АКШнын Өкүлдөр үйү Трампка импичмент жарыялоо сунушун колдоду
АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр үйү президент Доналд Трампка импичмент жарыялоо тууралуу резолюция долбоорун колдоп добуш берди. 13-январдагы талкуу палатада көпчүлүктү түзгөн демократтардын демилгеси менен өттү, чечимди бир нече республикачы конгрессмендер да колдоп беришти. Бул резолюция долбоорун колдоо үчүн зарыл болгон 218 добуштан көбүрөөк - 232 добуш берилди, 197 ага каршы берилди. Эми бул чечимдин негизинде АКШ Сенаты президент Трамптын ишин соттук териштирүүгө алышы керек. Айыптоону Сенаттын кеминде 67 мүчөсү колдошу керек... Читать дальше...