Өзбекстанга Түркмөнстандан келген электр 13 эсе азайды
Түркмөнстандагы электр түйүнүндө болгон кырсыктан улам Өзбекстанга жөнөтүлчү электр 13 эсе азайды. Бул тууралуу «Өзбекстандын улуттук электр тармактары» ишканасы кабарлады.
21-февралда таңга маал Түркмөнстандагы «Сердар» электр түйүнүндө өрт чыккан. Анын айынан экспорттун көлөмү саатына 780 МВттан 60 МВт саатка чейин түшкөн. «Сердар» электр түйүнү электр энергиясын Марый облусунда жайгашкан жылуулук электр станциясынан алып, Өзбекстанга экспортточу.
Учурда Түркмөнстан күйүп кеткен электр түйүнүн калыбына келтирүүгө аракет кылып жатат.
Бул кырсык тууралуу Туркмөнстан расмий маалымат тараткан жок. Ошондуктан ал кырсык түркмөнстандыктар үчүн кандай түйшүктөрдү жаратканы тууралуу маалымат жок.
Өзбекстан түркмөн электрин 2019-жылдын 1-декабрынан тартып сатып ала баштаган. Бир сутка ичинде Түркмөнстандан келген электр тогунун көлөмү 14,9 млн. кВт*саат болгон. Учурда Өзбекстандын бир сааттык керектөөсү 69 млрд. кВт*саатты түзөт. Анын 64 млрд. кВт*саатын гана Өзбекстан өзү өндүрүп, калганын Казакстан менен Кыргызстандан сатып алат. (YI)