Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2020

Новости за 05.02.2020

Визалык чектөөлөр, Вашингтондун талабы

Azattyk.org 

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Вашингтон киргизген визалык жана миграциялык чектөөлөрдүн маңызын кеңири чечмелеп берип, аны чечүү жолдору тууралуу "Азаттык" радиосу менен маектешти.

ТИМ: АКШнын айрым талаптарын 2-3 жумада аткарса болот

Azattyk.org 

АКШ Кыргызстанга эки багыт боюнча 11 талап койгонун Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин Америка жана Батыш Европа бөлүмүнүн башчысы Руслан Бекболотов билдирди. Анын тогузу - терроризм жана коопсуздук маселелерине байланыштуу маалымат алмашуу талабы. Калган экөө биометрикалык паспортко байланыштуу экенин ТИМ өкүлү "Азаттыктын" "Биз жана Дүйнө" телеберүүсүндө маек куруп жатып айтты: “Биз буга чейин АКШ элчилигинин кызматкерлери, элчи менен жолукканда алар белгилеп кетишкен, бул... Читать дальше...

Лу: Борбор Азия үчүн атаандаштык жүрүп жатат

Azattyk.org 

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Вашингтон киргизген визалык жана миграциялык чектөөлөрдүн маңызын кеңири чечмелеп берип, аны чечүү жолдору тууралуу "Азаттык" радиосуна маек курду.



Түркияда учак кырсыктады

Azattyk.org 

Түркиянын Сабиха Гөкчен аэропортуна конуп жаткан маалда кырсыктаган учак экиге бөлүнүп кетти. Түркиянын транспорт министри Мехмет Жахит Турхан учакта 177 жүргүнчү болгонун, кырсыкта каза болгондор жок экенин билдирди. Түркиялык медианын кабарлашынча, "Pegasus Airlines" компаниясынын учагы 5-февралда түштөн кийин ички каттамды аткарып, Измирден Стамбул шаарына учуп келген. Ал тапта Сабиха Гөкченге конушу керек болгон учактар Стамбул аэропортуна жөнөтүлүп жатканы белгилүү болду.

Коронавирустан сактануунун эрежелери

Azattyk.org 

Вирус алгач ирет Кытайдын Ухань шаарында былтыр декабрда табылган. Аны жуктургандар адегенде тамагы ооруп, жөтөлөт. Өтүшкөндө өпкөнү сезгентет. Ушул тапта кеминде 23 өлкөдө вирусту жугузуп алгандар катталды. Жалпы чалдыккандардын саны 23 миңден ашты.

Иран палестиндерди АКШга каршы жихадга үндөдү

Azattyk.org 

Иран палестиналык куралдуу күчтөргө мүмкүн болгон жардамды көрсөтөрүн өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи шаршембиде билдирди. Ал Израил менен Палестинанын ортосунда тынчтык орнотуу үчүн Кошмо Штаттар сунуштап жаткан планды четке кагууга чакырды. «Палестиналык куралдуу уюмдар каршылыкты улантарына ишенебиз. Ошондой эле Иран палестиналыктарды колдоону өз милдети катары көрөт» деп айтылат Хаменеинин расмий сайтына жарыяланган билдирүүдө. Өткөн айда АКШнын президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык планын жарыялаган. Читать дальше...

Түркияда ондогон куткаруучуну көчкү алып кетти

Azattyk.org 

Түркиянын Ван провинциясында кар көчкү кеминде 38 адамдын өмүрүн алды, 50 адам жаракат алышкан. Дагы бир топ адам кар камоосунда калган болушу ыктымал, так саны белгисиз. Кырсык 5-февралда өлкөнүн Иран менен чектешкен Ван провинциясынын Бахчесарай шаарына жакын жердеги жолдо болгон. Ал учурда куткаруучулар андан бир күн мурдагы көчкүдөн кийин дайынсыз кеткен эки кишини издеп жатышкан. Анда табигый апааттан беш кишинин өмүрү кыйылган эле. Кар жаап, катуу шамал уруп, туман түшкөн учурда издөө иштерин татаалдантууда.

Партияларды «ойготкон» шайлоо

Azattyk.org 

Кыргызстанда саясий партиялар жергиликтүү жана парламенттик шайлоого даярдыкты баштады. Бирок шайлоону өткөрүү боюнча мыйзамдар толугу менен кабыл алынып бүтө элек. Мындай шартта парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө бийлик, парламент жана жарандык коом кандай аракеттерди көрүшү керек? Талкууга парламенттин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев, Курманкул Зулушев, жарандык активист Динара Ошурахунова жана БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев катышты.



Шайлоого жакын каттоого тургандар көбөйдү

Azattyk.org 

Акыркы эки күндүн ичинде эле Каракол шаардык паспорттук стол 300дөн ашуун жаранды каттоого тургузду. Бул Каракол шаарында апрелде өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоого байланыштуу экени айтылды.

Дональд Лу: АКШнын элчилигине белгисиз жүк келди деген чындыкка дал келбейт

Azattyk.org 

5-февралда «Азаттыктагы» маегинде АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу АКШнын элчилигине белгисиз жүк келди деген сөздөрдү жалган маалымат деп билдирди. Дональд Лу “бул маалымат Москванын тролдору таратылган жалган маалымат” – деди. “Мен азыр баса белгилеп айткым келет, бул маалымат Москванын тролдору тарабынан таратылган жалган маалымат. Биз чындап эле аэропорттон тынымсыз ар кандай жүктөрдү алып турабыз. Аны танып кереги жок. Биз ичинде акча катылган баштыктарды албайбыз. Андай болсо мен кабардар болот элем го. Читать дальше...

Мугалимдердин эмгек акысы жаңы система менен эсептелет

Azattyk.org 

Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнү автоматташтырууга өткөрүү үчүн райондук жана шаардык билим берүү мекемелеринин бухгалтерия кызматкерлери окуудан өтүп жатат. Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинен кабарлашты.  Жаңы система - эмгек акыны кол менен эсептөөнү токтотуп, финансылык тартипти бузуу көрүнүшүн азайтат. Министрлик бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жана негизсиз маяна алып жүргөндөрдү ачыкка чыгарууга жол ачарын белгиледи. Башкача айтканда, мугалим мындан ары эмгегине жараша маяна алат. Читать дальше...

Түндүк Македония мартта НАТОго кирүүгө үмүттөнүүдө

Azattyk.org 

Түндүк Македониянын президенти Стево Пендаровски өлкөнүн НАТОго кирүүсүнө жол ачкан жараян мартка чейин аяктап калат деп ишенерин билдирди. Пендаровски Польшадагы сапары учурунда белгилегендей, иш өз жолу менен кетсе, 10-марттын айланасында жараян аягына чыгышы керек. Мурдагы Югославиянын бир жумурияты - НАТОнун дагы бир мүчөсү болуп калмакчы. Тиешелүү протоколго былтыр февралда кол коюлган. Кошуна Греция менен талаштан улам өлкө аталышын Македониядан Түндүк Македония кылып өзгөрткөн. Блокко... Читать дальше...

Отунбаев АКШ президентинин жардамчысынын орун басары менен виза маселесин талкуулады

Azattyk.org 

4-февралда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев АКШ президентинин жардамчысынын орун басары, улуттук коопсуздук кеңешинин түштүк жана Борбор Азия боюнча жетекчиси Лиза Кертис менен жолушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Тышкы саясат мекемесинин кабарлашынча, Лиза Кертис АКШнын иммиграциялык визалар берүүсүн чектеген өлкөлөрдүн катарынан Кыргызстанды чыгаруу боюнча бирге ишти алып барууга даярдыгын билдирген. Тараптар маселени чечүү жолдорун талкуулашты.  31-январда... Читать дальше...

Бердымухамедов жаңы шаар курууга 1,5 млрд. доллар бөлүүнү буюрду

Azattyk.org 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаңы шаардын курулушу үчүн чет өлкөдөн жабдыктарды жана материалдарды сатып алууга 1,5 миллиард доллар бөлүүнү буюрду. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлап жатышат. Азырынча ат коюла элек шаар өлкө түштүгүндөгү Ахал вилаетине курулары күтүлүүдө. Өткөн жылдын июнь айынан бери бул вилаетти президенттин уулу, 38 жаштагы Сердар Бердымухамедов жетектеп келет. Аны айрым талдоочулар президент Бердымухамедовдун мураскери болот деп болжолдошот. Читать дальше...

УКМК: Сириядан кайтып келген террордук топтун мүчөсү кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2019-жылдын аягында эл аралык террористтик уюмдун катарына өтүү үчүн Сирияга кетип кайра кайтып келген 24 жаштагы кыргыз жараны кармалганын маалымдады. Атайын кызматтын маалыматында, шектүү эл аралык террористтик топтун тапшырмасы менен Кыргызстанда радикализмди жайылтуу үчүн келген. Бул факт сотко чейинки өндүрүштүк материалдын негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган адам УКМКнын тергөө жайына киргизилди. Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Читать дальше...

Атайын кызмат жалган маалымат тараткандарды аныктоодо

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “бардык телефондук сүйлөшүүлөр жана социалдык тармактардагы билдирүүлөр жазылып алынууда” деген кабар чындыкка жатпасын билдирди. Аталган орган бул кабар жалган экенин кабарлап, аны тараткандарды аныктоо, текшерүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Атайын кызмат жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эскертти.  (TSh)

ЕАЭБ милдети жаңы кадрга жүктөлдү

Azattyk.org 

Өкмөт башчы орун басарларынын милдеттерин кайра бөлүштүрдү. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдон ЕАЭБ иштери боюнча милдеттер алынды.

Тажикстан: Кастыкты козутууга айыпталган журналист камакта калды

Azattyk.org 

Дүйшөмбү шаарынын соту журналист Далер Шарифовду камакта калтырды. Адвокаттары аны тергөө аяктагыча бошотууну өтүнүшкөн. 30-январда журналистке улут жана дин аралык кастыкты козуткан деген айып менен иш козголуп, эки айга кармалган. Башкы прокуратура Шарифов 2013-2019-жылдары "экстремисттик мазмундагы 200дөн көп макала жарыялаган, диний жек көрүүнү козуткан" деп ырастоодо. Аталган орган журналистти жашыруун типографияда өлкөдө тыюу салынган "Мусулман агайындар" кыймылынын идеяларына үндөш мыйзамсыз трактат чыгарган деп айыптады. Читать дальше...

Шадиевдин мүлктөрүн камактан чыгаруу Бишкек шаардык сотто каралат

Azattyk.org 

Башкы прокуратура эки жыл мурда кылмыш иши козголгон соң өлкөдөн чыгып кетип, кийин сыртынан 10 жылга кесилген мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевдин мүлкү боюнча маалымат таратты. Башкы көзөмөл органдын кабарлашынча, мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган “Карвен – четыре сезона” ишканасынын уставдык капиталынын 33,33% үлүшүн жана мүлкүн камактан чыгарууну өтүнүп, Саадат Шадиева Биринчи май райондук сотуна кайрылган. 2019-жылдын 19-июль айында... Читать дальше...


Музыкальные новости
Игорь Бутман

Квинтет Игоря Бутмана и певица Фантине впервые выступят на джазовом фестивале в Бахрейне





Персональные новости
Владимир Путин

Владимир Путин поздравил ветеранов с 50-летием начала строительства Байкало-Амурской магистрали





Жерүйдүн талаштуу үлүшү

Azattyk.org 

Талас шаарында 5-февралда “Жерүй көйгөйү жана чечүү жолдору” деген аталышта талкуу өттү. Ага өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев, инвестор компаниянын кызматкерлери, жарандык активисттер жана жергиликтүү тургундар келди.

Коронавирус: Кыргызстанда 347 адам доктурдун көзөмөлүндө

Azattyk.org 

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жуктургандар катталган жок. Бул тууралуу 5-февралда Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, учурда ооруканаларда доктурлардын көзөмөлүндө 52 адам турат. Мындан тышкары, 295 адам жашаган жери боюнча медициналык көзөмөлдө. Баарынын абалы туруктуу. Зарыл болсо жаткырганга ооруканаларда 280 орун даярдалып коюлган. Алардын 100ү «Торугарт», 100ү “Эркеч-Там” бекеттеринде, «Манас» аэропортунда 50, Оштун аэропортунда 30 орун. Читать дальше...

Масалиев: Өкмөт аэропортторду башкара албаса кызматты тапшырсын

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев эгер өкмөт аэропортторду башкара албаса, кызматтан кетиши керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 5-февралда парламенттин жалпы жыйынында айтты. - Жакында өкмөт башчынын биринчи орун басары “Аэропортту өкмөт башкара албайт, мамлекет башкара албайт, ошондуктан башка инвесторго бергенибиз туура” деп айтты. Мен эстетип коеюн, мамлекет бул премьер эмес, вице-премьер эмес. Башкара албаса кызматты тапшырсын. Атайын Мамлекеттик мүлк фонду бар. Алар да кетсин иштей албаса. Читать дальше...

Зулушев: Референдум өткөрүү жөнүндө сунушумду коомдук талкууга коём

Azattyk.org 

Быйыл парламенттик шайлоо менен катар Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү сунушу берилгени жатат. Бул тууралуу 5-февралда “Азаттыктын” эфиринде Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев билдирди. Депутат бул сунушун жакын арада коомдук талкууга коёрун айтты. Анын белгилешинче, референдумга Кыргызстанга башкаруунун кандай түрү, парламенттикпи же президенттикпи деген маанидеги суроо коюлат: - Башкарууну эл тандашы керек. Референдум өткөрүү боюнча коомдук талкууга коём. Читать дальше...

Түркмөнстандын клубу Кыргызстандагы оюнга коронавирустан кооптонуп келбей койду

Sputnik Кыргызстан (sport) 

"Ахал" клубу АФКга Кытайдагы коронавируска байланыштуу оюнду жылдыруу өтүнүчү менен кат жолдогон. Алар Кыргызстан Кытай менен чектешерин жүйөө келтиришкен.

Спорт в России и мире
Москва

Депутат Московской областной Думы провела осмотр ФОКа в Волоколамске


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

П’ять українок отримали суперниць в основі турніру WTA 1000 в Мадриді: результат жеребкування


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24





Путин в России и мире
Москва

Путин поручил сократить время в пути от Москвы до курортов Черного моря


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко рассказал о планах расширения НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Фёдор Шаляпин

В театре имени Шаляпина в Петербурге восстановят исторические лестницы



Москва

Россиянам рассказали, кто подвержен развитию рака кожи

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net