Ош шаардык милициясы 100 килограммдан ашуун баңгизатты колго түшүрдү
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милициясы Жалал-Абад облусунун Үч-Терек айылынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн шектүү катары 42 жаштагы адамды кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шектүү жашаган үйдү кароо учурунда жалпы салмагы 101 килограмм 335 грамм баңгизат табылган. Атайын экспертиза анда табылган баңгизат марихуана (кара куурай) экенин аныктады. Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө баңгизатты... Читать дальше...