.  Жумушчу жыйын 12-февралда саат 15:00дө болорун «Азаттыкка» БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.  Жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), прокуратуранын жана башка органдарын өкүлдөрү да катышат.  Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол... Читать дальше...



Коомдук уюм президентти Алмаматовду бошоткон сотторго чара көрүүгө чакырды

Azattyk.org 

«Коомдук талдоо институту» Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовду бошоткон судьяларга карата чара көрүү тууралуу өтүнүч менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Аталган уюм өз кайрылуусунда Алмаматовго карата чечим чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьяларына карата Тартип комиссиясы сөгүш гана бергенине нааразылыгын билдирген. «2020-жылдын 24-январында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы сиздин сөзүңүздөн соң коррупционердин эркиндикке чыгып, сот жазасынан... Читать дальше...

Жалал-Абаддагы медиа борборго жаңы жетекчи дайындалды

Azattyk.org 

Маданият, маалымат жана туризм министринин буйругуна ылайык Тургунбай Алдакулов Жалал-Абад облустук медиа борборунун директору болуп дайылдалды. Борбордун жамаатына жаңы дайындалган жетекчини өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков тааныштырды. «Министрдин дайындоо жөнүндө буйругу 10-февралда чыккан. Алдакулов директорлук кызматка эмгек келишиминин негизинде дайындалды», - деди Ызабеков. 42 жаштагы Тургунбай Алдакулов буга чейин 2016-2018-жылдары ушул облустун телеканалында жетекчи болуп иштеген. Читать дальше...

УКМК: Интернетте «халифат» түзүүгө чакырган жаран кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынан «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун жигердүү мүчөсү кармалганын кабарлады. Атайын кызматтын маалыматы боюнча шектүү Интернет аркылуу «халифат» түзүүгө чакырган. Кармалган кишинин жашаган жерин тинтүү учурунда андан экстремисттик багыттагы материалдар табылган.   Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, шектүү №1 тергөө абагына камалды. Учурда ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. 2003-жылы соттун чечими менен «Хизбут-Тахрир»... Читать дальше...

Вице-премьер-министрлик кызматка Мадумаровдун талапкерлиги көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Парламенттеги коалициялык көпчүлүк вице-премьер-министрлик кызматка Акрам Мадумаровдун талапкерлигин колдоду. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев тастыктады. Өкмөт башчы көрсөткөн Мадумаровдун талапкерлиги жалпы жыйында качан каралаары азырынча белгисиз.  Акрам Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан. Ал бул кызматка 2019-жылдын апрель айында дайындалган. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген.  Жеңиш Разаковду өз арызына... Читать дальше...

Орусия Кантка аба соккусунан коргогон техника орнотууну көздөп жатат

Azattyk.org 

Орусия Кыргызстандын Кант шаарындагы авиабазасына аба соккуларынан коргой турган техника орнотууну көздөп жатат. «РИА Новости» кабарлагандай, бул тууралуу Орусиянын коргоо министринин орун басары Николай Панков Канттагы базанын макамы жана анын жайгашуу шарттары боюнча протоколду ратификациялоо боюнча Мамлекеттик Думанын жыйынында билдирди.  Президент Владимир Путиндин 2019-жылы Кыргызстанда өткөн мамлекеттик сапарынын алкагында Орусиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча келишим жаңыртылган.  Протоколго ылайык... Читать дальше...

Полковник Ниязбековдун өлүмүнө шектүү жаран кайрылуу жолдоду

Azattyk.org 

УКМКнын "Альфа" түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө шектелип, Кой-Таш окуясы боюнча кармалган Рысбек Карыпбек уулу абактан Кыргызстандын акыйкатчысына, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчисине жана маалымат каражаттарына кайрылуу жолдоду. Кайрылууну Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) 12-февралда таратты.  Кол жазма жана электрондук түрдө таратылган кайрылууда Карыпбек уулу өзүн Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы... Читать дальше...

2019-жылы камсыздандыруу компаниялары 1 млрд. 300 млн. сом топтоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрөгасынын орун басары Мыктыбек Абиров депутаттардын суроолоруна жооп берди. Ал өлкөдөгү мүлктү камсыздандыруу компаниялары 1 млрд. 300 млн. сом чогултканын билдирди. Ал эми бир жыл ичинде мүлкүн камсыздандырган адамдардын керектөөсүнө 200 млн. сом төлөнүп берилген.  Депутат Аалы Карашев бул тармакта иш чабал жүрүп жатканын сындады:  «Дүйнө жүзүндө бул абдан өнүккөн. Бир жарым млрд. Читать дальше...

Финполдун мурдагы кызматкери коррупциялык схема боюнча шек саналууда

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) мурдагы кызматкери коррупциялык схема түзүп, мамлекетке 15 миллион сомдон ашуун зыян келтирген деп шек саналууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы анын мыйзамсыз ишмердигин аныктаганы тууралуу кабар 12-февралда таратылды.  Расмий маалыматка ылайык, шектүү Финполициянын Чүй облусундагы Аламүдүн жана Ысык-Ата район аралык бөлүмүндө иштеген. Ал түзгөнү айтылып жаткан схемага ылайык... Читать дальше...

«Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар»

Azattyk.org 

12-февралда Бишкекте «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт. Сыйлык быйыл журналисттик мыкты иликтөөлөргө экинчи ирет берилүүдө. «Журналисттик иликтөөлөр фонду» 2018-жыл үчүн башкы сыйлыкты «Азаттыктын» Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаковго ыйгарып, аны былтыр 12-февралда тапшырган. Жеңүүчүлөрдү фонд өз алдынча комиссиянын тандоосунун негизинде аныктайт. Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүү болгондо 12-февралда 30 жашка чыкмак.


Музыкальные новости
PRomoPulse

Продвижение новой музыки и ваших хитов на радио и в интернете





Персональные новости
Локомотив

Легионер "Локомотива" Ньямси: в Москве жизнь дешевле, чем в Париже





Рахмон кичи мекенинин зоболосун көтөрүүдө

Azattyk.org 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон туулуп өскөн Дангара кыштагы Хатлон облусунун борборуна айланышы мүмкүн. Бул сөздөрдү өкмөттүн расмий өкүлдөрү ырасташты.

Уланбек 30 жашка чыкмак...

Azattyk.org 

Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүү болгондо 12-февралда 30 жашка чыкмак. Бишкекте жаштар журналисттин туулган күнүн утурлай эскерүү кечесин өткөрүштү.

Украина: полиция офицери «Азаттыктын» кабарчысынын машинесин өрттөгөн деп шек саналууда

Azattyk.org 

Башкы прокуратура «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматынын кабарчысы Галина Терещуктун автоунаасын өрттөөгө буйрутма берген деген негизде полициянын майорун сырттан айыптап, ага издөө жарыялады. Львов облусунун прокурору Ирина Диденко бул ишке катышы бар адам катары 43 жаштагы офицер шек саналып жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, офицер журналисттин машинесин өрттөөгө буйрутма берип, аны аткарган кишиге акча төлөп берген.  Мурдараак полиция бул ишке шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон  48 жаштагы жаранды кармаган. Читать дальше...

АКШда мыйзамсыз мунай сатуу үчүн шектүү 5 киши камалды

Azattyk.org 

Алар Ирандын санкцияланган мунайын Кытайдагы мунай иштетүүчү заводго сатууну көздөшкөн деп шек саналууда. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, алардын төртөө Техаста, бирөө Нью-Йоркто туруп, 2019-жылдын июль айынан быйылкы февралга чейин мунайды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жүрүшкөн.  Николас Хован (33 жашта), Жеймс Фукс (26 жашта), Роберт Туэйтс (30 жашта) жана Даниэл Рэй Лейн (38 жашта) ич ара сүйлөшүү менен Филаделфия жана башка жерлерден мунай сатып алып, аны 39 жаштагы Женю Ван деген жаранга сатып жүрүшкөн. Читать дальше...

Ашхабаддан каттоосу жок жарандар чыгарылууда

Azattyk.org 

Ашхабадда аймактардан келип иштеп жаткан катттоосу жок жарандар шаардан чыгарылууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, өткөн жумада бийлик өкүлдөрү шаардагы мамлекеттик мекемелерди кыдырып, Ашхабадда каттоосу жок кызматкерлерди жумуштан кетирүүнү талап кылышкан. «Дүйшөмбү күнү бир нече мекеме аймактардан келип иштеп жаткан кызматкерлерин жумуштан кетирди», - деп билдирди радионун кабарчысы. Түркмөнстанда аймактардан келген каттоосу жок жарандарды Ашхабаддан чыгаруу системага айланган. Читать дальше...

Назарбаев Кордайдагы окуя боюнча пикирин билдирди

Azattyk.org 

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 11-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кордойдогу окуя боюнча алгачкы жолу пикирин билдирди. «Болуп өткөн окуя менин тынчымды алууда. 30 жыл аралыгында биз оор күндөрдү баштан өткөрдүк. Казакстанда 130 ишкана жабылып, 2,5 миллион адам жумушсуз калган. Азык-түлүк тартыш болуп, үйлөргө жылуулук берилбей калган. Бул кыйынчылыктардын баарын бирге жеңдик. Ал кезде биздин көп улуттуу калкыбыз биригип, туруктуулукту камсыз кылбаганда, бүгүн биздин өлкөгө чет өлкөлүк инвесторлор келмек эмес. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

«Торпедо» объявило об уходе хоккеистов Кручинина, Бауи и Малова


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

WTA предвкушает дуэль Елена Рыбакина — Юлия Путинцева на турнире в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга





Путин в России и мире
Москва

«Ану-ка, девушки!»: какой была легендарная передача, которая вернется на ТВ


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

«Набей им морду, покажи им, что ты настоящий белорус». Лукашенко о поездке спортсменов на Олимпиаду




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певица

Певица из Челябинска разбила телефоны своих фанатов в Москве



Москва

Актриса Марина Федункив опубликовала видео и удивила поклонников внешним видом

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net