АКШнын Өкүлдөр үйү Трампка импичмент жарыялоо сунушун колдоду
АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр үйү президент Доналд Трампка импичмент жарыялоо тууралуу резолюция долбоорун колдоп добуш берди. 13-январдагы талкуу палатада көпчүлүктү түзгөн демократтардын демилгеси менен өттү, чечимди бир нече республикачы конгрессмендер да колдоп беришти. Бул резолюция долбоорун колдоо үчүн зарыл болгон 218 добуштан көбүрөөк - 232 добуш берилди, 197 ага каршы берилди.
Эми бул чечимдин негизинде АКШ Сенаты президент Трамптын ишин соттук териштирүүгө алышы керек. Айыптоону Сенаттын кеминде 67 мүчөсү колдошу керек, азырынча бир да чечим андай босогодон өтө элек.
20-январда кызматынан кетип жаткан Доналд Трамп өлкө тарыхында эки жолу импичмент жарыялоо аракетине кабылган жалгыз президент болуп калды. Мунун алдында вице-президент Майк Пенс Конституциянын 25-түзөтүүсүнө таянып, Трампты кызматынан кетирүү жараянын баштабай турганын билдирген.
Талкууга коюлган документте Трамп 6-январдагы Капитолийге кол салган окуяларга байланыштуу өз тарапташтарын "козголоң чыгарууга козуткан" деген доо менен айыпталды. Ал күнү Трамптын тарапкерлери баш калаадагы Ак Үйдүн жанында нааразылык митинг өткөргөндө, президент Трамп митингчилердин алдында чыгып сүйлөгөн жана өз кайрылуусунда 2020-жылдын 3-ноябрындагы президенттик шайлоо "одоно мыйзам бузуулар, добуш бурмалоолор менен коштолду" деп жүйөөсүз айткан дооматтарын кайталаган жана АКШ Конгрессинин эки үйү 6-ноябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын расмий бекитүүгө чогулганда ага каршылык көрсөтүүгө чакырган.
Ак Үйдөгү митингден кийин жаалданган топ АКШ Конгресси отурган Капитолийге кирип барган. Кагылышуулар маалында беш киши өлгөн. Трамп эртеси гана ал зомбулукту айыптаган.
Шаршембидеги (13-январдагы) Өкүлдөр үйүнүн отурумунда мыйзам чыгаруучулар адегенде процедуралык маселелерди колго салышты. Ал жактырылгандан кийин кызуу дебаттар болду.
Палатанын спикери, демократ Нэнси Пелоси айым: «АКШнын президенти биздин өлкөбүзгө каршы бул куралдуу козголоңго шыкактаганын билебиз», - деп билдирди. Ал Капитолийге чабуул койгон адамдарды «мекенчилдер» эмес, «ички террорчулар» деп атады.
Өкүлдөр үйүндөгү Трампты коргогон республикачылар «демократтар ал президенттикке келген биринчи күндөн бери эле импичмент жарыялоого аракеттенишүүдө», - деп билдиришти.
Андан кийин республикачылар жарымын түзгөн Сенат териштирүү баштоого тийиш. Бирок Трамптын кызматтагы мөөнөтү аяктагыча Сенат отурумга чогула алабы, же сенаторлор ага үлгүрүшпөйбү, азырынча белгисиз. Биринчи импичмент жарыялоо аракети болгондо спикер Пелоси Сенатка тиешелүү документтерди өткөрүп бериш үчүн бир ай күткөн.
Шайланган президент Жо Байден 20-январда ант берип, кызматына расмий киришмекчи.
12-январда Трамп өткөн жумадагы окуя үчүн жоопкерчилик алуу чакырыктарын четке кагып, импичмент демилгесин «мастен табуу сыяктуу куугунтукка» теңеген.
Капитолийди ушу тапта Улуттук гвардиянын аскерлери кайтарып турушат.