Былтыр өлүм-житим көп болду
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, 2020-жылы Кыргызстанда 40 миңден ашык адам жашоо менен кош айтышкан. Байкоочулар мындай көрсөткүч акыркы он жыл аралыгында катталбаганын белгилешүүдө. COVID-19 вирусунун кесепети 2020-жылы Кыргызстанда 40 001 адам көз жумган. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 6 684 адамга көп. 2019-жылы түрдүү себептер менен 33 317 адам көз жумган. 2018-жылы дүйнөдөн кайткан кыргызстандыктардын саны 33 миңден ашкан эмес. Мындай маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтына жарыяланды. Читать дальше...