123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2021

Новости за 03.01.2021

Карылар үйүнүн иштен алынган директору сотто утуп алды

Azattyk.org 

Эркингүл Абдылдаева Бишкектеги Карылар жана майыптар үйүнүн директору кызматына кайта турган болду. Тиешелүү чечимди Жогорку сот чыгарганын Абдылдаеванын адвокаты Бактыбек Жумашев 3-январда билдирди. Адвокаттын айтымында, көптөн бери уланып келген талаш-тартышка Жогорку сот өткөн аптада чекит койду. Андан кийин 30-декабрда социалдык өнүгүү министри Ализа Солтонбекованын буйругу менен Эркингүл Абдылдаеванын кызматы калыбына келтирилди. Ал министрликти Улукбек Кочкоров жетектеп турганда мекемеде... Читать дальше...

Президенттик шайлоо: Аймактарга жана чет жактагы добушканаларга бюллетендер жиберилди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)  алдыдагы президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумга карата бюллетендерди аймактарга жана чет жактагы добушканаларга 2-январда жиберди. БШКнын маалыматына караганда, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларына, чет өлкөдөгү добушканаларга бюллетендерди кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына ушул күнү кол коюлду. Президенттик шайлоого карата жалпы 3 567 138 бюллетень даярдалды. Читать дальше...

БШКнын жумушчу тобу КТРКга айыппул салууну сунуш кылды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) үгүт иштери боюнча жумушчу тобу КТРКнын башкы директоруна 5 500 сомдук айыппул салуу, президенттик шайлоого талапкерлердин дебатынын үчүнчү күнүндөгү видеону "YouTube" хостингине кайра жүктөөгө милдеттендирүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу жумушчу топтун мүчөсү Семетей Аманбеков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, жумушчу топ КТРКнын видеосунун порталга жүктөлүп, кайра өчүрүлүшү боюнча маселени 2-январда талкуулап, Боршайкомго ушундай сунуш берди. 30-декабрдын... Читать дальше...



Дубайда жетекчисинин өлүмү үчүн шек саналып жаткан кыргызстандыктын соту уланууда

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Дубай шаарында жетекчисинин өлүмүнө шек саналып жаткан 21 жаштагы кыргызстандык жигиттин соту уланып жатат.  Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Дубайдагы консулу Айбек Маматбеков билдирди. Анын айтымында, келерки сот 27-январда болот. Териштирүү октябрда башталган.  Дубайдагы консулдук абактагы мигрант менен байланышып, сот жараяндарына көз салууда.  Кыргызстандык жигит катышкан окуя 2020-жылдын июнунда коронавирус пандемиясы күчөп турган мезгилде болгон. Читать дальше...

"Pfizer/BioNTech" вакцинасы Казакстанда жылдын экинчи жарымында гана колго тийет

Azattyk.org 

Казак саламаттык сактоо министри Алексей Цой "Pfizer/BioNTech" компаниялары иштеп чыккан вакцина өлкөдө быйылкы жылдын экинчи жарымында пайда болушу ыктымал деп билдирди. 3-январдагы брифингде Алексей Цой "Pfizer" компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн, бирок контракттын баасын ачыкка чыгара албастыгын белгиледи. Ал аталган дарыны Казакстанда каттоо, “өлкө ичинде коопсуздугун жана натыйжалуулугун текшерүү үчүн” тиешелүү документтерди компаниядан сурашканын кошумчалады. 1-январда Дүйнөлүк Саламаттык... Читать дальше...

COVID-19: Эмдөө менен бирге чектөө чаралары күчөтүлөт

Azattyk.org 

Жонс Хопкинс университетинин 3-январдагы маалыматына ылайык, АКШда коронавирустан көз жумган адамдардын саны 350 миңден ашты. 20 миллион америкалык вирусту жугузуп алды. Жыл этегинен бери өлкөдө эки башка вакцина менен эмдөө жүрүп жатат. Биринчи кезекте медкызматкерлер менен карылар үйлөрүндө жашагандар, ал жерлерде иштегендер эмделүүдө. Бирок вакцинация программасынын башаламан жана жай жүрүп жатканын сындагандар да бар. 2-январга карата вакцинанын биринчи дозасы болгону 4,2 миллион адамга сайылды. Читать дальше...

Беларуста 2021-жылдагы алгачкы нааразылык чаралары өтүүдө

Azattyk.org 

Беларустун Минск баш болгон бир нече шаарында 3-январда быйылкы жылкы биринчи нааразылык иш-чаралары өтүп жатат. Былтыркы август айынан бери жекшемби сайын Александр Лукашенконун президенттикке шайланышы жана коопсуздук күчтөрүнүн зомбулугуна каршы демонстрациялар тынбай келди. Чоң шаарлардын ар кайсы райондорунда бийлик иш жүзүндө тыюу салган ак-кызыл түстөгү улуттук желектерди көтөрүп чыккан демонстранттар демократияны, адилет шайлоону коргогон ураандарды чакырып жатышат. Беларустун Борбордук... Читать дальше...



«Мыйзамдуулук үчүн» жүрүшкө чыккандардын талабы

Azattyk.org 

Бишкекте жекшемби күнү «Мыйзамдуулук үчүн» деген акция уланды. Бул жолку иш-чара Кыргызстанда башкаруунун формасын аныктоо үчүн референдум жана мөөнөтүнөн мурун өтчү президенттик шайлоого бир жума калганда болду. Акцияга чыккандар буга чейин кайталап келатышкандай эле Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин билдиришип, парламентаризмди колдой турганын айтышты. Максат Жаныбеков Бишкекте ар жекшемби сайын өтүп жаткан «Мыйзамдуулук үчүн» акциясына достору менен келген. Ал өзү Германияда жашай турганын... Читать дальше...

Пакистандын түштүк-батышында хазара тегиндеги 11 кенчини жоочулар өлтүрүштү

Azattyk.org 

Пакистандын түштүк-батышындагы Балучистан вилайетинде көмүр кенинде иштеген хазара улутундагы кенчилерге белгисиз жоочулар кол салып, аларды барымтага алган соң, 11 кенчини өлтүрүп салышканын 3-январда пакистандык бийликтер маалымдашты. “Алтүндөгү чабуулдун айынан бери дегенде 11 кенчи набыт болду”, – деп жергиликтүү полициянын өкүлү Нурулла маалымдады. Жарым аскердик топтун өкүлү Муаззам Али Жатойдун айтымында, бул чабуул Кветта шаарынан 48 чакырымдай чыгышыраактагы Мач көмүр кенинде болгон. Читать дальше...

Жапыкеев: ЖЭБге Кара-Кеченин көмүрү туура келбейт

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси Сыймык Жапыкеев Бишкек Жылуулук электр борборуна Кара-Кеченин көмүрү туура келбегенин айтып, ЖЭБдин курулушун кылгандар жоопко тартылаарын билдирди. Жапыкеев бул тууралуу “Фесбуктагы” баракчасына жазды. Ал Бишкекти каптаган түтүнгө салым кошуп жаткан ЖЭБге жагылган көмүрдүн сапаты начар деп эсептейт. Бишкек Жылуулук электр борборуна жылына 1 млн. 110 тонна көмүр керектелет. Бишкек ЖЭБинин жетекчилигинин маалыматына ылайык... Читать дальше...

Индияда коронавируска каршы жергиликтүү вакцинага уруксат берилди

Azattyk.org 

Индия бийлиги сыноосу аяктай элек коронавирустун жергиликтүү вакцинасын колдонууга уруксат берди. Бул тууралуу "Hindustan Times" гезити жазды. Индиялык  Bharat Biotech дары-дармек өндүрүүчү коампаниясынын "Коваксин" дары заты организмге коронавирустун “өлгөн” фрагментин жеткирип, ага иммундук реакцияны чакырган классикалык схема менен таасир этет. Бул дары эки жолку сыноодон өтүп, өндүрүүчүлөр анын үчүнчү баскычына ыктыярчыларды тандап жатканын кабарлашкан. Саламаттык сактоо тармагындагы индиялык... Читать дальше...

“Мыйзамдуулук үчүн” деп аталган жүрүш өттү

Azattyk.org 

Кыргызстандын жарандык активисттер жекшемби сайын борбор шаарда өткөрүп келе жаткан нааразылык жүрүш 3-январда мурдагыдай эле темир жол бекетинен башталып, Эркиндик гүлбагы аркылуу өтүп, борбордук Ала-Тоо аянтында тынч аяктады.

Аба ырайы: Жолдор тайгак болот

Azattyk.org 

4-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй жергесинде түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7; Талас облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…+4; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4; Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24... Читать дальше...

"Инстаграмдагы" эң көп катталуучусу бар баракча Криштиану Роналдуга таандык

Azattyk.org 

"Инстаграм" тиркемесинде эң көп окурманы - 250 миллион катталуучусу бар эсеп италиялык футбол клубунун чабуулчусу Криштиану Роналдунуку болуп калды. 1985-жылы туулган теги португал спортчу Криштиану Роналду (Cristiano Ronaldo dos Santos Aveiro) италиялык "Ювентус" клубу жана португалиялык курама үчүн ойноп келет. Роналдунун көрсөткүчүн 382 миллион колдонуучусу бар "Инстаграмдын" өзүнүн расмий баракчасы гана басып өтөт. Белгилүү футбол жылдызынан кийин америкалык ырчы, «Грэмми» сыйлыгынын... Читать дальше...

Сурабалдиева бачабаздардын аты-жөнү жазылган маалымат базасын түзүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жашы жете электерди зордуктагандардын тек жайы, сүрөтү топтолгон маалымат базасын түзүүнү сунуштады. Сурабалдиева мындай пикирин “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. “Ушундай карта бизге да керек. Ар бир ата-эненин, жалпы эл-журтубуздун назарына чыгарбасак болбой калды. 13 жаштагы кызды бир нече эркек зордуктаганы далилденгенде, айылдаштары тескерисинче ал кыздын өзүн, ата-энесин күнөөлүү кылып салган учурга баарыбыз күбө болдук”, - деп жазды. Вице-премьер-министр... Читать дальше...

Бийлик кумары: Ырлар

Azattyk.org 

Таанымал кыргыз адабиятчысы, сынчысы Калык Ибраимов жаңы ырлар шиңгилин сунуштайт.

Бишкекте “Мыйзамдуулук үчүн” деп аталган кезектеги жүрүш болду (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандын жарандык активисттер жекшемби сайын борбор шаарда өткөрүп келе жаткан нааразылык жүрүш 3-январда мурдагыдай эле темир жол бекетинен башталып, Эркиндик гүлбагы аркылуу өтүп, борбордук "Ала-Тоо" аянтында тынч аяктады. Жүрүшкө чыккандар “Мыйзамдуу өлкө”, “Референдумга жол жок!” деп ураан чакырып барышты. Бул жарандык активисттердин мыйзамдуулукту талап кылган онунчу жүрүшү болуп калды. Ар жекшемби сайын ондогон адамдар топтолуп, Кыргызстандын бийликтеринен Баш мыйзам, референдум, президенттик шайлоо... Читать дальше...

Айылым - чакан сепилим

Azattyk.org 

Кыргыздын элеттеги чакан айылдарынын тирилиги кандайча өтүүдө? "Азаттыктын" угарманы жана окурманы Адил Какеновдун блогу өзүнүн Кош-Дөбө айылына арналган.


Музыкальные новости
Ольга Бузова

Ольга Бузова стала человеком-невидимкой на ТВ-3 в новом сезоне легендарного шоу о звёздах





Персональные новости
Зенит

«Радио Зенит» – информационный партнер форума «Мы вместе. Спорт»





Жумушчу топ БШКга Садыр Жапаровго эскертүү берүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын үгүт иштерине көз салган жумушчу топ президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Каракол шаарындагы эл менен жолугушуусундагы театрлаштырылган көрсөтмөнү үгүт эрежесин бузуу деп таап, расмий эскертүү берүүнү сунуштады. Сунуш Боршайкомдун жалпы жыйынында чечилет. Жумушчу топтун мүчөсү Семетей Аманбековдун айтымында, 2-январдагы отурумга талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин да чакырылды. Мощин Жапаровдун жолугушуусундагы театрлаштырылган көрсөтмөнү штаб эмес... Читать дальше...

Бокс: Гарсиянын атаандашы Кемпбэллди боорго уруп нокаутка түшүргөн видеосу чыкты

Sputnik Кыргызстан (sport) 

АКШлык мушкер титул үчүн беттеште Улуу Британиянын өкүлү Люк Кемпбэлл менен чыккан. Жетинчи раундда Райан Гарсия атаандашынын боор тушуна кубаттуу сокку уруп, аны нокаутка түшүргөн.

Ошто дүлөйлөр үчүн диний баяндар өткөрүлүүдө

Azattyk.org 

Ош шаарында радикалдуу диний агымдарга кирип кетпеши үчүн дүлөйлөргө жума баяндары уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынын басмы сөз кызматы маалымдады. Өткөн жума күнү шаарга жакын райондордон жалпы элүүдөн ашык адамга диний баян өткөрүлдү. Ош шаарынын «Мажүрүмтал» мечитинин имамы Медер Кадыровдун айтымында, аларга өзүнчө бөлмө бөлүнүп, котормочу аркылуу түшүндүрүлүп жатат. (TSh)

Референдумдардын таржымалы

Azattyk.org 

Кыргызстанда мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча кезектеги референдум 10-январда өтөт. Бул өлкө эгемендик алган 29 жылдагы сегизинчи жалпы элдик референдум. Мындай элдик добуш берүүлөр буга чейин кандай өткөн жана алардын сабагы кандай?

Референдум боюнча катталган үгүт тобунун саны 15ке жетти

Azattyk.org 

10-январга дайындалган референдумда Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоого карата жалпы 14 үгүт тобу катталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалымдашынча, анын ичинде президенттик башкаруу формасы үчүн “макул” деп үгүттөөчү 8, президенттик башкаруу формасына “каршы” – 1, парламенттик башкаруу формасына “макул” 3, парламенттик башкаруу формасы үчүн “каршы” деп үгүттөөчү 1 жана бардык варианттарга каршы 2 үгүт тобу бар. Үгүт топторунун мамлекеттик телеканалдардан чыгуу эфиринин графигин бул жакта. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

«Радио Зенит» – информационный партнер форума «Мы вместе. Спорт»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Российская теннисистка Калинская покинула WTA-1000 из-за проблем со здоровьем


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Олег Матвиенко принял участие в совещании Федерального агентства лесного хозяйства в Москве





Путин в России и мире
Москва

Москва готовится к ракетным ударам по аэродромам НАТО?


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

«Зеленский кричит»: польский генерал рассказал, что творится в Киеве


Навальный в России и мире
Москва

Силовики задержали за сутки пятерых журналистов, часть проходит по делу об «участии в работе ФБК», одного жестоко избили при задержании



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певица

Певица из Коми участвует в телеконкурсе "Звезда"



Москва

Представители региональных СМИ встретились на выставке «Россия» с курскими журналистами, работающими в Москве

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net