Футзалчы Адилет Иманбеков Россиядагы биринчи оюнунда эле гол киргизди. Видео
Кыргызстандык спортчу "Спартак" клубунда, жаңы командасында 17-катар саны менен чыгат. Ал буга чейин да Россиянын Санкт-Петербург аймагынын Супер лигасында ойноп келген.
Кыргызстандык спортчу "Спартак" клубунда, жаңы командасында 17-катар саны менен чыгат. Ал буга чейин да Россиянын Санкт-Петербург аймагынын Супер лигасында ойноп келген.
2013-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы Баткен районунун Чарбак айылында чыр чыгып, отуздан ашык адам барымтага алынып, кыйла ызы-чуу болгон. Айылга Өзбекстандын Ушар айылы аркылуу өтүп турган суу да, жол да ошол окуядан кийин жабылган. Ичүүчү суу жана жол Өзбекстанды айланып жеткирилгени менен жашоо кунары учуп, бир тобу башка аймактарга көчүп кетүүдө.
31-январда Венгриянын баш калаасы Будапештте жүздөгөн адамдар коронавирус чектөөлөрүнө каршы нааразылык акциясына чыгышты. Венгрияда вирустун жайылышын ооздуктоо максатында адамдарга топтолууга тыюу салынган. Өкмөттүн чектөөлөрүнө карабай өлкөдө 100дөй ресторан 1-февралдан баштап ишин жандантууну көздөп жатат. Соңку чектөөлөргө ылайык, Венгрияда түнкүсүн коменданттык саат киргизилет, мектептер, тамактануучу жайлардын баары жабык. Өкмөт башчы Виктор Орбандын өкмөтү чаралар коронавируска чалдыккандар азайганда гана жумшартыларын билдирди. Читать дальше...
Ооган өкмөтүнүн Катардагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып жаткан өкүлү Расул Талиб 31-январда талибдер сүйлөшүүгө кайтпаса, Кабул өз өкүлдөрүн чакыртып алышы мүмкүн экенин эскертти. «Талибан» кыймылы азырынча буга комментарий бере элек. Топтун өкүлдөрү жакында эле Орусия менен Иранда болуп кайтышкан. Былтыр жыл башында АКШ менен «Талибан» кыймылы тынчтык келишимине кол коюшкан. Андан кийин Ооганстандагы 20 жылдан бери уланып келаткан согушка чекит коюу максатында Кабул менен талибдердин ортосунда ички сүйлөшүүлөр башталмак. Читать дальше...
Кытайдын бийликтеринин айтымында, өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Фуцзян вилайетинде үчүнчү муундагы өзөктүк реакторлор 30-январдан тартып соода-сатыктык багытта иштей баштады жана алардын өнүмү онлайн сатылууда. Бул аймактын Фуциң шаарындагы жергиликтүү адистер өндүргөн үчүнчү муундагы өзөктүк реактор коопсуз, натыйжалуу, узак мөөнөткө иштейт жана отунду сарамжалдуулук менен коротууга жөндөмдүү деп бааланууда. Өлкөдөгү “Hualong One” (“Кытай ажыдаары – 1”) өзөктүк реактор түрүнүн электр өнүмүн интернетте онлайн сатууну ишке киргизүү менен бирге... Читать дальше...
Профессор, филология илимдеринин доктору, Манас изилдөөчү Раимжан Эгембердиев көз жумду. Раимжан Эгембердиев 1940-жылы 21-январда Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында төрөлгөн. Токмоктогу республикалык маданий агартуу окуу жайын (1961-жылы), Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүткөн (1970-жылы). Эгембердиев Кыргыз радиосунда, "Кыргызстан" басмасында редактор болуп иштеген. 1975-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде улук окутуучу болуп иштеген. Читать дальше...
Коронавирустун пайда болушунун себебин иликтеген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттери 31-январда Ухань шаарындагы жан-жаныбарларды саткан базарга барышты. Айрым версиялар боюнча алгач коронавирус дал ошол базардан чыккан. Соода жайы былтыр жабылган бойдон ачыла элек. Эксперттер күчөтүлгөн кайтаруу шартында барып, бир саат анын тегерек-четин кыдырышты. Ухань шаарына барган көз каранды эмес эксперттер жакынкы күндөрү лабораторияларды жана ооруканаларды кыдырып чыгууну көздөп жатышат. Читать дальше...
Бир жыл мурда Ооганстанда уурдалган америкалык инженер Марк Фрехеристин туугандары Байденге кайрылышты. Алар Марк бошотулмайынча, Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгарбай турууну 31-январда талап кылышты. АКШнын расмий органдары Фрерихс «Талибан» кыймылына байланышы бар «Хаккани» түйүнүнүн туткунунда деп эсептешет. Талибдер бул боюнча ачык үн катыша элек. Инженердин эжеси Шарлин Чакора Марк дагы эле тирүү деп үмүттөнүшөрүн "Associated Press" агенттигине айткан. Байдендин администрациясы... Читать дальше...
31-январда Пакистандын аскердик учагы Кытайга коронавируска каршы вакцинанын алгачкы партиясын - 500 миң доза алып келүү үчүн жөнөп кетти. Кийинки аптада Пакистанда жапырт эмдөө башталары күтүлүүдө. Алгач каттоодон өткөн 400 миңдей медкызматкерге сайылат. Ишембинин кечинде расмий Исламабад «Астразенека» британ-швед компаниясынан 17 миллион доза вакцина аларын кошумчалады. Өкмөт билдиргендей, аталган компаниянын вакцинасын алып келүү COVAX эл аралык альянсы аркылуу ишке ашырылып, алгачкы партиясы февралда түшөт. Читать дальше...
Өкмөт Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну болушу мүмкүн экенин эскертти. Ал үчүн даярдыктар көрүлүп жатканы маалымдалды. Бирок Кыргызстанда бул илдетке каршы вакцина алуу маселеси чечиле элек. 30-январда өкмөттө COVID-19 илдети боюнча илимий-консультативдик кеңештин мүчөлөрү менен жыйын өттү. Анда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева адистер менен илдеттин "үчүнчү толкунуна" даярдыктарды талкуулады. «Саламаттык сактоо уюмдарынын коронавирус инфекциясынын ыктымалдуу... Читать дальше...
"Сухаревская", "Чистые Пруды" жана "Красные Ворота" станцияларынын чыга беришинде полиция адамдарды күч колдонуп кармап кетүүдө. Кармалгандардын арасында өз иши менен кетип бараткандар да бар.
Бишкек убактысы менен саат 16:30га карата миңден ашык адам кармалды.
Быйыл мелдешке жалпысынан 315 спортчу катышкан. Жеңил салмактын ар биринде кеминде 40тан балбан күч сынашкан.
Камактагы оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапташтары акция өтчү жердин дарегин алмаштырды. Буга шаар бийлигинин борбордук кварталдарды жаап, метролорду токтотуп, Лубянская аянтына барчу жолду бууп салганы себеп болду. Навальныйдын штабынын телеграм-каналы адамдарды "Сухаревская" жана "Красные ворота" метролоруна чогулууга чакырды. "Сухаревская" метросунун босогосунан полиция адамдарды кармай баштады. Чогулгандар Комсомольская метросун көздөй жөнөштү. Москвада камактагы оппозициялык саясатчыны колдоп жүздөгөн адамдар митингге чыкты. Читать дальше...
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча ачык чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдеш Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда 29-30-январь күндөрү өтүп, ага жалпысынан 300дөн ашуун балбан катышып, 10 салмак категориясында таймашышты. Таймаштардын жыйынтыгында өз салмактарында Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг.), Улукбек Жолдошбеков (61 кг.), Алибек Осмонов (65 кг.), Исламбек Орозбеков (70 кг.), Эламан Догдурбек уулу (74 кг.), Саяк Усупов (79 кг.), Нуртилек Карыпбаев (86 кг.), Дөөлөтбек Жамгырбек уулу (92 кг.)... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров инаугурациядан кийин бир катар инвесторлор менен жолугуп, алар менен өлкө боюнча авариялык абалдагы мектептерди капиталдык оңдоого колдоо көрсөтүү жөнүндө сүйлөшкөнүн билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 31-январда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мыкан айылындагы «Ынтымак-билим» жалпы билим берүү комплексинин курулушун көргөнү барып, жергиликтүү эл менен жолуккан учурда айтты. “Азыр биздин эс алууга укугубуз жок, анткени азыр ар бир күн Кыргызстан үчүн кылымга тете.... Читать дальше...
Рейдерлик кылмышка шектүү катары кармалган Ош облусунун прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаков өлкө аймагынан чыкпоо тууралуу тил кат менен камактан бошотулду. Мындай чечимди 30-январда Биринчи май райондук соту чыгарганын “Азаттыкка” анын адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады. Анын айтымында, буга чейин адвокаттар Өмүрзаковду үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылышкан. Өткөн жылы 12-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Өмүрзаков Ош облусунун аймагындагы көмүр... Читать дальше...
Камактагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акциялар Орусиянын бир нече шаарында өтүп жатат. Жергиликтүү бийлик уруксат бербеген митингдер башталбай жатып, камоолор менен коштолууда. ОВД-Инфо кармалган 150 кишинин көбү Владивостокто экенин кабарлады. Новосибирскиде миңден ашык, Иркутскиде жана Владивостокто 500дөн ашык киши чыкты. 31-январда Орусиянын көптөгөн шаарларында миңдеген кишилер убактылуу абактагы Алексей Навальныйды бошотуу талабы менен нааразылык жыйындарга чыгары күтүлүүдө. Читать дальше...
31-январда Бишкекте кезектеги "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык маршы өттү. Уюштуруучулардын социалдык тармактардагы баракчаларында кабарлангандай, акцияга жыйырмадан ашык адам катышты. Алар Темир жол вокзалынын алдына чогулуп, жүрүшүн адаттагыдай эле Ала-Тоо аянтында жыйынтыкташты. Акцияда Кыргызстанда коррупцияны жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу талаптары коюлуп, активисттер колдоруна “Садыр ава, Путин болбо”, “Конституцияны көрсөт” деп жазылган баракчаларды кармап басышты. Президенттик аппарат акциядагы талаптар боюнча комменттарий бере элек. Читать дальше...
Өзбекстанда коронавирустун жаңы штаммы (түрү) аныкталган алгачкы адам катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Министрликтин маалыматына ылайык, COVID-19дун жаңы түрү 23-январда Дубайдан үй-бүлөсү менен учуп келген 10 жаштагы кыздан табылды. Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн коронавирус аныкталбагандыктан алар үй карантинге гана алынды. Учурда кыздын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
"Financial Times" гезити 28-январда чыккан макаласын “Кыргызстандын президенти сынчыларынын “диктатура” тууралуу дооматтарын четке кагууда” деп атаган. Материал Садыр Жапаровдун кызматка расмий киришери алдында алынган маегинде негизделип жазылган. “Кеп жоопкерчиликте. Президентке көбүрөк ыйгарым менен кошо көбүрөк жоопкерчилик жүктөлүшү керек. Элибиз өлкөдөгү бардык нерселерге жооп берген бир адамдын болушу үчүн президенттик башкарууну тандады”, - деген гезиттин кабарчысына Жапаров. Макаланын... Читать дальше...
Улуттук банк 28-январда финансылык рынокко 47 миллион 700 миң долларды сатыкка чыгарды. Бул - өлкөнүн башкы банкынын 2021-жылдагы биринчи жана он айдан бери эң көп суммадагы интервенциясы болуп калды. Интервенция доллардын курсун кармап туруу үчүн жасалат. Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84,9 сомдун тегерегинде болуп жатат. Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу 84,8 сом деп турат. 2020-жылы башкы каржы көзөмөл мекемеси 518,5 млн. доллар саткан. 2016-жылдан бери туруктуу бойдон... Читать дальше...
32 жаштагы америкалык мушкердин жубайы Жоли беттеште жеңилген Макгрегордун машыгуу жайына келип, анын акыбалын сурап, ыраазычылык айткан.
Бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугунда сүрөтчүлөрдү кандай баалашат? Сүрөт дүйнөсү деген эмне? Калем менен жандуу турмушту тарта билген талант көкүрөгүндө уялаган сүрөтчү Садык Мурзаханов менен бул өнөрдүн түйшүгү, мээнети тууралуу айтып берди.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.