123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2020

Новости за 10.02.2020

Жамбыл облусунун, Кордай районунун жетекчилери иштен алынды

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев улут аралык жаңжал чыккан Жамбыл облусунун губернаторун баш кылып, бир катар жергиликтүү жетекчилерди иштен алуу жөнүндө буйрукка кол койду. Казак бийлиги 7-8-февралда Кордай районунда 10 киши каза таап, ондогон адам жараат алган тополоңду иликтөө үчүн 25 кылмыш иши козголгонун билдирди. Кордай районунун Масанчи, Аукатты жана Булан-Батыр айылдарындагы улут аралык тополоңдо 10 адам каза болгон. Дагы ондогон адам жараат алган. Президент Токаев мына ошол... Читать дальше...

Орус соту «Сеть» иши боюнча айыпталгандарды узак мөөнөткө кести

Azattyk.org 

Пензанын соту террористтик делген «Сеть» деп аталган топтун мүчөлөрүнө өкүмүн угузду. Алар 23 жылдан 30 жылга чейин эркинен ажыратылды. Айыпталгандар кысым алдында күнөөсүн мойнуна алышканын айтышкан. Сот айыпталгандарга прокуратура сураган жаза мөөнөтүн чегерди. Дмитрий Пчелинцев 18 жылга, Илья Шакурский - 16, Андрей Ченов - 14, Максим Иванкин - 13, Михаил Кульков - 10, Василий Куксов - 9, Арман Сагынбаев алты жылга кесилди. Бул топтун мүчөлөрүн 2017-жылы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы кармап... Читать дальше...

Валентина Шевченко чемпион бойдон калды

Azattyk.org 

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFCнин аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук курун үчүнчү жолу коргоп калды. 8-февралда АКШнын Хьюстон шаарында өткөн беттеште Валентина америкалык Кетлин Чукогянды жеңди.



Кордайдагы окуяларга байланыштуу 25 кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Казак бийлиги 7-8-февралда Кордай районунда 10 киши каза таап, ондогон адам жараат алган тополоңду иликтөө үчүн 25 кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул тууралуу Сортөбе айылында уюшулган маалымат жыйынында Казакстандын вице-премьер-министри Бердибек Сапарбаев билдирди.   «Массалык башаламандык, башаламандыкка чакыруу, адам өлтүрүү, бейбаштык, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, мүлктү жок кылуу, мыйзамсыз курал-жарак жасоо» деген негизде тергөө иштери башталды. Сапарбаев ошондой эле президент... Читать дальше...

ЕККУ: Азербайжанда шайлоочуларга басым болду

Azattyk.org 

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун байкоочуларынын пикиринде, парламенттик шайлоодогу көптөгөн мыйзам бузуулар анын расмий жыйынтыгынын тактыгынан шек туудурат. Азербайжанда шайлоого бир нече талапкер катышканына карабай, чыныгы атаандаштык болгон жок. Миссиянын алгачкы баяндамасында мыйзамдык чектөөлөр бир катар талапкерлердин шайлоого катышуусуна бөгөт койгону белгиленет.  Мындан сырткары шайлоочуларга басым болгону айтылат. Читать дальше...

Алайдагы көмүр кенине каршы митинг

Azattyk.org 

Алай районунун Согонду айылынын тургундары айылдан 2500 метр аралыктагы Тайгак-Таш аймагынан көмүр казууга каршылык билдирип чыгышты. Жергиликтүү тургундар муну арчалар кыйылып, Гүлчө дарыясы булганып, жаратылышка кесепети тиет деп негиздеп жатышат.

Коронавирус 40 миңдей кишиге жукту

Azattyk.org 

Кордайдан качып Кыргызстанга келгендер артка кайтып жатышат. Азербайжанда өткөн шайлоодо президент Илхам Алиевдин партиясы жеңди. «Оскар» сыйлыгынын «Жылдын эң мыкты тасмасы» номинациясын Түштүк Кореянын «Мителер» фильми алды.



Жээнбеков Токаев менен Кордайдагы абалды талкуулады

Azattyk.org 

10-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Казакстандын Кордай районунда түзүлгөн абалды талкуулады жана колдоосун билдирди. Бул тууралуу президенттин сайты жазды. Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин атынан Кордай районунда болгон окуянын кесепетинен курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез айыгып кетүүсүн каалады. Президент Кыргызстан оор мезгилдерде боордош казак элине ар... Читать дальше...

Эки президент Кордайдагы абалды талкуулады

Azattyk.org 

Кордай районундагы кырдаалдан улам Кыргызстанга качып өткөн казак жарандарынын айрымдары мекенине кете баштады. Ал эми бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен Кордай районунда түзүлгөн абалды талкуулады.

«Мителер» Голливудду багындырды

Azattyk.org 

"Оскар" киносыйлыгынын тарыхында биринчи жолу чет тилде тартылган тасма баш байгени жеңип алды. Түштүк кореялык режиссер Пон Чжун Хонун "Мителер" аттуу тасмасы «Эң мыкты фильм» деп табылды. Лос-Анжелесте 9-февралда өткөн сыйлык тапшыруу аземинде бул тасма дагы үч "Оскарга" ээ болду.

Ирандын Орусиядагы элчиси: Тегерандын өзөктүк келишимден чыгуу ниети жок

Ca-irnews.com (kg) 

Ирандын Орусиядагы элчиси Казем Жалали Тегерандын өзөктүк келишимден чыгуу ниети жок экенин айтып, бирок эгер кысымдар улантыла берсе, анда башка чечимдерди кабыл алабыз деп билдирди.

Бишкек-Астана: Кордайдагы абал талкууланды

Azattyk.org 

Кордай районундагы кырдаалдан улам Кыргызстанга качып өткөн казак жарандарынын айрымдары мекенине кете баштады. Ал эми бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен Кордай районунда түзүлгөн абалды талкуулады.

Армения Конституциясын өзгөртүү үчүн референдум өткөрөт

Azattyk.org 

5-апрелде Армения Баш мыйзамын өзгөртүү үчүн референдум өткөрөт. Буйрукка президент Армен Саркисян 9-февралда кол койду. Өткөн аптада парламент референдум өткөрүүнү колдогон. Референдумдан кийин 2018-жылы Никол Пашинян бийлик башына келгиче дайындалган Конституциялык соттун тогуз мүчөсүнүн жетөө кызматтан кетиши мүмкүн. Жаңы жети судьяны Пашиняндын “Менин кадамым” блогу көпчүлүктү түзгөн Элдик Ассамблея көрсөтөт. Ал эми кийинчерээк дайындалган эки сот өз ордунда кала берет. Премьер-министр Пашинян... Читать дальше...

Түркия Сирия менен чек арасын бекемдеп жатат

Azattyk.org 

Түркия Сирия менен чек арасына оор аскердик техника жайгаштырууну улантууда. Расмий Анкара билдиргендей, бул даярдык Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн Идлиб шаарындагы соккуларын ооздуктоо максатында көрүлүп жатат.  Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар "Hürriyet" басылмасындагы маегинде эгер Сириядагы чатакты токтотуу боюнча Орусия менен жетишилген макулдашуу сакталбаса, Анкара өз планын ишке ашырарын билдирди.  Өткөн аптада түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириянын өкмөттүк күчтөрү ушул айдын аягына чейин Идлибден чыгып кетпесе... Читать дальше...

Европаны катуу бороон каптады

Azattyk.org 

Европанын түндүк аймагын катуу бороон каптап, жүздөгөн аба каттамдары токтоду. Британияда «Киара» деп аталган жаан аралашкан катуу шамалдын ылдамдыгы секундасына 40 метрге жетти. Хебден-Бриж, Ланкашир шаарларында дарыялар нугунан чыгып, жүздөгөн турак жайды суу каптады. Бак-дарак кулап, электр зымдары үзүлдү. Ушул эле бороон Германияда «Сабина» деп аталып, соңку жылдардагы эң катуу бороон-чапкын деп мүнөздөлүп жатат. Амстердамдагы «Схипхол» аэропортунда 240 аба каттамы токтотулду. Франция менен Ирландияда тургундарга эскертүү берилип... Читать дальше...

Оштун экс-мэри Мырзакматовдун соту 25-мартка калды

Azattyk.org 

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун 10-февралга белгиленген соту 25-мартка жылып калды. Бул маалыматты Жогорку сот тастыктады. Кабарларга караганда, сотту жылдырууну экс-мэрдин жактоочулары өтүнүшкөн. Азырынча укук коргоо органдарынан экс-мэрге карата кайсы иш боюнча сот отуруму болуп жатканын тактоого мүмкүнчүлүк боло элек.  Мелис Мырзакматовго 2014-жылы ноябрда кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. Ага «Оштун мэри болуп иштеп турганда эстакада көпүрөсүн курууда 30 миллион... Читать дальше...

Түркиянын Ватан партиясынын лидери: Ислам революциясы – Иранды аймактык ири державага айлантты

Ca-irnews.com (kg) 

Түркиянын Ватан партиясынын лидери Догу Перинчек “Шахтын кулатылышы менен Америка жана Израиль аймактагы өзүнүн маанилүү союздашын жоготту, бирок Ислам революциясы Ирандын элин жана бийлигин империализм жана сионизмге каршы  күрөшүүдө аймактык ири державага айлантты”, - деп билдирди.


Музыкальные новости
Linkin Park

Умники, Linkin Park, поэты. 13 идей, куда сходить на этой неделе в Барнауле





Персональные новости
Желдорреммаш

На ЧЭРЗ приступили к реорганизации производственной площадки





Ирандык жасалма жандоочу Жердин орбитасына жетпей калды

Azattyk.org 

9-февралда Ирандын мамлекеттик телеканалы Иранда жасалган «Зафар» жасалма жандоочу орбитага жетпей калганын жарыялады. Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Ахмад Хоссейни «Зафар» жетиштүү ылдамдыкка ээ боло албай, «пландалгандай орбитага жетпей калганын» телеканалга айтты. 2019-жылдан бери Ирандын үч жолку жандооч учуруу аракетинен майнап чыккан жок. Вашингтон Тегеранды бул программасынын алкагында «баллистикалык ракеталарды жасап жатат» деп айыптап келет.      Кабарларда айтылгандай, Жердин... Читать дальше...

Токмок ооруканасында эки казакстандык калды

Azattyk.org 

Токмоктогу аймактык ооруканада ушул тапта Казакстандын эки жараны бар, алардын абалы туруктуу. 10-февралда эки адамды Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги алып кетти. Ал эми бирөө ооруканадан чыгарылган. Бул тууралуу аталган ооруканадан кабарлашты. 9-февралда Кордайда жараат алган сегиз казакстандык Алматыга жиберилген. Аларды Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Камалжан Надыров алып кеткен. 8-9-февраль күндөрү медициналык жардам сурап, 34 казакстандык кайрылган. Алардын ичинен 21 киши ооруканага жаткырылган. Читать дальше...

Аба ырайы кескин өзгөрөт

Azattyk.org 

11-13-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда нөшөрлөп жамгыр жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу райондордо күрткү түшөт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз -1…+4; Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз -2…+3; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 2…7; Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5; Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -3…-8 градус болот. Читать дальше...

Фонд: ак илбирстин эки көзү тең көрбөй калды, дарылоого болбойт

Azattyk.org 

Таласта табылып, Бишкекте багылып жаткан жарадар ак илбирстин көзүн дарылоого болбойт. Бул тууралуу «Бугу-Эне» коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сейитова маалымдады. Анын айтымында, адистер илбирстин эки көзү тең көрбөй калганын аныкташты.  10-январда Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин ветеринардык клиникасында ак илбирске операция жасалып, анын башына тийген 70тен ашык бытыранын 18 калдыгы алынган.   Агенттик ак илбирстин башына бытыра кокусунан тийген болушу ыктымал экенин билдирген. Читать дальше...

Үй-бүлө курууга үйрөткөн үч айлык

Azattyk.org 

Жалал-Абадда «Мен - жаш үй-бүлө» аттуу үч айлык окуу башталды. Анда 20 кыз үй-бүлө курууга даярдык тууралуу сабак окуп жатат. Мэриянын жаштар комитети уюштурган саамалык жаш үй-бүлөлөрдөгү ажырашуунун алдын алууну көздөйт.

УКМК: 10500 жасалма евро сатууга аракеттенген жаран кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынан 10 500 евро өлчөмүндө жасалма акча каражатын сатууга аракет кылган 27 жаштагы жаран 7-февралда кармалганын кабарлады.  Баштапкы маалымат боюнча, шектүүнү кармоого акча алмаштыруучу жайлардын биринин кассири жардамдашкан. Учурда кылмышка шектүү атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди. Бул ишке тиешеси бар башка кишилерди аныктоо жүрүп жатат. Улуттук банктын сайтындагы расмий акчанын курсу менен эсептегенде 10500 евро 800 миң сомго жакын каражат болот. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Блиц-матч по шахматам между двумя командами провели в павильоне «Спорт для каждого»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Азаренко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Майами


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о создании информационной системы состояния окружающей среды





Путин в России и мире
Москва

Глава МЧС России Александр Куренков представил начальника московского подразделения ведомства


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

«С какой целью вы пришли почтить память? Он вам родственник?» В Москве осудили девушку, которая пришла возложить цветы в память о Навальном



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Диана Арбенина

Певица Диана Арбенина призналась, что улетела из России ради матери



Москва

Жителей Дубны пригласили на занятия по оказанию первой помощи

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net