Футбол: Кыргызстан Бангладешти 4-1 эсеби менен утту
Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн беттеште Кыргызстандын улуттук курама командасы Бангладешти 4-1 эсеби менен утту.
Оюнду президент Садыр Жапаров дагы келип көрдү. Бишкекте "Үч улуттун кубогу" мелдеши өтүп жатат. Буга чейин кыргыз курамасы 2-сентябрда Палестина курамасын 1:0 эсебинде жеңип алган.
Эл аралык футбол мелдеши 2-сентябрда башталды. Ага Бангладештин, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча улуттук командалары катышууда.
5-сентябрда Палестина менен Бангладеш курама командалары беттешип, 2:0 эсебинде Палестина курамасы жеңишке жеткен.
9-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) Бангладеш менен ойнойт.