Иран уруксат берилгенден ашык уранды байытканы белгилүү болду
Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф өз өлкөсү бир ай ичинде 17 килограмм уран байытканын жарыялады. Бул тууралуу спикер Фордодогу Атомдук электр станциясына 28-январда барган учурда билдирди. Маалыматты Атом энергетикасы боюнча агенттиктин басма сөз катчысы Бехруз Камалванди ырастап, чынында эле өлкөдө 17 килограмм байытылган уран бар экенин билдирди. Өзөктүк курал өндүрүү максаты бар экенин четке кагып келген Иран тынчтык максатында гана жылына 20% урандан 120 килограмм өндүрүүгө убада берген. Читать дальше...