Азимжан Аскаровдун ишин кароо 6-апрелде уланмай болду
Жогорку сот Азимжан Аскаровдун ишин кароону 6-апрелде улантмай болду. Буга бүгүнкү отурумда прокурорлор кассациялык арызга кошумча жүйөлөр киргизилгендиктен, иш менен таанышууга убакыт сурап, өтүнүч келтиргени себеп болду.
Аскаровдун кассациялык арызынан тышкары, адвокаттары да кошумча арыз беришкен. Ал арыз менен айыптоочу тарап тааныша элек экенин айтып, убакыт сурады.
Бүгүн, 25-февралда Жогорку сотто башталган жараянга Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова жана уулу Шерзод Аскаров катышты. Алар «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып «бүгүн жакшы чечимден үмүт кылып жатканын» айтышты.
«Азимжандын боштондукка чыгышын дүйнө талап кылып жатат. Бириккен Улуттар Уюмунун чечимин Кыргызстан аткарган жок. Аткарышы керек да. Соттон жакшы чечим күтүп жатам», - деди Хадича Аскарова.
Жараянга эл аралык укук коргоо уюмдарынын, элчиликтердин өкүлдөрү да көз салууда.
Сот залына журналисттер киргизилген жок. Муну Жогорку соттун кызматкерлери залдын тардыгы менен түшүндүрүштү.
Азимжан Аскаров Жогорку Сотто иши башталардан мурда Кыргызстандын укук коргоо органдарына жана эл аралык уюмдарга түрмөдөн кайрылуу жазган.
Былтыр 2-декабрда Жогорку сот жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренеси боюнча жаза мөөнөтүн азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.
«Human Rights Watch» эл аралык уюму жакында эле дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндөгү адам укуктары жаатындагы абал боюнча кезектеги баяндамасында кыргыз соттору БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу сунушун эске албаганын билдирген. (TSh)