Мамэкотехинспекция Бишкекте сатылган көмүрдүн радиациясын текшерди
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция (Мамэкотехинспекция) Бишкек жана Чүй облусундагы алты базада сатылып жаткан көмүрдүн сапатын текшерип, бардык талапка жооп берет деген жыйынтык чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, көмүрдүн экологиялык стандарттарына шайкештиги жана радиациясы атайын аппарат менен текшерилди. Алар сапаты Кыргызстандын Радиациялык коопсуздук боюнча техникалык регламентинде көрсөтүлгөн нормадан ашык болбогону аныкталды. Читать дальше...