Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Атакама чөлүндөгү "ажыдаардын" калдыгы

0
Атакама чөлүндөгү

Акыркы аптада илим дүйнөсү табылгаларга бай болду. Чилиде 160 миллион жыл мурда жашаган "учуучу ажыдаардын" калдыктары, Германиянын Любек шаарында согуш убагында бомба түшкөн үйдүн астында калган жаңгак торту табылды. Түркияда байыркы мозаика изилденүүдө.

Учуучу ажыдаардын калдыктар

Чилидеги Атакама чөлүнөн “учуучу ажыдаардын”, тактап айтканда, юр дооруна (мезозой эрасынын экинчи доору) таандык птерозаврдын (архозаврлар же байыркы кескелдириктердин түркүмү) калдыктары табылды.

Буга чейин ал Жердин түндүк жарым шарын гана байырлап келгени белгилүү болчу. Түштүк Америкадагы бул ачылыш тууралуу толук маалымат Acta Palaeontologica Polonica журналына жарыяланды.

Жырткычтын калдыктарын Атакама чөлүнүн тарыхы жана маданияты улуттук музейинин директору Освальдо Рохас тапкан. Табылганы Чили университетинин окумуштуулары изилдөөгө алышкан. Учуучу жандык птерозаврлардын тобуна кирип, мындан 160 миллион жыл мурда жашаган. Учтуу узун куйругу, канаттары жана сыртка карай өскөн курч тиштери болгон.

Юр дооруна таандык мындай жандыктын алгачкы ирет Жердин түштүк жарым шарында табылып жатканы да дагы кызыктуу жагдай болуп калды. Изилдөөнү жетектеген Чили университетинин окумуштуусу Жонатан Аларкон “Ачылыш бул топтогу жаныбарлардын жайылышы буга чейин белгилүү болгондон да кеңири экендигин көрсөтөт. Ушул эле топтогу птерозаврлар Кубада да бар. Демек, алар Түндүк жана Түштүк жарым шарлардын ортосунда учуп же кайсы бир мезгилде келип, ошол бойдон байыр алып калышы мүмкүн”, – дейт.

Булак: reuters.com

(Шилтеме: https://www.reuters.com/lifestyle/science/flying-dragon-dinosaur-roamed-southern-skies-too-scientists-say-2021-09-10/)

Бомба түшкөн шаардагы торт

Германиянын Любек шаарында Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы жардырууда бузулбай калган торт табылды. Немис археологдорунун колуна тийген жаңгактан жасалган торт 1942-жылы британиялыктар Любек шаарын бомбалаган күнү жасалган.

Ал бомбалоодо 320 киши каза таап, шаардын 15 миң тургуну үй-жайынан ажыраган. Бирок жаңгактан жасалган торт сынык идиштер жана пластинка менен кошо үйдүн жер төлөсүндө сакталып калган. Десерт жергиликтүү соодагер Иоганн Хитценин (Johann Hitze) үйүндө Пальма жекшембисинин урматына жасалганы маалым болду.

Любектеги археологдордун тобунун жетекчиси Лиза Ренндин (Lisa Renn) айтымында, торт күйүп, ышталып калган. Жардыруу учурундагы жогорку температурадан улам көлөмү да кичирейип кеткен. Ошентсе да ал сакталып калган. Атүгүл, кооздук үчүн коюлган розалары да ошол бойдон сакталган. Бул жана башка табылган буюмдар каргашалуу ошол күндүн картинасын чогултууга көмөкчү болду. Эми жаңгак торт атайын анализден өтүп, келечекте да бузулбай тургандай кароодон өткөн соң музей экспонатына айланмакчы.

Булак: dw.com

(Шилтеме: https://www.dw.com/ru/v-ljubeke-nashli-tort-ucelevshij-vo-vremja-bombardirovki/a-59141401?maca=rus-facebook-dw&fbclid=IwAR2NQmNZib0UzKVXAQm6vSfhKqOrEA_61oBmJ69QZIiItC_CAN4kCP4VKVM)

Түркиянын байыркы мозаикасы

Түркиянын археологдору Ушаклы коргонундагы казуу иштери учурунда мындан 3500 жыл мурдагы мозаиканы таап алышты. Жакын арада бул табылга дүйнөдөгү эң байыркы мозаика катары расмий таанылышы мүмкүн. Бул жөнүндө Daily Sabah басылмасы билдирди.

Ушаклы коргону Йозгат провинциясынын Соргун районунда жайгашкан. Бул жердеги алгачкы археологиялык чалгындоо иштери 2008-жылы жасалып, 2012-жылы казуу иштери башталган. Аны Түркиянын маданий мурастардын жана музейлердин Башкы башкармалыгы, Бозок университети жана Италиядагы Пизан университети биргеликте өткөрүүдө.

Узак убакытка созулган казуу иштери эми гана натыйжа берип жатат. Табылган мозаиканын узуну жети, туурасы үч метр келип, 3147 таштан турат. Айрым окумуштуулар анын курагы 3500 жылдан да көп болушу мүмкүн деп божомолдошот. Маданият жана туризм боюнча аймактык департаменттин директору  Хусейн Чифтчи “Бул дүйнө тарыхындагы алгачкы мозаика” десе, Пизан университетинен тандалган казуу иштеринин жетекчиси Анаклето Д'Агостино “Мындай мозаикалар Грецияда бар экени белгилүү. Бирок бул мозаика алардан мурда жасалган”, – дейт.

Булак: dailysabah.com

(Шилтеме: https://www.dailysabah.com/arts/excavators-find-3500-year-old-mosaic-in-central-turkey/news)






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин: В Москве выполнена модернизация уже 10 газопроводов-дюкеров


Спорт в России и мире
Москва

Полина Гагарина: «Нет, я не ухожу на пенсию»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Потапова и Павлюченкова вышли в полуфинал турнира WTA в Мадриде в парном разряде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Изменение климата обойдется человечеству в 35 трлн долларов в год





Путин в России и мире
Москва

Что действительно говорил В. Путин о Нагорном Карабахе?


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Тимати

Тимати показал повзрослевшего сына от модели Анастасии Решетовой



Москва

Подмосковный Комлесхоз дал прогноз по пожарной обстановке в лесах

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net