Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2020

Новости за 25.02.2020

Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарак дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Убагында Египетти дээрлик 30 жыл бою башкарып турган Хосни Мубарак 25-февралда, 91 жаш курагында көз жумду. Ал өлкөнү 1981-жылдан 2011-жылга чейин башкарып турган. 1981-жылы 6-октябрда Каирде аскердик парад учурунда Египеттин ошол кездеги президенти Анвар Садат террорчунун огунан мүрт кеткен. Көп өтпөй анын ордуна Хосни Мубарак президент болуп келген. 1987-1993 жана 1999-жылдары референдум аркылуу улам шайланып отурган.  2005-жылы өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүү киргизилип, бардык партияларга... Читать дальше...

Ирандын саламаттык сактоо министринин орун басарына да коронавирус жукту

Azattyk.org 

Ирандын саламаттык сактоо министринин орун басары Иража Харирчи коронавирус илдетин жугузуп алганын өзү ырастаганын «Азаттыктын» Иран кызматы билдирди. Харирчи 24-февралда өзүнүн дене табы жогорулап кеткенин, анализинин жыйынтыгында коронавируска кабылганы аныкталганын видеого тартып, социалдык тармактар аркылуу жарыялаган. Ал азыр карантинге алынганын, өзүн жакшы сезип жатканын, министрликтин милдетин телефон аркылуу аткарып жатканын жазган. Ал коронавирусту Иран жакынкы апталарда толук жеңгенге милдеттүү экенин кошумчалаган. Читать дальше...

Помпео Тегерандан коронавирус тууралуу чындыкты айтууну талап кылды

Azattyk.org 

Иранда жаңы вирустан дагы үч киши көз жумду. Ошону менен жугуштуу оорудан өлгөндөрдүн саны 16га жетти. Иран Кытайдан кийин эле вирустан көп адам өлгөн өлкө болуп калды. 25-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Тегерандан коркунучтуу илдеттин жайылып баратканы тууралуу чындыкты айтууну талап кылды. «Иран жайылып бараткан вируска байланыштуу маалыматты толук бөлүшпөй жатканына Кошмо Штаттар тынчсызданууда. Бардык өлкөлөр, анын ичинде Иран коронавирус тууралуу ачык айтып, эл аралык гуманитардык уюмдар менен кызматташуусу керек”... Читать дальше...



Качкан Кимсанов камакка алынган жок

Azattyk.org 

Мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго каршы чыккан Эмилбек Кимсанов Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. Сот аны үй камагына чыгарды. Кимсанов менен спортчу Төлөгөн Рахманберди уулуна издөө жарыяланган эле.

Жарандык активист өмүрүнө коркунуч болуп жаткан айтып, президентке кайрылды

Azattyk.org 

Таластагы "Жер-Үй" алтын кенин иштетүү боюнча элдик комиссиянын мүчөсү Айбек Мырза мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жолдоду. Ал айрым адамдар алтын кенин иштетүү боюнча элдик комиссиянын ишине каршылык кылып, 20-февралдагы жыйынды үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышканын айтты: "20-февралдагы жыйыныбызда белгисиз адамдар залга кирип келип, мени сыртка сүйрөп чыгууга аракет кылышты. Бирок комиссия мүчөлөрүнүн аракети менен отурум аягына чейин уланды. Жыйындан чыккан учурунда облустук... Читать дальше...

Орусия Тажикстанда беш мектеп курат

Azattyk.org 

Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тажикстандык кесиптеши менен өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди. «Орусия Тажикстанда беш мектеп куруу тууралуу макулдашууну жактырды. Ал мектептер Дүйшөмбү, Куляб, Хожент, Бохтар жана Турсунзаде шаарларында курулат. Бул мектептерде билим берүү орус тилинде болот». Мектептердин ар бири 1200 балага эсептелинген. Мектептерди куруу тууралуу макулдашууга өткөн жылы тажик президенти Эмомали Рахмон жана орус президенти Владимир Путин кол коюшкан. Читать дальше...

Жогорку сот Аскаровдун ишин карап баштады

Azattyk.org 

Жогорку сот 2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароону 6-апрелде улантмай болду. Буга 25-февралдагы алгачкы сот отурумунда прокурорлор кассациялык арызга кошумча жүйөлөр киргизилгендиктен, иш менен таанышууга убакыт сурап, өтүнүч келтиргени себеп болду. Укук коргоочунун Жогорку соттогу алгачкы отурумуна эл аралык укук коргоо уюмдарынын, элчиликтердин өкүлдөрү да келди. Сот залына журналисттер киргизилген жок. Муну... Читать дальше...

Ошто БШКнын ресурстук-маалыматтык борбору ачылат

Azattyk.org 

Бул тууралуу 25-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов менен жолугушуу учурунда билдирди. Аталган борбордо аймактык шайлоо комиссияларынын кызматкерлери жана ыктыярчылары окутулат. Шайлоо, демократиялык башкаруу формасы, парламент жана жергиликтүү бийлик органдары тууралуу кеп-кеңештер берилет. Мындан тышкары БШК төрайымы 12-марттан тарта шайлоо өнөктүгүнүн алкагында үгүт иштери башталарын, ЭлТР мамлекеттик телеканалында шайлоого... Читать дальше...



Бала бакчанын жетекчиси менен журналисттин тиреши

Azattyk.org 

Оштогу «Т-Медианын» кабарчысы Самара Парпиева «Мөл-Булак» бала бакчасынын мурдагы жетекчиси тарабынан коркутууга кабылганын билдирди. Ал эми аталган бала бакчанын жетекчиси Тургунай Касымова журналист акча талап кылганын айтып, Ош шаардык прокуратурасына кайрылды.

Коронавирус расизмди козгоду

Azattyk.org 

Коронавирус дүйнөгө жайылып, Европага кирип баратат. Ооруну жугузгандардын саны жагынан Италия үчүнчү орунга чыкты. Өлкөдө чукул карантин иштери жүргүзүлүп жатат. Кытайдын өзүндө эле 77 миң адамга оору жукту. Илдеттин тарашы менен кошо Азиядан чыккан жарандарга карата расисттик жана жек көрүүчүлүк мамиле күч алып баратат.

Аскаровдун иши апрелге калды

Azattyk.org 

Жогорку сот 2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароону 6-апрелде улантмай болду.

Активисттин абактагы сырдуу өлүмү

Azattyk.org 

Коронавируска байланыштуу соңку жагдай дүйнөлүк базарга да таасир этүүдө. АКШнын президенти Дональд Трамп жаңы вируска каршы күрөштү күчөтүү максатында Конгресстен 2,5 миллиард доллар сурады.

Сузактын тургуну Сириядагы кызы менен неберелерин алып келүүгө жардам сурады

Azattyk.org 

Сузактын тургуну, 4 баланын атасы Зияйдин Чырмашев Сириядагы кызы менен неберелерин кайтарууга жардам сурап, мамлекет менен коомчулукка кайрылды. Мындай билдирүүнү ал Сузак райондук администрациясында өткөн жыйын учурунда көпчүлүктүн алдында билдирди. Чырмашев учурунда 19 жаштагы кызы башка адамдын азгырыгы менен Сирияга кеткенин айтып, аны кечирүүнү коомчулуктан суранды. «2014-жылы медициналык окуу жайында окуп жаткан кызым кимдир-бирөөлөрдүн азгырыгы менен Сирияга кетип калган. Андан бери ал жакта турмушка чыгып... Читать дальше...

Кесиптик кошуундун өкүлдөрү нааразы

Azattyk.org 

Бишкекте 25-февралда Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылган акция өттү. Акциянын катышуучулары Асанакуновго «кызмат ордун мыйзамсыз ээлеп турат, федерациянын мүлкүнө байланышкан жеке кызыкчылыктары бар» деген өңдүү кинелерди коюшту. Нааразы тарап «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорунун кабыл алынышына да каршы пикирин билдирип чыгышкан.

«Санпа шейиттери»: Аскаровго карата сот өкүмү өзгөрүүсүз калышы керек

Azattyk.org 

Жалал-Абадда өткөн басма сөз жыйынында «Санпа шейиттери» коомунун мүчөлөрү  Азимжан Аскаровдун иши Жогорку сотто кайра каралып жатышын айыптап, мурунку сот чечимдеринин өзгөртүүсүз калышын талап кылышты. Коомдун төрагасы Сырдаш Мамарасулов «өкмөттүк эмес уюмдар июнь окуясына күнөөлүү болгон адамды жактап, кайрадан анын иши сотто каралышын колдоп жатканына» нааразылыгын билдирди:  «2010-жылдагы окуяларга Азимжан Аскаров түздөн-түз катышканы бардык соттордо далилденип, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Читать дальше...

УКМК: Былтыр Кыргызстанда 20 сайт жабылды

Azattyk.org 

2019-жылы Кыргызстанда соттун чечими менен 20 интернет сайттын иши тосмолонуп, жабылды. Бул тууралуу 25-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинде “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр талкууланып жатканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлү билдирди. Анын айтымында, былтыр Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган 15 чечимдин негизинде 20 сайт жана социалдык түйүндөрдөгү 98 аккаунт тосмолонуп, мобилдик мессенжердеги 26 топ жабылган. Читать дальше...

Азия чемпионатында көзүнөн жаракат алган Улукбектин так диагнозу айтылды

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Спорттук медициналык борбордун адистери башка оорукананын окулисттери менен биргеликте Азия чемпионатында көзү жабыркаган Улукбек Жолдошбековдун саламаттыгын текшерип чыгышкан.


Музыкальные новости
Пётр Чайковский

В Клину состоится праздничная программа в честь дня рождения Чайковского





Персональные новости
Кубок

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию





Коронавирус: Кыргызстанда 146 киши көзөмөлдө, анализдери таза

Azattyk.org 

Коронавирустун алдын алуу иштеринин алкагында Кыргызстанда бүгүнкү күндө обсервацияда 146 киши жатат. Бул тууралуу 25-февралда «Азаттыкка» Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди. Анын айтымында, 146 адамдын 73ү кытайлыктар, баарынын анализи таза чыкты.  «Жалпысынан 531 киши обсервациядан өттү. Айрымдары 14 күн жатты, кээ бирөөлөрү үч күндүк лабораториялык текшерүүдөн кийин... Читать дальше...

СССРдин акыркы маршалы көз жумду

Azattyk.org 

СССРдин коргоо министри, советтик мамлекеттик ишмер, маршал Дмитрий Язов 96 жашында Москвада көз жумду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады. Язов 1924-жылы жылы туулган. Экинчи дүйнөлүк согушка катышып, эки жолу жарадар болгон. Согуштан кийин аскердик академияны бүтүргөн. Кариб кризисине катышкан. Ал башкарган полк АКШ менен СССРдин тирешинде Кубада жайгашып турган. Советтик аскерлерди Чехословакияга алып кирген. Борбор Азия жана Ыраакы Чыгыш аскердик округдарын башкарган. 1987-жылы СССРдин коргоо министри болуп дайындалган.

HRW Иран бийлигин жоопкерчиликке чакырды

Azattyk.org 

«Human Righrs Watch» (HRW) эл аралык уюму БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешин Ирандагы элдик толкундоодо коопсуздук күчтөрүнүн колунан өлгөндөргө көңүл бурууга чакырды. Былтыр Ирандын 100дөн  ашуун шаарында өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүп, өлкөнүн коопсуздук күчтөрү демонстранттарды «аёосуз баскан».    Ислам Республикасында өкмөт бензиндин баасын көтөрүп, күйүүчү майга чектөө киргизген чечимин жарыялаган соң 15-ноябрда нааразылык акциялары башталган. Демонстрациялар саясий өңүт алып, көчөгө... Читать дальше...

Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Баткен облусуна барды

Azattyk.org 

Баткен облусуна барган Тажик Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Назирмад Ализода менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов 25-февралда жолукту. Облустук бийликтин маалыматына караганда өкмөттүн өкүлү Алишер Абдрахманов элчи Назирмад Ализоданы Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн, кошуналык мамилесин бекемдөөгө багытталган ишине ийгилик каалады.  Элчи Ализода өз... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Шикарный и практичный стиль Елены Джокович из базовых вещей


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Москве в парке нашли труп мужчины





Путин в России и мире
Москва

Поведение Путина вызвало резонанс, потерянные в 90–е заводы возвращаются РФ


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Продюсера Reuters арестовали за публикацию материалов на YouTube-канале «НавальныйLIVE»



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Алла Пугачёва

Гитарист Пугачевой Левшин рассказал о проблемах со здоровьем у певицы



Москва

Музей-заповедник «Царицыно» заявил об открытии летнего сезона 1 мая

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net