Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

"Оогандагы таарыныч, өчөшүүнүн азабын тарткан эл"

0

Молдо Сабыр Досбол уулу - ар тараптуу сабаты бар дин аалымдарынын бири. Көптөгөн диний, илимий, адабий китептерди, окуу куралдарын араб, фарсы жана өзбек тилдеринен оодарып чыгарган таанымал котормочу. Бишкектеги Расул Акрам ислам институтун 2000-жылдан бери жетектеп келаткан аалым менен ислам дининин өзгөчөлүктөрү, Ооганстанда болуп жаткан окуялар тууралуу баарлаштык.

- Ооганстанда талибдердин кайрадан бийликке келиши, алардын жамаат катары пайда болушунун себептери жөнүндө айтып берcеңиз?

- Талибдер жамаатынын пайда болушуна бир нече жыл илгери коммунисттердин Ооганстанга кирип келиши себеп болгон. Бийликке келген азыркы талибдердин аталары коммунисттерге каршы жүргүзүлгөн ошол күрөштө курман болгон. Ошондо атасыз калган жүз миӊдеген жаш балдарды сыртка чыгаруу үчүн Пакистан менен сүйлөшүү жүрөт. Пакистан ал балдарды кабыл алып, көптөгөн медреселерине жайгаштырып окуткан. Он жылга созулган күрөштө коммунисттер жеңилип, Ооганстандан чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Бийликке келген азыркы талибдер ошол он жылдын ичинде Пакистанда билим алып жетилген. Коммунисттер өлкөдөн чыгарылгандан кийин ооган лидерлери Бурханиддин Раббани менен Ахмадшах Масуд ич ара тирешип, эки жылга чейин бир пикирге келе алышкан эмес. Бейкүнөө ооган эли ортодогу ошол таарынычтын, ошол өчөштүктүн кесепетинен сыздап турган чагы азыр.

-Талибдердин жүргүзүп жаткан саясаты ислам мыйзамдарына туура келеби?

- Булар жөнөкөй эле бир жамаат же тайпа. Багыты кандай экенин ачык айтпаган менен, "динибиз ханафийлик, матурудийлик" деп жарыялашат элге. Бирок кылган иштери ханафийлик да эмес, матурудийлик да эмес. Айткандары, жасаган иштери биздин мазхабга туура келбейт.

Ислам кеңейип, дүйнө исламчылыкка багыт алганда, анын душмандары да ичине кирип алган. Өз ара карама-каршылыктар көбөйө бергенинен улам ислам 73 топко бөлүнүп кеткен. Алардын ар биринин өзүнчө көз карашы, пикири бар. Такыба уламалар ошол 73 топтун кимиси туура, кимиси туура эмес экенине баш катырышкан. Натыйжада, акыйдада [ишеним илимине] матурудийлик, ашарийлик, ал эми фикхде [укук илимине]​ ханафийлик, ханбалилик, маликийлик жана шаафийлик мазхабдарын туура деп табышкан. Калганы ойдон чыгарып шарият жасай берген топтор.

Талибдердин азыркы иштери дал ошондой болуп жатат. Өз кызыкчылыктарына туура келгенди "шариятта ушундай көрсөтүлгөн" деп элге таңуулайт. Бирок эл муну кабыл албайт, анткени ооган эли эбактан бери [акыйдада] матурудийлик, [фикхде] ханафийлик мазхабдарында жашап келген. Талибдер азыр бийликти алдык деген менен, каршылык баары бир боло берет.

Алар элди XV-XVI кылымдардагы эрежелерге алып баргысы келип жатпайбы. Эл буга каршы. Талибдердин артында бир чоң күч турбаганда, алар мынчалык кутурбайт болчу. Чоң күч – бизде баягы эле ири державалар. Ошол державалар башын киргизсе болду, Ооганстан чаңы асманга сапырылып тура берет. Ал эми бечара эл сыздай берет.

- Дүйнөнү буга чейин Сириядагы окуялар кабатыр кылса, эми Ооганстандагы башаламандыктар тынчыбызды ала баштады. Талибдердин тополоңу Орто Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде биздин Кыргызстанга да таасир этиши мүмкүнбү?

- Таасири тийиши мүмкүн. Себеби, арабызда талибдерге ыктаган, ошолорду мактап-жактаган диний жамааттар жок деп айта албайбыз эч качан. Булар азыр азын-оолак баш көтөрүп калды. Ар кайсы жерде шыбыраган сөздөр. Эгер Ооганстанга чектеш мамлекеттер буга астейдил көңүл бурбаса, анда чек арада тутанган от бизге чейин жетип келиши мүмкүн. Орто Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде биздин Кыргызстанда деле талибдердин Пакистанда окуп келген тарапташ адамдары бар.

Алардын ал жакта достору, курсташтары, пикирлештери жок деп эч ким айта албайт. Ошолор азыр согушуп жүргөн болуш керек Ооганстанда. Демек, коркунуч жок эмес, бар. Окуяларга кыраакылык менен назар салып турбасак болбойт.

- Исламда аялдарды кордоого жол берилбейт деп айтылып келет. Мухаммад пайгамбардын: "Бейиш энелердин таман астында", "Энеңе жакшылык кыл, энеңе жакшылык кыл, энеңе жакшылык кыл, андан кийин атаңа жакшылык кыл" деген хадистери бар. Ооганстанда аялдарга карата кандай мамиле жасала турганын угуп жатсаңыз керек. Аялдар жакын адамысыз көчөгө чыкпасын деген сыяктуу катаал эрежелер киргизилет дешүүдө. Бул ислам дининин эрежелерине, пайгамбарыбыздын осуяттарына туура келеби?

-Биздин карманган мазхабыбыз – ханафий. Алардын жасап жаткан иштери биздин аялдарга тиешелүү эрежелерге дал келбейт. Аялдардын укугун тебелеп кордогону шариятка жатпайт. Аял - ошол коомду, ошол мусулманды дүйнөгө алып келип өстүргөн эне. Энени кордоо исламда жок нерсе.

- Мухаммад пайгамбардын дагы бир хадисинде "Кимде ким менин атымдан жалган хадис чыгарып таратса, тозоктун каалаган жеринен өзүнө жай тандай берсин" деп айтылган. Андай болсо, жаңы эрежелерди ойлоп чыгара берүү деле ошондой күнөө деп эсептелеби?

- Ислам өзүнүн хадисине, тафсирине [Курандын аяттарын чечмелөө илимине] жана фикхине [укук илимине] ээ. Жогоруда айтылган 73 тайпанын ар биринин өзүнчө мужтахиддери, жол башчылары бар. Тайпанын тарапташтары ошолорду ээрчийт. Айткан сөздөрүн колдошот. Кыскасы, агымдарга, кыймылдарга, тайпаларга бөлүнүп кеткен исламды бир алкакка, бир нукка салуу өтө кыйын. Анткени исламда сөз эркиндиги, ой пикир эркиндиги бар. Ошол себептен "Сен туура эмес айтып жатасыӊ, оозуңду жап" деп эч ким айта албайт.

Албетте, бизде деле молдолор көп маселени туура эмес айтышат. Бирок илимдүүлөр туурасын сунуш кылат, ал эми эл каалаганын ээрчип кете берет.

Дүйнөдө мусулмандар жашаган өлкөлөр көп. "Куран бир болсо, пайгамбар бир болсо, кыбылабыз бир болсо, келгиле баарыбыз бир боло калбайлыбы" деген сөздөр айтылып келет. Буга мажбурлоо диктатура болуп калат. Исламда эркиндик да, эрк да бар. Алла Таала адамды жаратып, ага жакшы жолду да, жаман жолду да көрсөтүп койду, өз эрки менен жолун тандасын деген.

Аңгемелешкен Мирзохалим КАРИМОВ

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин: Москва взяла Гран-при премии «Умный город» за цифровизацию горхозяйства


Спорт в России и мире
Москва

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Даниил Медведев

Медведев рассказал, что у него не получилось в первом сете матча с Арнальди в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Прокуратура Москвы: тело мужчины нашли в лесопарке в Сокольниках





Путин в России и мире
Москва

Поведение Путина вызвало резонанс, потерянные в 90–е заводы возвращаются РФ


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Дух разделения в Святой Руси, или Можно ли лишиться сана за отпевание Навального*



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Александр Градский

"Мерседесы" и "Линкольн" Градского через суд уберут с парковки "Градский холла"



Москва

Минобороны РФ показало кадры ночной поисков-спасательной работы вертолетов Ми-8

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net