Ухандан кайткан кыргыз жарандары
Кыргызстан 2-февралда Кытайдын Ухань шаарындагы 18 жаранын алып келди. Алар 14 күн коронавируска каршы атайын даярдалган ооруканада болушат.
Кыргызстан 2-февралда Кытайдын Ухань шаарындагы 18 жаранын алып келди. Алар 14 күн коронавируска каршы атайын даярдалган ооруканада болушат.
Нарын дарыясында кыш чилдеде дарыядан алтын күкүмүн чогулткандар. Тиричиликтин айынан Орусияда иштеп жүргөн уул-кыздарынын балдарын баккан эненин түйшүгү. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Украина президенти Владимир Зеленский Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен Киевде соода алакалары тууралуу сүйлөшүү үчүн жолугушту. Украин президентинин администрациясы билдиргендей, жолугушууда эки тарап "бардык тармактар боюнча кызматташууну жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөнү" талкуулашты. Буга чейин эки лидер былтыр августта Анкарада жолугушкан. Алар бул ирет украин-түрк бизнес форумуна да катышары күтүлүп жатат. Былтыр жазында президенттик шайлоону жеңип мамлекет башына келген... Читать дальше...
Азияда коронавиурс жайылып, элди камтама кылып жаткан кезде Латын Америкасында денге илдети күч алды. Боливияда акыркы жумада кеминде 10 киши бул оорудан көз жумду. Дарыгердер абалды өтө олуттуу деп мүнөздөп жатышат. Боливиянын бийлиги догдурларга жардамга аскерлерди тартты. Алар айыл жергесиндеги жана чоң шаарлардын четиндеги турак жайларга чымын-чиркейге каршы заттарды чачып жатышат. Өлкөдө денге илдетине 10 миңге чукул киши чалдыкканы кабарланды. Ооруну арбовирустар козгоп, чиркейлер ташыйт. Читать дальше...
Дүйшөмбүдө АКШнын Айова штатында демократиялык партиянын алгачкы ички жыйыны - кокустар өтөт. Анда партиянын атынан президенттик жарышка катышчу талапкерди тандашат. Адегенде президенттик орун үчүн ат салышабыз деген 25 киши чыкса, азыр 11 үмүткөр калды. Алардын ар бири жеңишке умутулуп, Дональд Трампты экинчи мөөнөткө өткөрбөйбүз деп убада беришүүдө. Сурамжылоолор көргөзгөндөй, сенатор Берни Сандерс жана мурдагы вице-президент Жо Байден алдыда баратышат. Аларга удаа аз ажырым менен сенатор Элизабет... Читать дальше...
Иран бийлигинин өкүлү билдиргендей, Тегеран Киевге Иранда атып түшүрүлгөн учак тууралуу далилдерди бөлүшүүнү токтотот. Бул кадамга алар тергөөнүн аудиосу украин маалымат каражаттарына чыгып кеткенден кийин барышкан. Жарым-жартылай мамлекеттик деп саналган "Mehr" агенттиги Ирандын Жарандык авиация мекемесинин өкүлү Хасан Резаифарга таянып, бир күн мурда чыгып кеткен аудиого байланыштуу ушундай чара кабыл алынганын 3-февралда жазды. "Украин авиакомпаниясынын кырсыкты иликтөө боюнча тобу украиналык... Читать дальше...
АКШнын кыргызстандыктарга иммиграциялык жана грин-кард визаларын алууга чектөө киргизиши Кыргызстанда кызуу талкууланууда.
Кой-Таш окуяларына байланыштуу шек саналып, №1 тергөө абагында отурган Равшан Жээнбеков сотторго кайрылды. Ал кайрылуусунда сотторду көз карандысыз жана эрктүү болууга чакырган. “Ар бир президент бийликке келатканда сот реформасы, адилеттик, эгемен сот системасы жөнүндө убадаларды берет. Бирок алар бийликтен кетээри менен биз коррупциялашкан жана андан көз каранды болгон сот системасын көрөбүз. Урматтуу соттор, көз карандысыз болгула, чечимдерди саясий режимдин көрсөтмөсүсүз кабыл алгыла. Чечимдерди... Читать дальше...
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелл Тегеранда тышкы иштер министри Жавад Зариф менен жолугушту. Эки тарап Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы чыңалууну жөнгө салуу тууралуу сүйлөшүштү. Бул Борреллдин кызматка киришкени Иранга жасаган алгачкы сапары. Ал ошондой эле Ирандын президенти Хасан Роухани жана парламенттин спикери Али Ларижани менен жолугары пландалып жатат. 2015-жылы Тегеран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден эки... Читать дальше...
3-февралда Иран Исалм Республикасы менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгында жаңы барак ачылды десек болот. Себеби бул күнү 12 жылдык тыныгуудан кийин эки өлкөнүн ортосундагы Тегеран – Дүйшөмбү – Бишкек – Тегеран авиа каттамы алгачкы ирет жүргүнчүлөрдү тейледи.
3-февралга оогон түнү саат 3 чамасында Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жол кырсыгынан жети адам мүрт кетти.
Кытайда коронавирустан 360 киши өлдү. Президент Владимир Зеленский Тегеран курман болгон ар бир украиналык үчүн 80 миң доллар кенемте төлөөнү сунуш кылганын, бирок Киев аны аз деп четке какканын билдирди.
Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары биримдиктеги чектөөлөр менен тоскоолдуктарды жоюу маселесин талкуулашты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сириядагы эл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар деп шектелген кишини кармады. Атайын кызмат шектүү Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин 39 жаштагы жараны экенин маалымдады. Кармалган киши УКМКнын тергөө абагына киргизилип, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. (TSh)
Сириянын түндүк-батышындагы атышууда түрк аскерлери Башар Асаддын армиясынын ондогон жоокерлерин жок кылды. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Украинага баратып Стамбул аэропортунан билдирди. Ал түрк тарап бул кадамга Сириянын армиясы алты түрк аскерин атып өлтүргөн соң барганын билдирди. Маалыматты Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөгөн обсерватория да бышыктап, өкмөттүк күчтөрдүн 13 аскери жок кылынганын кабарлады. Эрдоган ошондой эле Дамасктын негизги союздашы Москваны бул тирешүүгө кийлигишпөөгө чакырды. Читать дальше...
3-февралда Бишкектеги Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдына АКШнын грин-карт лотереясын утуп алып, бирок бул өлкөгө кете элек адамдардын тобу чогулду. Алар министрликке визалык чектөө киргизилген өлкөлөрдүн тизмесинен чыгуу үчүн аракет көрүүгө чакырган кайрылуу тапшырышты. Чогулгандардын бири Марлис Чороновдун айтымында, кайрылуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун атына жазылган: - Тышкы иштер министри Айдарбековдун дарегине жазылган катты тапшырып чыктык. Биз жыл сайын АКШнын визалык... Читать дальше...
Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 3-февралда Ташкенде жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору, анын ичинде АКШнын кыргызстандыктарга киргизген визалык чектөөсүн жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды. "Американын чечими кыргыз жарандарынын кызыкчылыгын түздөн-түз козгоп жатканын министр дагы бир ирет баса белгиледи. Бул багытта тыгыз өз ара аракеттенүүнү... Читать дальше...
«Азаттык» радиосунун «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында Дүйнөлүк жоолук күнүнүн тарыхын, анын өлкөбүздө кандай деңгээлде белгиленип жатканын, коомдогу жоолук, хижаб маселелерине байланышкан көйгөйлөрдү талкууладык.
Кембридж университетинин профессору Жон Данн АКШнын Палестина менен Израилдин маселесин жөнгө салуу боюнча “кылым келишими” планы палестиналыктардын азап-тозогун толуктап, аларды көрмөксөнгө салып жатат деп “Fars News” агенттигине берген өзгөчө маегинде билдирди.
Кошмо Штаттардын мамкатчысы Майк Помпео Борбор Азияга жана Чыгыш Европага жасаган беш күндүк сапарынын акыркы күнүндө Ташкентке барды. Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Помпео менен жолугушкандан кийин анын өкмөтү коңшу Ооганстандагы кырдаалды жөндөө боюнча АКШ менен иштешүүнү улантарын жана башка тармактар боюнча да кызматташууга үмүттөнөрүн айтты. - Вашингтон Өзбекстанда былтыр дин тутуу, мажбурланган балдар эмгеги, адам укуктары жаатында жетишилген ийгиликтерди жана сөз эркиндигин... Читать дальше...
Өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун апелляциялык арызы 25-февралда Жогорку сотто каралат. Бул тууралуу "Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, укук коргоочунун арызын кароо талабын кыргыз бийлигине БУУнун адам укуктарынын сакталышы боюнча жыйынында бир нече өлкөнүн өкүлдөрү берген: - Абалы начарлап кетти. Өзү да туугандарына кат жазып, коштошуп жатыптыр. Ошондон улам биз дагы өкмөткө кайрылып, үй камагына чыгаруусун суранганбыз. Читать дальше...
4-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -26…-31, күндүз -13…-18; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9... Читать дальше...
Кытайда коронавирус жайылып жаткандыктан Иран менен Казакстан Ухань шаарынан өз жарандарын чыгарып кетүүнү башташты.
2015-жылы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан партиялар ошол кезде берген убадаларынын 20% да аткара элек. Politmer.kg сайты жүргүзүп жаткан талдоонун баштапкы жыйынтыгы беш жыл мурунку убадалардын жарымы да аткарыла элек экенин көрсөттү. Толук баяндама 2020-жылдын апрелинде жарыяланмакчы. Басылманын маалыматына караганда, мурдагы шайлоодо Жогорку Кеңешке өткөн партиялар көбүнчө популисттик мүнөздөгү саясий, экономикалык жана социалдык темадагы убадаларга, чакырыктарга басым жасашкан. Маданият жана экология темасына көп көңүл бурулган эмес.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.