123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2021

Новости за 10.01.2021

Түркия Кыргызстанды шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Azattyk.org 

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды 10-январда өткөн президенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктаган маалыматты өз интернет-барагында жана «Твиттерде» жарыялады. «Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана референдум тынчтык жана коопсуз кырдаалда жыйынтыкталганына биз кубанычтабыз. Президенттик шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгы дос жана боордош Кыргызстан үчүн байсалдуу болушун каалайбыз. Түркия Кыргызстандагы демократиялык... Читать дальше...

Садыр Жапаров сөз эркиндигин коргоого убада берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) соңку маалыматы боюнча 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо добуштардын 79,2% алып, алдыга чыккан талапкер Садыр Жапаров журналисттер үчүн өткөрүлгөн басма сөз жыйынында сөз эркиндиги боюнча суроолорго жооп берди.

Шайлоонун жыйынтыгы, Жапаровдун жеңиши

Azattyk.org 

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруунун формасын тандаган референдум өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча Садыр Жапаров шайлоочулардын 79,24% добушун алды. Бул шайлоо кандай өттү? Анын алдын ала жыйынтыгы эмнени билдирет?



«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору 19-январга чейин камакка алынды

Azattyk.org 

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору Дүйшөн Ирсалиев 19-январга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.  Мындай чечимди 9-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Атайын кызмат «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору жана директордун милдетин аткаруучусу кармалганын 6-январда  билдирген. УКМКнын билдирүүсүндө, «Бишкек» эркин экономикалык аймагы мамлекеттик ишканасында иликтөө жүрүп... Читать дальше...

Садыр Жапаров: Мамлекетти досторго, шоопурларга, жардамчыларга жана туугандарга башкартпайм

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) соңку маалыматы боюнча 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо алдыга чыккан талапкер Садыр Жапаров журналисттерге өткөрүлгөн маалымат жыйында суроолорго жооп берип жатып, мамлекеттик башкарууга тууган-урук, жакын санаалаштарынан эч кимди кийлигиштирбей турганын билдирди.  "Мурдагы президенттердин бирөөсү 15 жыл иштеди. Биринчи беш жарым жылдык ишин жакшы иштеди. Андан кийин айлана-чөйрөсүндөгүлөргө ушундай бир таасирге кирип кеткен. Аны баары билет, анализдеп турат. Читать дальше...

Садыр Жапаров: Сөз эркиндигин сөзсүз түрдө коргойм

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) соңку маалыматы боюнча 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо добуштардын 79,2% алып, алдыга чыккан талапкер Садыр Жапаров журналисттер үчүн өткөрүлгөн басма сөз жыйынында сөз эркиндиги боюнча суроолорго жооп берди. Басма сөз жыйынында айрым журналисттер Жапаровдун сөз эркиндигине карата мамилесине кызыгышты. «Сын айткан маалымат каражаттарын кысымга албайсызбы?» деген суроого талапкер: «Жок, андай болбойт» деп жооп кайтарды. «Сөз эркиндигин толук коргоого мен өзүм да ынтызармын. Читать дальше...

Садыр Жапаров: Мурдагы бийликтердин каталары кайталанбайт (видео)

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) соңку маалыматы боюнча 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо добуштардын 79,2% алып, алдыга чыккан талапкер Садыр Жапаров басма сөз жыйынын өткөрүп, жакынкы үч-төрт жыл аралыгында элдин колдоосуна бүгүнкүдөн да көбүрөк муктаж боло турганын айтты. Ал өзүн колдогон шайлоочуларга ыраазычылыгын билдирди. «Ар бир кыргызстандык коррупцияга каршы күрөшүүгө мага жардам бериңиздер. Биз мурдагы бийликтердин катасын кайталабайбыз. Баары ачык болот. Өкмөттүн эшиги ар дайым эл үчүн ачык болот. Читать дальше...

Мамытканов: Шайлоону бурмалоо, административдик ресурсту колдонуу болгон жок

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов 10-январда өткөн президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш сатуу же сатып алуу болбогонун «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында билдирди. «Эң башында элге таза шайлоо өткөрөбүз деп убада бергенбиз. Биз убадабызга турдук. №2 форма болгон жок. Шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо, добуштарды сатып алуу сыяктуу ыкмалар колдонулган жок. Эң негизгиси административдик ресурс бул шайлоодо колдонулган жок». Мамытканов ошондой... Читать дальше...



Данияр Аманалиев: Карыздар көбөйдү, сырттан акча тартуу кыйын

Azattyk.org 

Ишкер, экономикалык эксперт Данияр Аманалиев 10-январдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгынан эл кереметти күтүп жатканын айтты. «Тилекке каршы, эл өзүнө жоопкерчилик албай, сырттан бир кереметти, сыйкырчыны күтөт. Ушул үмүттөн улам убаданы көп берген талапкер жеңишке жетишти. Ал берген убадаларынын баарын аткара алабы? Карыздар көбөйдү, эми эл аралык чөйрөдөн, сырттан акча тартуу кыйын. Бул үчүн мыкты дипломатия керек. Бирок жаңы бийликтин буга дарамети жетеби, белгисиз», - деди Аманалиев. Борбордук... Читать дальше...

Сооронкулова: Шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгү гана добуш берүүгө келгени - кооптуу көрсөткүч

Azattyk.org 

Президенттикке талапкер Клара Сооронкулова 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктаган референдум тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди. Анын айтымында, шайлоонун жыйынтыгын таануу же четке кагуу маселесине келгенде эки тараптуу караш керек. «Укуктук жактан алганда шайлоонун жыйынтыгы таанылбашы керек. Анткени шайлоодо жеңип чыккан талапкер Садыр Жапаров өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп, катталып жатканда да бир топ мыйзам бузуу болду. Болгондо да Конституция бузулду. Читать дальше...

ИИМ: Шайлоо учурунда жети кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Ички иштен министри Улан Ниязбеков «шайлоо тилкелеринде абал туруктуу» деп маалымдады. Өкмөттүн шайлоонун жыйынтыгы тууралуу өткөргөн басма сөз жыйынында 10-январдагы шайлоону 11 миңден ашык тартип сакчысы көзөмөлдөгөнү айтылды. Шайлоо өнөктүгү маалында 78 мыйзам бузуу катталып, 71и боюнча жеринен чечим чыкты. Жети кылмыш иши козголду. Ал арада Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыялана баштады. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында электрондук... Читать дальше...

Абакиров: Бийликке келген күчтөр үчүн чыныгы күрөш алдыда

Azattyk.org 

Президенттикке талапкер Элдар Абакиров 10-январда болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгы мыйзам чегинде болсо тааный турганын «Азаттыкка» билдирди:  «Коомдун азыркы абалы, жакырчылык, пандемия, экономикалык каатчылык, күзүндөгү Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгынын баары азыркы шайлоого түздөн-түз таасир этти. Албетте, майда-чүйдө мыйзам бузуу болушу мүмкүн. Бирок аны эми БШК териштирет деген ойдобуз. Эми бийликке келген күчтөр өлкөдөгү абалды оңдой турган чыныгы күрөш алдыда». Кыргызстанда... Читать дальше...

Саат 22:00гө карата жыйынтык: шайлоочулардын 38,70% добуш берди

Azattyk.org 

Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга шайлоочулардын 38,70% катышты. Бул эсеп саат 21:50гө карата чыгарылганын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Добуш берүүгө акылуу кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты. Автоматтык санактагы жыйынтыгы саат 22:00гө карата төмөнкүчө эсептелди: Садыр Жапаров - 79,24%; Адахан Мадумаров - 6,71%; ... Читать дальше...

Ысык-Көлдө балык кармаганы чыгып, чөгүп кеткен киши изделип жатат

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө 10-январда балык кармоого чыккан эки кишинин кайыгы жарылып, бири чөгүп кеткенин «Азаттыкка» жергиликтүү жашоочулар билдиришти. Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылындагы көл жээгинде 37 жана 38 жаштагы эки тургун үйлөмө кайык менен балык улоого чыккан. Алар көлдөн тор жыйнап жатканда кайыгы жарылып кеткен. Балыкчылардын бири Айбек Абыкеевди жергиликтүү тургундар суудан чыгарып алганга үлгүргөн. Экинчиси - Эрик Бектуровду издөө иштери жүрүп жатат.  Айбек Абыкеев азыр Жети-Өгүз райондук ооруканасында. Читать дальше...

Беларустагы саясий тиреш бүтчүдөй эмес

Azattyk.org 

Беларустагы Александр Лукашенконун режимине каршы тынбаган нааразылык чаралары эми алтынчы айга өтүүдө. Дал ушул маалда Лукашенко 2021-жылдын соңуна чейин Баш мыйзамдын жаңы долбоору даярдалат жана референдумга коюлат деген эски убадасын кайра кайталады. 66 жаштагы Лукашенко айткан ушул сыяктуу убадаларды оппозиция буга чейин эле элди алдоо амалы катары четке каккан болчу. Лукашенконун Орусиянын сыналгысы аркылуу жарыяланган акыркы убадасы өлкөдө коопсуздук күчтөрүнүн коркутуп-үркүтүүлөрүнө карабастан... Читать дальше...

Мадумаров референдумдун жыйынтыгын «жомок» деп атады

Azattyk.org 

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров 10-январдагы президенттик шайлоонун жана референдумдун жыйынтыктары тууралуу өз оюн билдирди. Башкаруунун президенттик формасын шайлоочулардын 80%тен ашыгы колдогонун Мадумаров «жомок» деп атады:  «Ушул депутаттардын колу менен эми жаңы Конституцияны кабыл алат. Добуш бергендердин 80%и президенттик башкаруу формасын жактап добуш берди. Эми «ханституция» деп жатпайбызбы, накта хандык системага барабыз. Андан кийин анан чыркырап чыгышат. Бул күндөр алыс эмес». Читать дальше...

Сегизбаев: Шайлоодо баарына бирдей мүмкүнчүлүк берилген жок

Azattyk.org 

Президенттик шайлоодо бардык талапкерлерге тең мүмкүнчүлүк берилген жок. Мындай пикирин президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев шайлоонун жүрүшү тууралуу «Азаттыкка» берген комментарийинде билдирди. «Бир тараптуу түрдө, бардык административдик ресурс колдонулду. Мамлекеттик кызматкерлерди кыйнап, ошолордун добушун алганга аракет кылды. Кара пиар материалдары 7-канал жана башка ресурстар аркылуу чагылдырылды. Биз келечектүү Кыргызстанды куруу боюнча аракеттерибизди улантабыз. Ар бир сурообузду мындан ары да коёбуз. Читать дальше...

Равшан Жээнбеков: Шайлоонун жыйынтыгын тааныйм

Azattyk.org 

Президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков 10-январда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын реалдуу натыйжа катары кабыл аларын «Азаттыкка» айтты:  «Азыр эми бардык жыйынтык чыгып жатат, кагазга. Балким бир аз айырма болушу мүмкүн. Мындан ары мен кандай саясат жүргүзсөк ошол жол менен уланта беребиз». Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыялана баштады. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда. Читать дальше...

Мадумаров: Президенттик шайлоо реалдуулуктан өтө алыс өттү

Azattyk.org 

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров 10-январдагы президенттик шайлоо менен референдумдун жыйынтыктары тууралуу өз оюн билдирди. Ал шайлоонун алдын-ала чыккан жыйынтыгына карата: «Бул шайлоо реалдуулуктан өтө алыс. Биз мыйзамдуулук үчүн күрөшөбүз. Башка талапкерлер менен кезигип, алар менен бирге бир чечимге келебиз. Бир талапкерге 700 миңдей адамдын добуш бериши чындыкка жатпайт. Мен митинг аркылуу укугумду коргобойм, мыйзамдуу жол менен гана чындыкка жетем», - деди. Ал эми башкаруу формасын... Читать дальше...


Музыкальные новости
Елена Волкова

«Где ваши манеры?»: интервью со звездным экспертом по этикету Дианой Булатовой





Персональные новости
Арцах

SHOT: Россиянке изуродовали лицо во время неудачной блефаропластики в Азербайджане





Автоматтык санактын саат 21:00гө карата жыйынтыгы: Садыр Жапаров алдыда

Azattyk.org 

Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыялана баштады. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда. Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду. Адахан Мадумаров - 6,60%; Бабыржан Төлбаев - 2,31%; Мыктыбек Арстанбек - 1.66%; Абдил Сегизбаев - 1.46%;... Читать дальше...

ИИМ: Шайлоодо «Достук» мейманканасына спортчулар жайгаштырылганы тууралуу маалымат иликтенүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда 10-январда өткөн мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумда Бишкектеги «Достук» мейманканасына спортчулар жайгаштырылганы тууралуу маалымат иликтенип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү Султан Макилов 10-январда өткөн басма сөз жыйынында билдирди. Макиловдун айтымында, олбурлуу белгисиз адамдар аталган мейманканага жайгашканы тууралуу маалыматтар милицияга түшкөн.  Азыр  бул жигиттер кимдер экени жана эмне максатта Бишкекке келгени изилдене баштады. Читать дальше...

Деңизге кулап түшкөн индонезиялык учактын «кара кутусунун» сигналы кармалды

Azattyk.org 

Индонезия бийлик өкүлдөрүнүн 10-январдагы айтымында, Жакартадан учуп чыгып, деңизге кулап түшкөн «Sriwijaya Air» аба компаниясынын жүргүнчү учагынын «кара кутусунун» сигналдарын кармоого мүмкүн болду. Учакта 62 киши (анын ичинде 50 жүргүнчү, 12 экипаж мүчөсү) болгон. Бул «Boeing 737-500» жүргүнчү учагы 9-январда Жакартадан Калимантанга карай көкөлөп чыга берип, төрт мүнөттөн соң радардан көрүнбөй калган жана кыйроого учураган. Аскердик суучулдар учактын калдыгын Ява деңизинде 25 метр тереңдиктен табышкан. Читать дальше...

Ыкчам координациялык топ: Добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу боюнча фактылар катталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда 10-январда өткөн президенттик шайлоонун жана башкаруу ыкмасын аныктоо боюнча референдумдун жүрүшүндө саат 18.50гө карата мыйзам бузууга ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топко 42 кайрылуу түштү. Аталган топтун жана БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров басма сөз жыйынында билдиргендей, добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу боюнча бирден фактылар катталды. Автоматтык эсептөө урналары бузулганы боюнча да бир арыз келген.  Шайназаров 42 кайрылуунун 26сы... Читать дальше...

Шайназаров: Интернетте тараган чектердин бири жасалма экени аныкталды

Azattyk.org 

Президенттик шайлоо менен референдумда Түштүк Сахалиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу социалдык тармактарда тараган чектердин бири жасалма болуп чыкты. Бул тууралуу мыйзам бузууга ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топтун жана БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров 10-январда саат 19.30да карата өткөн басма сөз жыйынында билдирди:  «Азыр тактап чыктык. Бир чек жасалма экени аныкталды. Түштүк Сахалин жана Тышкы иштер министрлиги  менен сүйлөштүк. Протокол түзүлүп, бул жакка жиберилет. Жапаровго 345... Читать дальше...

Шайлоо өнөктүгү кандай өттү?

Azattyk.org 

Бүгүн 10-январда Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өтүтү. Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышты.

Спорт в России и мире
Москва

Олимпиада по финансовой грамотности МГУ проходит при поддержке СберСтрахования жизни


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Новак Джокович в пятый раз получил спортивный «Оскар» как атлет года


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Сенсорный сад с экотропами появится в Бутырском районе Москвы





Путин в России и мире
Москва

Киркоров и Пелагея спели для амурчан-бамовцев в Москве


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

В Минске открывается ВНС: что будет




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

Священнику, отпевавшего Навального, запретили носить рясу и крест



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Брановицкий

Дистрибьюция Музыки. Дистрибьюция Музыки в России. Дистрибьюция музыки в вк. Яндекс музыка дистрибьюция. Цифровая дистрибьюция музыка. Дистрибьюция музыки под ключ.



Москва

Яна Поплавская про мигрантов после нападения на мужа: "Для них мы иноверцы"

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net