Орусияда миграциялык текшерүү күчүнө кирет
Москвадагы кыргыз элчилиги Орусияда иштеген кыргызстандыктарды 15-мартка чейин миграциялык документтерди иреттөөгө чакырды. Орусияда чет өлкөлүк мигранттарга коюла турган талаптар, миграциялык текшерүү кайра күчүнө киргени турат. «Паспортумдун мөөнөтү бүтүп калган. Кыргызстанга бара албагандыктан, элчиликтен алмаштырып алдым. Эми жаңы паспорт менен ИИМдин миграция бөлүмүндө миграциялык картаны жаңыртып алайын деп турам. Миграциялык каттоого да кайрадан турушум керек. Эмгек келишими бар», - дейт Москвада иштеген Майрам. Читать дальше...