Эр-Рияд мурдагы тажик командирин мекенине өткөрүп берди
Бириккен араб Эмирлиги мурдагы тажик командири, жарандык согушта "Элдик фронтту" жетектеген Хужа Каримовду Тажикстанга өткөрүп берди. Ал өз мекенинде адам өлтүрүүгө, талап-тоноого, адам уурдоого жана башка кылмыштарга айыпталган. 17-февралда Тажикстандын ички иштер министрлиги беш жылдык жарандык согушта өкмөттүк күчтөрдүн командири болгон Каримов Дүйшөмбүгө экстрадицияланганын билдирди. Экс-командирди Интерпол былтыр жайында Дубай шаарында Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен кармаган. Тажикстанда жарандык согуш 1992-жылы башталып... Читать дальше...