Ошто БШКнын ресурстук-маалыматтык борбору ачылат
Бул тууралуу 25-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов менен жолугушуу учурунда билдирди. Аталган борбордо аймактык шайлоо комиссияларынын кызматкерлери жана ыктыярчылары окутулат. Шайлоо, демократиялык башкаруу формасы, парламент жана жергиликтүү бийлик органдары тууралуу кеп-кеңештер берилет.
Мындан тышкары БШК төрайымы 12-марттан тарта шайлоо өнөктүгүнүн алкагында үгүт иштери башталарын, ЭлТР мамлекеттик телеканалында шайлоого катталган саясий партиялардын өкүлдөрүнүн дебаты уюштуруларын айтты.
Шайлдабекова ошондой эле өнөктүк учурунда Ошто Боршайкомдун, Мамлекеттик каттоо кызматынын, укук коргоо органдарынын адистери иштеп, элге так маалымат жеткирүүгө жана добуш берүү күнү мыйзам сактоону түшүндүрүүгө көмөктөшөрүн кошумчалады.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов БШК төрайымына Ош шаарындагы аймактык шайлоо участокторунда добуш берүүгө даярдыктар кызуу жүрүп жатканын маалымдаган.
Ош шаардык кеңешине шайлоо 12-апрелде болот. Шаарда 76 шайлоо участогу бар.
Шаар кеңешинин депутаттарын шайлоого утурлай калаага кошумча каттоого турган жарандардын саны өскөн. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, февраль айында эле Ош шаарында 40 миңге жакын адам кошумча каттоого турган. БШК мында мыйзам бузуу жоктугун белгилеген. Ошентсе да Башкы прокуратура бул ишти иликтөө үчүн сотко чейин өндүрүшкө алган. (ZKo)