Талиптер Батыш Ооганстанда 12 кишини, Кабулда 2 кишини мерт кылышты
Ооганстандын батышындагы Герат вилайетинде талиптер өкмөттүк коопсуздук күчтөрүнө кол салып, 12 жоокерди өлтүрүштү. Расмий бийликтер бул кол салуу ичтен болгон, деп мүнөздөштү. Герат полициясынын басма сөз өкүлү Абдул Ахад Вализаде бул кол салуу 15-январда кечкурун болгонун жана аны бери дегенде эки талип тыңчысы жоокерлердин катарына кирип алып жүзөгө ашырышканын айтты. Кол салгандар набыт болгондордун курал-жарактарын алып качышкан. Вализаденин айтымында, эми жоочулар кол салган аймак кайрадан өкмөттүк көзөмөлгө өттү. Читать дальше...