Садыр Жапаров "Өзгөн -Мунара -2021" фестивалына катышат
Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон эки күндүк иш сапары аяктап, Ошко кайтып келгенин президенттик аппарат маалымдады.
Ага ылайык, президент Жапаров Өзгөн шаарында өтүп жаткан "Өзгөн-Мунара-2021" этнофольклордук фестивалына катышат. Фестивал саат 20:35те башталып, мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз ободо берилет.
Президент Садыр Жапаров 16-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышты. (ZKo)