Беларустун ар кыл шаарларында Лукашенкого каршы чакан жүрүштөр өтүүдө
9-январда Беларустун ар кыл шаарларында Александр Лукашенконун режимине каршы нааразылык жүрүштөрү конуштардын деңгээлинде атайылап чачкын уюшурулду. “Азаттыктын” Беларус кызматынын маалымдашынча, нааразылык жүрүштөрү ишембиде таң куланөөк сөгө электе эле башталды. Минск шаарынын чыгышында, Сухарево, Уручча, Новая Боровая, Лошица, Сляпянка, Степянка ж.б. конуштарында, ошондой эле Брест, Гродно шаарларында ушундай жүрүштөр уюштурулду. Тасма. А.Лукашенконун режимине каршы нааразылык жүрүшү. Читать дальше...