123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2021

Новости за 19.01.2021

Айрым депутаттар Балбак Түлөбаевди кызматтан алуу боюнча демилге көтөрүштү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш комитетиндеги айрым депутаттар Бишкек мэриясынын жетекчилигинин 19-январдагы жыйынга келбей койгонун кескин сындап, мэр баш болгон айрым жетекчилерди кызматтан алуу боюнча президентке сунуш киргизүү боюнча демилге көтөрүштү. Алардын бири Рыскелди Момбеков мэриядан жооптуу кызматкерлер шаардагы курулуш көйгөйлөрү талкууланган жыйынга келбей койгонуна нааразы болуп, курулуш тармагында коррупция тамыр жайганын билдирди. «Ошондой коррупциянын алдын... Читать дальше...

Таласта уурдалган жылкынын түйшүгү

Azattyk.org 

Таластын Көпүрө-Базар айылынын тургундары 2020-жылдын сентябрь айында элдин 29 баш жылкысын Казакстанга уурдатып жибергенин айтышууда. Алар малды кошуна өлкөдөн издөө мүмкүн болбой жатканын, ага кыргыз чек ара кызматы менен облустук милиция көңүл бурбай жатат деп эсептешет. Талас районунун тургундары Адилет Дөөлөт уулу менен Калкожо Эстебесов айылдаштарынын малын акыга багып күн көрүшөт. Алар өткөн жылдын сентябрь айынын этегинде элден чогулткан 29 баш жылкыны таппай калышкан. Алар бир апта бою жок издеп... Читать дальше...

Ооганстанда бир нече жоокер окко учту

Azattyk.org 

Ооганстанда өкмөттүк күчтөр менен «Талибандын» согушкерлеринин тынчтык сүйлөшүүлөрү уланып жатканына карабастан бул өлкөдөгү кол салуу аракеттери токтой элек. Түндүктөгү Кундуз провинциясында өткөрмө бекетке кол салуудан төрт аскер каза болду. Кол салуу 19-январга караган түнү болгон. Атышуу маалында «Талибан» кыймылынын 15 согушкери каза болуп, 12си жарадар болгону кабарланды. Бирок Кундуз провинциясынын кеңешинин мүчөсү Гулам Рабани Рабани бул кол салууда өкмөттүк жоокерлердин жоготуусу көп экенин айтып чыкты. Читать дальше...



Навальныйдын командасы Владимир Путиндики деген мүлк боюнча иликтөө жарыялады

Azattyk.org 

Орусияда камакка алынган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный негиздеген Коррупция менен күрөш фонду Геленжик курорттук шаарында орус президенти Владимир Путинге таандык деген «хан сарай» боюнча иликтөө жарыялады. Бул иликтөө Навальный Германиядан Орусияга кайтып келип, сот чечими менен 30 суткага камакка алынгандан бир күн соң жарыяланды. Иликтөө Навальный камакка алына электе даярдалган. Эки сааттык тасмада Путиндин Германияда иштеп жүргөнүнөн баштап 1990-жылдардагы ишмердиги камтылган. «Путиндин... Читать дальше...

Айдосов: Мурдагы бийлик коронавируска байланыштуу маалыматтарды жашырган

Azattyk.org 

Саясат талдоочу Айболот Айдосов коронавирус пандемиясы учурундагы жоготууларды жана сырттан келген гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген комиссиянын бүтүмү жана анын тегерегиндеги маселелер боюнча ой бөлүштү.

Кыргызстанда болжолдуу 6,4 млрд. тоннадан ашуун көмүр кору бар

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагында болжол менен 6,4 млрд. тоннадан ашуун кору бар 70 көмүр кени бар. Анын ичинде Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шураб, Алмалык жана Кавак кендеринде 5,2 млрд. тонна, Өзгөн кесиминде Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр жана Тегенек кендеринде 1,08 млрд. тонна, Туюк-Каргаша кенинде 119,6 млн. тонна, Кара-Кечеде 400 млн. тоннадай көмүр бар. Учурда көмүрдүн өнөр жай корун өздөштүрүү 0,13 % түзөт. Мындай маалымат вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров көмүр казуу тармагынын абалы боюнча өткөргөн кеңешмеде... Читать дальше...

Вице-премьер-министр: коронавирустан каза болгондор расмий сандан көп болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Кыргызстандын вице-премьер-министри Элвира Сурабалдиева пандемиядагы жоготууларды жана сырттан келген гумжардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген комиссия коронавирустан каза болгон адамдардын саны расмий маалыматтан үч эсе көп экенин аныктаганын «Азаттыкка» билдирди.   «Коронавирустан каза болгон адамдардын жалпы саны азыр 1390 деп берилип жатпайбы. Чындыгында бул көрсөткүч 4 миңден ашык экенин аныктадык», - деди ал. Сурабалдиеванын айтымында, комиссиянын бүтүмү негизинен сунуштоочу мүнөздө, ошондуктан... Читать дальше...

Финполдун миллионер кызматкери кармалды

Azattyk.org 

Финансы полициясынын мыйзамсыз байлык топтогон деп шектелген аткаминери кармалды. Журналист Шаиста Шатманова басымга дуушар болгонун "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Ырчы Самара Каримова караңгыда Оштогу окуу жайдын эшигин буздуруп кирип, директордун бөлмөсүн ээлеп алды.Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Москвадагы «Матросская тишина» тергөө абагында 14 күн карантинде жалгыз отурат.



Жогорку Кеңеш үй-бүлөлүк зомбулуктун жазасын күчөткөн мыйзамды карайт

Azattyk.org 

Парламент 20-январдагы жыйында «Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында жазылды.  Ал мыйзам долбоорунда жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабай ага зомбулук көрсөткөн кишини жазага тартуу сыяктуу катаалдашкан чаралар камтылган. Толук долбоор менен бул жактан таанышсаңыз болот.  Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү... Читать дальше...

COVID-19: Өлүм-житим расмий сандан үч эсе көп

Azattyk.org 

Кыргызстанда пандемия учурунда коронавирустан өлгөндөр буга чейин айтылган расмий статистикадан көп болушу мүмкүн. Бул тууралуу пандемиядагы жоготууларды жана сырттан келген гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген мекеме аралык комиссиянын жыйынтыгында айтылат. Коронавирус пандемиясы учурундагы жоготууларды жана сырттан келген гумжардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген комиссиянын алгачкы бүтүмү өкмөткө берилди. Аталган комиссияны учурда социалдык тармакты тейлеп жаткан вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жетектейт. Читать дальше...

Кыргызстанда ажырашкандар дагы эле көп

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2020-жылы түгөйлөрдүн ажырашуусу көбөйдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Статистикага ылайык, 2020-жылы өлкөдө 39 944 түгөй баш кошкон. Ошол эле учурда 9150 түгөй расмий ажырышкан. Ал эми 2019-жылы Кыргызстанда 49 431 жуп никеге туруп, 10 992 ажырашуу катталган.  Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 1000 түгөйдүн 222си ажырашып кетүүдө. Үй-бүлөнүн ыдырашы шаар жеринде көп катталат. (TSh)

«Газпром» «Түндүк агым - 2» долбооруна байланыштуу кооптуу жагдайлар тууралуу эскертти

Azattyk.org 

Орусиялык «Газпром» компаниясы орус газын Германияга жеткирчү «Түндүк агым - 2» долбоору токтошу мүмкүн экенин инвесторлорго эскертти. Билдирүүдө буга «саясий кысым» негиз болуп жатканы белгиленген. Билдирүүдө «Түндүк агым - 2» сыяктуу ири эл аралык долбоорлорду ишке ашырууда ар кыл аймактардагы саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу кооптуу жагдайлар бар экени белгилүү болгону эске салынган. «Биз аларга кабылганбыз жана мындан ары да боло берет»,  деп айтылат мекеменин маалыматында.  Ошондой... Читать дальше...

«Мыйзамсыз баюу»: Кармалган аткаминерлер

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен айып койду.  Акыркы эки айдын ичинде Жогорку соттун эки судьясына да ушул эле берене менен кылмыш иши козголгон. Атайын кызмат алар эбегейсиз байып, баасы асман чапчыган ондогон турак жайларга ээлик кылышканын билдирген. Финполдун кызматкери колго түштү УКМК... Читать дальше...

Ак-Буурага аязда чайканткан жөрөлгө

Azattyk.org 

Ош шаарындагы тарсалар 19-январь күнү чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү. Иш-чара салтка айланган Ак-Буура дарыясынын боюнда болду. Шаардагы чиркөөнүн жетекчилиги майрамга 50дөн ашуун киши келип, катышып кеткенин билдирди.

Евробиримдикте коронавирустан улам 400 миң адам каза болду

Azattyk.org 

Европа Биримдигинин аймагында коронавирустан каза болгондор 400 миңден ашты. Буга байланыштуу шаркеттеги өлкөлөр вируска каршы эмдөөнү тездетүүнү көздөп жатышат.  Европа Биримдигинин саламаттык сактоо маселелери боюнча комиссары Стелла Кириакидес Европарламентте сүйлөп жатып, «акыркы он ай абдан оор болгонун, бирок жаңы жылга колго курал кармап кирип бара жатканын» билдирди. Еврошаркет быйылкы жылдын ортосунда биримдиктин аймагындагы 446 миллион калктын 70% эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатат. Учурда... Читать дальше...

Журналист Шаиста Шатманова: Депутат Матраимов басым жасады

Azattyk.org 

«Супер ТВ» медиасынын журналисти Шаиста Шатманова Райымбек Матраимовго байланыштуу маселени көтөрбөө тууралуу телефон аркылуу эскертүү болгонун «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Мындай сунуш президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен видеомаек (#Саясий коктейл) уюштуруу максатында суроолорду аталган дарекке алдын ала жөнөткөндөн кийин берилген. Журналисттин жазганына караганда Мамытовго берилчү суроолордун арасында Матраимовго байланыштуу, анын ичинде Матраимовдордун кызыкчылыгын коргоп... Читать дальше...

Өзбекстанда жумушчулар митингге чыгышты

Azattyk.org 

Өзбекстандын Алтыарык районунун Тынчтык шаарындагы Фергана мунайды кайра иштетүү заводунун ондогон жумушчусу 10-январда  нааразылык акциясын баштаган. Алар жумушчуларды кыскартууга каршы экендигин билдиришкен. «Заводдо 900 адам иштейт. Бизге «эки айдан кийин 120 адам калат» деп айтышты. Дал ушул себептен улам биз нааразылыгыбызды билдиребиз. Күн сайын жумуштан кийин, кечки саат беште көчөгө чыгып, жолду тосуп, нааразылыгыбызды билдирип жатабыз. Бирок полиция кызматкерлери окуя болгон жерге келип... Читать дальше...


Музыкальные новости
Юрий Лоза

Лоза объяснил поведение Лепса, выбившего телефон из рук фанатки на концерте





Персональные новости
Шапка

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)





Цианид чуусу: Жогорку сот мурдагы чечимдерди күчүндө калтырды

Azattyk.org 

Жогорку сот бүгүн, 19-январда «Кумтөр» алтын кен компаниясынын цианид чуусуна байланыштуу кассациялык арызын карады. Доогерлердин өкүлү Эркингүл Иманкожоева билдиргендей, Жогорку сот цианид чуусу боюнча Бишкек шаардык жана Октябрь райондук сотторунун буга чейинки чечимдерин күчүндө калтырды. "Кумтөр" компаниясынын кассациялык арызын четке какты. Бул иш 15 жылдан бери уланып келе жаткан. Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр 10-августта Ысык-Көл облусунун тургундарынын цианид чуусуна байланыштуу доо арызын карап... Читать дальше...

Тихановская ЕККУга кайрылып, Беларуска кайтууга көмөктөшүүгө чакырды

Azattyk.org 

Литвада баш калкалап жүргөн беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна (ЕККУ) кайрылып, бозгунда жүргөн беларус саясатчыларынын мекенине кайтышына көмөктөшүүгө чакырды. Ал 18-январда бул тууралуу Европа Биримдигинин ЕККУдагы элчилери менен онлайн-жолугушуу учурунда билдирген. «Эл аралык коомчулук менен бирге Беларуска коопсуз түрдө кайтып баруунун мүмкүнчүлүгүн табууну каалайбыз. Мага карата эки кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. Читать дальше...

Абдулла өтүкчүнүн өзгөчө маасылары

Azattyk.org 

Оштун тургуну Абдулла Мадрахимов үйүндө маасы тигет. Ал тиккен бут кийимди атайын издеп келип, алып кеткендер бар. Өтүкчү кыргыз өкмөтү тери ийлей турган цех ачып, кол өнөрчүлөргө колдоо көрсөтсө деген тилегин айтты.

Самара Каримовага байланыштуу сот чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек

Azattyk.org 

Ырчы жана актриса Самара Каримованын Оштогу музыкалык окуу жайынын директорлук кызматына кайтуу тууралуу сот чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек. Бишкектин Биринчи май райондук соту «Азаттыкка» билдиргендей, Каримованын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине карата жазган арызы 2020-жылдын 17-декабрында канааттандырылган. Мыйзам боюнча, эгер апелляциялык арыз жазылбаса, чечим 30 күндө күчүнө кирмек. Бирок 15-январда министрлик Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазгандыктан, райсоттун чечими азырынча мыйзамдуу күчүндө эмес. Читать дальше...

Ошто музыкалык окуу жайынын жамааты жетекчини сынактын негизинде дайындоону талап кылууда

Azattyk.org 

Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын эмгек жамааты жетекчини атайын сынактын негизинде тандап, дайындоону талап кылууда. Бул тууралуу мекеменин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Райхан Самидинова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, жамаат ырчы Самара Каримованы жетекчилик кызматка татыктуу деп эсептебейт жана аны кабыл алгысы келбейт. Мугалимдер Каримованын окуу жайына директор болууга умтулган аракеттерин сындап, андан башка музыкалык билими бар, кесипкөй... Читать дальше...

ЖМК: Трамп ондогон адамдарга ырайым берет

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп кызматтык мөөнөтүнүн соңку күнүндө ар кандай кылмыш үчүн айыпталган, соттолгон ондогон адамдарга ырайым бергени жатат. Өткөн айда ал кеңешчилери баштаган 20дан ашык адамга ырайым берген. Муну анын саясий атаандаштары сынга алган. Соңку сурамжылоолорго ылайык, Трамптын рейтинги кескин төмөндөп, 34% түздү. Бир катар басылмалар Ак үйдөгү ишенимдүү булактарына таянып, Дональд Трамп кызматтык мөөнөтүнүн соңку күнүндө 100дөй адамга ырайым бериши ыктымал экенин жазышты. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Сотрудники Росгвардии приняли участие в чемпионате Центрального округа по боксу.


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Что чаще всего едят на завтрак дети Елены и Новака Джокович?


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

"Самое опасное" начнётся в пятницу: Синоптик предупредил об аномальной погоде в России





Путин в России и мире
Москва

Гендиректор музеев Кремля получила орден "За заслуги перед Отечеством"


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Очередные кадровые назначения объявлены в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Владимир Зеленский подтвердил ракетный удар по аэродрому в Джанкое


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Вольфганг Амадей Моцарт

Два великих композитора - Моцарт и Шопен - и их бессмертные шедевры в исполнении органа и рояля



Москва

В России назвали проект Маска по освоению Марса фантастикой

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net