Генерал Дехган: Америка менен сүйлөшпөйбүз
Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеинин аскердик кеңешчиси Хоссейн Дехган англиялык “Financial Times” басылмасына берген маегинде, Иран Америка менен ар тараптуу согушууну көздөбөөрүн, бирок бул өлкө менен сүйлөшүүлөр дагы маанисиз экенин баса белгиледи.