123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2021

Новости за 15.01.2021

Экс-спикердин жакыны жана фейк аккаунттар

Azattyk.org 

«Facebook» компаниясы жалган маалымат таратты деген жүйө менен жапкан кыргызстандык аккаунттар жана баракчалар «Media Center» медиа мекемеси менен байланышы болгонун жарыялады. Ал мекеме экс-президент Сооронбай Жээнбековдун депутат иниси Асылбек Жээнбеков спикер болуп турган кезинде анын басма сөз катчысы болгон Нуркан Керимбаевге таандык. Экс-спикердин жакыны иштеткен сайт менен фейктердин байланышы «Facebook» Кыргызстанда жалган маалымат тараткан жүздөгөн аккаунттарды жапканын маалымдаган баяндама таратты. Читать дальше...

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешин Фижи аралынын өкүлү жетектейт

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин төрагалыгына Фижи аралынын өкүлү Нажат Шамим Хан шайланды. Тынч океандагы архипелагдын Женевадагы элчиси Хан кеңештин 47 мүчөсүнүн 29унун добушун алды. Эми бир жыл бою Улуттар Уюмунун адам укуктары жаатындагы органын жетектейт. Британияда билим алган Нажат Шамим Хан өз өлкөсүндө судья болуп эмгектенген. Аны менен бирге БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин төрагалыгына Өзбекстан жана Бахрейндин элчилери ат салышкан. Бир катар укук коргоо... Читать дальше...

Орусия «Ачык асман» келишиминен чыгарын билдирди

Azattyk.org 

Орусия «Ачык асман» боюнча келишимден чыгуу жараянын баштады. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Анда расмий Москва буга себеп катары АКШнын былтыркы келишимден чыгуу боюнча чечимине шилтеме берген. Орусия Кошмо Штаттар «Ачык асман» келишиминен «ойдон чыгарылган шылтоону» бетке кармап чыгып кеткенин билдирген. Москва ошондон кийин бул долбоорду колдоо үчүн сунуштарды башка мамлекеттер колдобогонун билдирүүдө. АКШ 2020-жылдын ноябрь айында 18 жылдан бери күчүндө болуп келген... Читать дальше...



Нидерланддарда өкмөт кызматтан кетти

Azattyk.org 

Нидерланддардын Марк Рютте жетектеген өкмөтү кызматтан кетти. Буга балдары үчүн мыйзамсыз түрдө жөлөкпул алып жүргөн деп айыпталган миңдеген ата-энелерге байланыштуу жаңжал себеп болду. Бул маселени иликтеген парламенттик комиссия өкмөттүн маалыматы туура эмес экенин жана ата-энелер мыйзам бузбаганын аныктаган. Комиссия өкмөттүн күнөөсүнөн улам миңдеген жарандар мурда алган жөлөкпулдун акчасын кайрадан мамлекетке төлөп бергенин, алардын айрымдары бул кырдаалдан улам кыйынчылыкка туш болгонун иликтеп чыкты. Читать дальше...

Ирандын аскер күчтөрү машыгууларды өткөрдү

Azattyk.org 

Ирандын Куралдуу күчтөрү баллистикалык ракеталарды колдонуу менен сыноолорду өткөрдү. Бул АКШ менен өзөктүк программанын алкагында пикир келишпестик күчөп турган учурга туш келди. Машыгуунун алкагында 15-январда Ирандын мамлекеттик телеканалдары Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскерлери бир нече баллистикалык ракета учурганын кабарлашты. Тегеран кийинки күндөрү аскердик даярдыгын күчөттү. Буга өлкө бийлигинин АКШ менен мамилеси начарлап, чыңалуу күчөп кеткени себеп болду. Ушул аптанын... Читать дальше...

Дача СУ: Уйку бербеген учак, унутулган убада

Azattyk.org 

2017-жылы 16-январда «Гонконг–Бишкек-Стамбул» багытындагы түркиялык компанияга таандык учак “Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ айылына кулап түшкөн. Кырсыктан 39 адам көз жумган, анын төртөө экипаждын мүчөсү болгон. Окуядан кийин айылды көчүрүү маселеси айтыла баштаган. Дача СУнун жашоочуларынын айтымында, төрт жыл мурдагы кырсык менен чогуу өкмөттүн убадалары дагы унутула баштады.

NDI уюму КТРКнын дебаттарын каржылоону токтотту

Azattyk.org 

Улуттук демократиялык институту (NDI) уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) менен кызматташтыгын токтотту. Президенттик шайлоого байланыштуу дебаттарды каржылаган америкалык мекеме буга саясий беттештер бейтарап өткөрүлбөгөнүн жүйө келтирди. КТРКнын жетекчилигинин позициясы башкача. Каттан чыккан кабар Эл аралык мамилелердин Улуттук демократиялык институтунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү (NDI – УДИ) менен КТРКнын ортосундагы келишпестиги социалдык тармакка жарыяланган каттан улам белгилүү болду. Читать дальше...

Шайлоо-2021: Сандар сүйлөйт

Azattyk.org 

10-январдагы президенттик шайлоодо жана референдумда жарандар кандай добуш беришти? Мурдагы шайлоолордогу көрсөткүчтөр менен окшоштук, айырмачылыктар барбы? “Азаттыктын” түшүндүрмө видеосун көрүңүз.



Абактагы Атамбаевдин абалы начар

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев грыжадан, жүрөк жана башка оорулардан жабыркап, дарыланууга муктаж. Адвокаттар аны абактан чыгарууну соттон өтүнүштү. Кримтөбөл Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун дагы бир мүчөсү кармалды. Таанымал ырчы Самара Каримованы Оштогу музыкалык окуу жайдын жамааты кабыл албай жатат.

Дүйнөдө коронавирустан кесепетинен каза болгондор 2 миллионго чамалады

Azattyk.org 

Дүйнөдө коронавирустун улам каза болгондор 2 миллион адамга чамалап калган учурда вируска каршы эмдөөнүн мааниси артып баратат. Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, 14-январга карата дүйнөдө коронавирустан каза болгондор 1 миллион 996 миң адамдан ашты. Учурда Жаңы жыл жана Рождество майрамдарынан соң вирус жугузгандар көбөйүп жатат. Германиянын саламаттык сактоо агенттиги 15-январда өлкөдө дагы 22 миңден ашык адам вирус жугузганы аныкталып, жалпысынан бул оору жуккандар эки миллиондон ашканын билдирди. Читать дальше...

Байден «АКШны сактоо планын» жарыялады

Azattyk.org 

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюуга багытталган планын жарыялады. Ал 20-январда ант берип кызматка расмий киришет. Кошмо Штаттар өпкөнү сезгенткен илдет жуккан жана андан көз жумган адамдардын саны жагынан дүйнөдө биринчи орунда турат. Жо Байден баасы 1,9 триллион долларга бааланган планын ант берип, кызматка расмий киришкен күндөн тартып ишке ашырууга убада берди. Ал бейшембиде Делавер штатында сүйлөп жатып, Кошмо Штаттар пандемия шартында чукул жардамга муктаж экенин айтты. Читать дальше...

Лейлек районунда 1,6 кг нашаа алып бараткан жаран кармалды

Azattyk.org 

Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматы 12-январда Исфана шаарынан Бишкекке «Мерседес-Бенц Спринтер» кичи автоунаасында жүргүнчү катары жөнөгөн адамды кармаган. Тинтүү учурунда анын жанынан өзгөчө жыты бар, желим баштыкка оролгон 1 кг 600 граммдан ашуун күрөң түстөгү зат - нашаа алынган. Шектүү Ош облусунун Кара-Суу районунун 32 жаштагы тургуну Н. А. болуп чыккан.  Баңгизат Жазык кодексинин 267-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук... Читать дальше...

Чемпион кыздарды таптаган Дүйшөн агай

Azattyk.org 

Дүйшөн Жуманазаров кыз-келиндер күрөшү боюнча бир нече эл аралык мелдештердин байге ээлери Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызынын биринчи машыктыруучусу. Мээримдин атасы. Бул балбан кыздар жакында эле Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда алтын жана коло байге алып келишти. Машыктыруучу сегиз жылдан бери Таластын ар кайсы айылындагы кыздарды топтоп, таптап жүрөт. Балбан кыздарды өз үйүндө жашатып, кыздардын мелдештерин каржылайт. Тогуз кыздын атасы спортчу кыздар кабылган стереотиптерди жеңип, колдоо көрсөткүсү келет.

Чаңгы базасында кыйылган кырчын өмүр

Azattyk.org 

Караколдогу чаңгы базасында өспүрүмдүн өлүмүнүн чоо-жайы иликтенүүдө. Казакстандык 13 жаштагы өспүрүм 10-январда эс алууга барганда каза тапкан.

УКМК: Чет элдик жаран пара берип жаткан жеринен кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чек арадан мыйзамсыз өтүү үчүн кызмат адамына пара берип жаткан жеринен чет өлкөлүк эки жаранды Мамлекеттик чек ара кызматы менен чогуу кармады. Алар мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кармалышты. Азырынча кармалгандар кайсы өлкөнүн жараны экени жашыруун. Иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган адамдардын бири Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерине К.А. аттуу жергиликтүү тургунду ортомчу кылып... Читать дальше...

«Клооп» 210 шайлоо участогунун добуштарын жокко чыгарууга аракеттенет

Azattyk.org 

Бул тууралуу «Клооп» өзүнүн сайтына 15-январда жазды.  Маалыматка караганда, «Клооптун» байкоочулары 10-январдагы шайлоодо 1500дөн ашуун мыйзам бузуу фактыларын катташкан.  «1500 мыйзам бузуунун 400дөн ашууну - добуштардын купуялыгы бузулушуна байланыштуу. Мында участкалык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү добуш берүү кабинасынын жанына туруп алган же шайлоочу үчүн өздөрү бюллетенди үкөккө таштаган учурлар көп катталды. Андан кийин добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдүн иши үзгүлтүккө учураган 357 учуру катталган. Читать дальше...

Түндүк Корея «эң кубаттуу курал-жарагын» көрсөттү

Azattyk.org 

Түндүк Корея Пхеньянда өткөн аскердик парадда суу алдындагы кемелер үчүн жасалган баллистикалык ракетаны эл алдында алып чыкты. Мамлекеттик маалымат каражаттары бул ракетаны «дүйнөдөгү эң кубаттуу курал-жарак» катары мүнөздөштү. «Reuters» агенттиги түндүк кореялык маалымат каражаттары жарыялаган кадрларга таянып, «Пуккыксон-5» ракетасы жөнүндө сөз болуп жатышы мүмкүн экенин жазып чыкты. Бул былтыркы парадда көрсөтүлгөн курал-жарактын жаңыртылган версиясы. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышкан... Читать дальше...

Кадамжайда шахтада жарылуу болуп, бир адам топурак алдында калды

Azattyk.org 

15-январь күнү түшкө жуук Кадамжай районунун аймагында №5 карьер тилкесинде жайгашкан көмүр шахтасында белгисиз себептерден улам жарылуу болуп, топурак кулаган. Натыйжада көмүр казып жаткан бир адап топурак алдында калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык топурак алдында калган адам Ош облусунун Ноокат районунун Додон айылынын тургуну экени аныкталды. Окуя болгон жерге ӨКМдин мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан тогуз куткаруучу жиберилди. Учурда издөө иштери жүрүп жатат. Читать дальше...

Аба ырайы: 16-январда жаан-чачын болбойт

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдордо кар көчкү түшүп, кар күрткүсү болорун эскертүүдө. Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, тайгак жолдо коопсуздукту сакташ үчүн автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбоого тийиш. 16-январда өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1... Читать дальше...


Музыкальные новости
Певец

Певец Дима Билан показал номер с массажным креслом в челябинском отеле





Персональные новости
Выставка

Выставка достижений народного хозяйства (ВДНХ) отпраздновала “День Космонавтики”





Байден «Американы сактоо планы» үчүн 1,9 триллион доллар бөлүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

АКШнын шайланган президенти Жо Байден коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюуга багытталган планын жарыялады. 20-январда ант берип кызматка киришкени жаткан Байдендин планына ылайык, экономиканы сактоого дээрлик эки триллион долларга жакын акча жумшалат. Анын алкагында коронавируска каршы эмдөө, тест жүргүзүү өңдүү чараларга 400 миллиард доллар берилет. Ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйүп, жардамга муктаждарга 1400 доллардан берилет. Жумушунан айрылган адамдар ушул жылдын сентябрь айына... Читать дальше...

Фонограмманы тыюу сапатка умтулуубу же чектөөбү?

Azattyk.org 

Маданият министрлиги мамлекеттик маданий мекемелерде фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салууну сунуштады. Демилге маданий чөйрөдө ар кандай талкууланып, айрымдар бул сапаттуу музыканы өнүктүүгө аракет, күйөрмандын укугун коргоо десе, айрымдар чыгармачылыкты чектөө катары баалап жана андай кадамга барууга азырынча техникалык мүмкүнчүлүк жок экенин эске салышты.

Казакстандын Мажилисинин төрагалыгына Нурлан Нигматулин кайра шайланды

Azattyk.org 

Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасы Мажилистин жаңы чакырылышы ишин баштады.  Жетинчи чакырылыштагы парламенттин алгачкы сессиясында президент Касым-Жомарт Токаев сөз сүйлөдү. Анда президент өлкөдө парламентке өтүү босогосун жети пайыздан беш пайызга төмөндөтүү, сот системасын реформасын аягына чыгаруу сыяктуу билдирүүлөрдү жасады. Жыйындын жүрүшүндө Мажилистин спикерлигине Нурлан Нигматулин кайрадан шайланды. Буга чейин анын талапкерлигин Казакстандын мурдагы президенти, «Нур-Отан» партиясынын... Читать дальше...

Индонезияда жер титирөөдөн 30дан ашык адам набыт болду

Azattyk.org 

Индонезиянын Сулавести аралындагы жер титирөөдөн 34 киши каза болуп, 50дөн ашуун адам жабыркады. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, силкинүүнүн күчү 6,2 баллга чейин жеткен. Таңга маал болгон бул окуядан улам миңдеген адамдар үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Өлкө бийлигинин маалыматы боюнча, зилзаладан улам жер көчүп, 60дан ашык үйдү, эки мейманкананы, провинциянын губернаторунун кеңсесин басып калган. Жергиликтүү метеорологиялык агенттик жер кайра силкиниши мүмкүн экенин эскертүүдө. Читать дальше...

Финпол ПЦР тесттердин жасалма жыйынтыгын даярдаган кылмыш тобун аныктады

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматтын (Финпол) Сокулук жана Москва райондорундагы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери коронавирустун жоктугун билдирген ПЦР тесттердин жасалма корутундусун даярдап жүргөн кылмыш тобун аныктады. Бул факт бирдиктүү реестрге Кылмыш кодексинин 359-беренеси ("Документтерди жасоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылган. Финполдун басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, мындай жасалма корутундулар 1-2 сааттын ичинде берилген... Читать дальше...

Кышкы туризм: ээнсиреген мейманканалар

Azattyk.org 

Пандемияга байланыштуу быйыл чет элдик туристтердин жоктугунан Ысык-Көлдөгү мейманкана бизнеси артка кетти. Кышкы туризмге ылайыкташкан ишкерлер да мурдагыдай эл жоктугун, бир нече мейманкана жабылууга мажбур болуп жатканын айтышууда. 80 миң калк жашаган Каракол шаарында эле 80ден ашык мейманкана бар, демек атаандаштык да күч.

Спорт в России и мире
Москва

Like FM – федеральный партнер релиза «Идеальная зависимость»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Хачанов объяснил, почему снялся с турнира ATP 500 в Барселоне


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

АО «Транснефть – Дружба» подвело итоги деятельности в сфере экологической безопасности





Путин в России и мире
Москва

Кремль: в Москве 22 апреля состоится встреча Путина с Алиевым


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Очередные кадровые назначения объявлены в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

В Москве арестован на пять суток историк-публицист Сергеев за пост памяти Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Елена Волкова

Стали известны дата и место проведения II Международного телевизионного конкурса детской авторской песни «Наше поколение»



Москва

Более 2,2 тыс дорожных ям заделали в трех округах Подмосковья за неделю

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net