Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Инженер-программист жумушсуз калбайт

0
Инженер-программист жумушсуз калбайт

Программист болсом жумушу жок калбаймынбы? Атаандаштык чоң эмеспи? Баары эле программист болуп кетсе эмне болот? IT багыттарынын келечеги кандай? Ушул сыяктуу суроолор көп келгендиктен, атайын изилдөө жасадым. Бул суроолорго статистикаларга таянып жооп берүүнү чечтим. Макаладагы статистикалар Intel компаниясынын акыркы изилдөөсүнөн алынды.

IT - маалымат технологиялары деген жалпы түшүнүктү билдирет. Буга маалымат технологияларына байланыштуу көп кесиптер кирет. Макалада ошол IT багыттарынын ичинен эң популярдуусу - инженер-программист жөнүндө сөз кылабыз.

2017-жылы АКШда 500,000ден ашуун жумуш орундары болгон. Бирок компьютердик илим (Computer Science) багытынын бүтүрүүчүлөрүнүн саны болгону 50,000ге чукулдаган.

Инженер-программист

Окшош IT кызматтары: Software Developer, Computer Programmer, Development Engineer ж.б.

Азыр дүйнө жүзүндө 24 миллион программист бар. АКШда 4,5 миллион инженер-программист эмгектенет. АКШда алардын 88% пайызын мырзалар түзөт.

Америкалык компаниялар жылына 1,5 миллион инженер-программист издөөдө. Бул кесиптин өсүү темпи 21% пайыз деп божомолдонгон.

Блокчейн-инженерлерге болгон суроо-талап жылына 517% пайызга өсүүдө. Инженер-программист 90% пайызы жумушсуз калбайт.

Программисттери эң көп өлкөлөр:

АКШ - 4,5 миллион инженер-программист.

Индия - 3,5 миллион инженер-программист. Алдын ала божомолдор боюнча Индия 2024-жылга чейин программисттердин саны боюнча АКШдан өтүп биринчи орунду ээлеши мүмкүн. Болжол менен Индия 5,2 миллион программист жашаган өлкөгө айланат.

Кытайдын чоң IT компанияларында 7 миллион (бир нече IT багыттарын кошкондо) адистер иштейт деген маалымат бар. Бирок алардын арасында канча инженер-программист бар экени жөнүндө так маалымат жок. 2023-жылга чейин Кытайдын IT индустриясы же программистердин саны 6-8% өсөөрү белгилүү. Бул көрсөткүч башка өлкөлөргө салыштырмалуу алда канча жогору саналат.

Германия - 1 миллион инженер-программист эмгектенет.

Ал эми Европанын бир катар өлкөлөрүндө дүйнөлүк чоң компаниялардын офистери жайгашкан. Бул тизмеге илинбеген, бирок сапаттуу IT кызматтары менен дүйнөгө таанымал өлкөлөр көп. Мисалы, Улуу Британияда 900,000, Францияда 500,000, Орусияда 400,000ге жакын программисттер жашап, эмгектенет.

АКШ программисттеринин демографиясы

Программисттердин 88% пайызын мырзалар түзсө, 12% пайызын айымдар түзөт. Булардын 24% Түштүк азиялыктар, 12% - Чыгыш Азия, 6% - Латын Америка, 5% - афро-америкалыктар, 3% -арабдар жана 9% жана башкалар түзөт.

Эгерде программалоо бул жаштардын кесиби деп ойлоп жатсаңыз, анда жаңылышасыз. АКШдагы программистерден басымдуу бөлүгүнүн орточо курагы 43-45 жаш. Программистердин 71% үй-бүлөлүү.

АКШдагы программист жумуш орундарынын статистикасы

Инженер-программист кесибинин өсүү темпи 21% деп болжонгон. Ушул багыт боюнча жасалган изилдөөнүн жыйынтыгына таянсак, 2018-2028-жылдар аралыгында инженер-программист багытынын өсүү темпи 21% түзөт. Бул көрсөткүч башка индустрияларга караганда алда канча бат болуп эсептелет.

АКШда 2021-жылы 1,5 миллион инженер-программистке (ачык орундар) жумуш бар. Мындайча айтканда, 2021-жылда эле компаниялар 1,5 миллион программистке муктаж. Бул таңкыстык жыл санап өсө бермекчи.

Инженер-программисттердин дээрлик 78% пайызы айлыкты көп сунуштаган компанияларга өтүп кетишет. Программисттер үчүн 1-2 жылда жумуш компания алмаштырган кадимки көрүнүш десем болот.

Бирок арасында бир компанияда узак мөөнөткө иштегендерда жок эмес, мындайлардын саны аз. Компания алмаштыруу айлык эле эмес, тажырыйбаны кеңейтүү менен да байланыштуу. Андан сырткары бонус, өзүн-өзү өнүктүрүү, офистин алыстыгы, команданын мамилеси сыяктуу бир нече факторлор бар.

АКШда программисттерге таңкыстык чоң болгондуктанбы, айтор программисттердин жумушка кирүү рейтинги башка кесиптерге салыштырмалуу жогору. Бирок бул жумушка кирүү жеңил дегенди билдирбейт. Чоң аракет жана көп мээнетти талап кылат.

Программисттери көп штаттар

Калифорнияда 650,000 программист жашап эмгектенет. Бул штаттагы Силикон өрөөнү АКШдагы эң атактуу IT hub (IT борбор) болуп эсептелет.

Техас штатында 330,00 программист эмгектенет,

Виржиния штатында 205,000 программист иштейт.

Программисттери көп шаарлар

Сан-Хосе (San Jose) - Силикон өрөөнү жайгашкан жана инженер-программисттер үчүн бейиш болуп эсептелет. Бул шаардан көптөгөн IT стартаптар жана IT дүйнөсүндө көп белгилүү адамдар чыккан. Бул өрөөндө иштөөнү кыялданбаган программист болбосо керек. Сан-Хосе шаарында IT индустриясынын өсүү темпи 80% түзөт.

Сиэтл (Seattle) - Amazon, Microsoft, Salesforce, Boeing, Expedia Group, T-Mobile сыяктуу алп компаниялар жайгашкан шаар. IT индустриясынын өсүү темпи 47,7% түзөт.

Андан сырткары инженер-программисттердин көзүн арттырган бир катар шаарлар бар. Алар Чикаго, Даллас, Нью-Йорк, Гонолулу, Лос-Анжелес, Маями жана башкалар, тизме улана берет.

Программисттерге суроо-талап

Учурда АКШда ар бир программистке беш жумуш орду туура келет. Таңкыстыкты американын билим берүү мекемелери (колледж, ЖОЖ) жаба албайт. АКШда программисттерге болгон суроо-талаптын жайлашынан кабар жок. Ошол себептен аларды башка өлкөлөрдөн алып келүүгө аракет кылышат. Азыр аралыктан иштеген аутсорсинг келишимдери өсүп жаткан учур.

Баса, блокчейн-инженерлерине болгон суроо-талап жылына 520% пайызга өсүп жатат. Блокчейн платформанын айланасында түзүлгөн стартаптардын саны өскөн сайын инженерлердин таңкыстыгы өсүүдө. Суроо-талап чоң болуп жаткан багыттардын айлык-маяналары эң жакшы болушу баарыбызга маалым.

Мисалы, 2017-жылы АКШда 500,000 инженер-программист керек болгон. Ал эми компьютердик илим багытын бүткөн студенттердин саны болгону 50,000ди түзгөн. Эгерде АКШ башка өлкөлөрдөн программисттерди чакырбай эле таңкыстыкты жоёбуз десе, азыркы темп менен бир жылдын таңкыстыгын жабыш үчүн эле бир нече жыл керектелет.

Компаниялар ачык орунга бир программистти жумушка алыш үчүн орточо эсеп менен 35 күн талап кылынат. Жумушка алуу жараяны бир айдан ашык болгону дагы таңкыстыкты күчөтөт десем болот.

Дүйнөдөгү таңкыстыктын кыргызстандык программисттерге пайдасы

IT адистери үчүн АКШга келүү жеңилдейт жана программалар көбөйөт.

Кыргызстанда туруп аралыктан американын компанияларында иштегенге мүмкүнчүлүктөр кеңейет.

Кыргызстандан IT компаниялардын Америкага аутсорсинг кылуу мүмкүнчүлүгү өсөт.

Кыргызстанда ири компаниялар кеңселерин ачып, кыргыз программисттерди жумушка алууга кызыкдар болот

Кыргызстанды башка өлкөлөр программисттердин мекени катары таанып баштайт жана көп багыттуу долбоорлорго жол ачат.

Ушундай суроо-талап чоң болуп жаткан IT багыттарын ар бир адам үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин айткым келет. Башкысы каалоо жана аракет болсо, жынысыңызга, улутуңузга, жашыңызга карабай IT дүйнөсүнө аралашып, ийгилик жарата аласыз.

Демек, Кыргызстандын бардык интернет жеткен аймактарындагы, айылдагы окуучулар да дүйнөлүк деңгээлдеги программист болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин айткым келет. Андыктан келечектин кесиптерине окуп, IT дүйнөсүндө революция жасоо мүмкүнчүлүгү сиздин колуңузда. Өзүңөр көрүп-билип жүргөн көптөгөн социалдык көйгөйлөрдү IT технологиянын жардамы менен чечсе болот.

Андыктан өзүңүздү чектебеңиз, IT дүйнөсүндө өзүңүздү сынап көрүңүз. Балким, сиз ойлоп тапкан идея/тиркеме көптөгөн замандаштарыңыздын жашоосун жакшы жакка өзгөртөт. Ошондо жөнөкөй программист эле болбостон, стартап баштап, компания негиздеп, CEO сыяктуу жогорку кызматтарга жете аласыз.

Айдана Өмүрбаева

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин и Белозеров запустили на линии МЦД поезд нового поколения «Иволга 4.0»


Спорт в России и мире
Москва

Новинка от Edifier: беспроводные наушники Comfo Run для занятий спортом


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Полина Михайлова

Россиянка Полина Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Воспитанник Московского дворца пионеров стал лауреатом конкурса «Эксперимент в космосе. Космос для всех»





Путин в России и мире
Москва

Участников СВО обучат для работы в органах власти


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

В Минске одобрен проект соглашения о системе таможенного транзита ЕАЭС




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Валерий Гергиев

Алексей Дюмин поздравил с днем рождения Валерия Гергиева



Москва

Мощная магнитная буря может создать северное сияние над Москвой

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net