29.01.09
«Аалам», 29.01.09 — 10-бет: Полит-элита…•
Дааватчылар жадатты
Үй тиричилигиң менен кызуу алпурушуп жатканыңда алагды кылып, эшик алдына келген бирөөнү сыртыңдан сыр бербесең да, ичиңден жаман көрөөрүң анык. Өзгөчө кийинки учурларда эшик алдына келип «Биз дааватчыларбыз, саат мынчада мечитке келиңиз» дечүлөр көбөйдү.
Мурда мындай исламга үгүттөөчүлөрдү көрбөгөн айылдыктар алгач таң калуу менен карап келишсе,азыр «А, баягы дааватчылар тура, алардын баскан-турганын ким көтөрөт болду экен, иш маалында үй-тиричилигине карашса боло» дегендер, сын көз менен мамиле кылган элеттиктер арбып барат. Эми ошол калкты ислам динине, мусулманчылыкка үндөп жүргөндөрдүн кийген кийимдери, жүргөн-тургандары, динге үгүттөө багытындагы сүйлөгөн сөздөрү айыл тургундарынын көбүнө жакпай «Силер сыяктуулардан жададык» деген сөздү дааватчылар көбүрөөк уга башташты.
Алардын айыл-кыштактарды аралаган жүрүштөрүнүн көбөйгөндүгүнөн улам өлкөбүздөгү «Хизб-ут Тахрир», «Байват», «Акромия» өңдүү диний экстремисттик көз караштарды туу туткан уюмдардын саясатын акырындап жүзөгө ашырып жаткандар да алардын арасында жок экендигине эч ким кепилдик бере албайт. Документтерин териштирген бир адам жок. Айыл башчылар, айыл өкмөт башчылары,жер-жерлердеги иштеп жаткан участкалык инспекторлор да бул маселеге келгенде кайдыгер. Бир дагы мечитсиз айылды табуу кыйын Кыргызстанда. Ошол эле мезгилде өлкөбүздө эскилиги жеткен, эки нөөмөттө окуган, ал тургай 5-6 чакырым жол жүрүп, анан мектепке жеткен окуучулардын көптүгүнө таң каласың. Ошол дааватчылар да чарчап-арып, курсактары ачып үйүнө келе жаткан мектеп окуучуларын бутага алышкан учурлары айыл жерлеринде көп учурай калып жүрөт.
Азыр ар бир райондун, айыл округунун, айылдын расмий дин өкүлдөрү, молдолор бар. Буга чейин бул расмий дин өкүлдөрү да дааватчыларга «Мейли, ишиңерди жүргүзө бергиле» деген табитте мамиледе болуп келишсе, жакындан бери жогор жактагы казияттардан атайын буйрук барбы, айтор жер-жерлердеги молдолор да дааватчыларга этият мамиле жасашып, алардын документтерин, дааватка уруксаты бар же жок экендигин сурамжылап калышты.
Диний экстремизмге каршы күрөш жүргүзүшүбүз керек, ислам фундаментализми, диний фанатизм күч алып, коомубузга коркунуч туудуруп турат деп жогор жактан кагаз жүзүндө айгай салганыбыз менен анын түпкү натыйжасы азырынча байкалбай келет. Жогорудагыдай иштерди жалаң улуттук коопсуздук кызматтары гана жүргүзөт деген айыл жеринде жашагандардын бир беткей түшүнүктөрү бар. Дал ушул түшүнүктөн улам болсо керек, айыл жерлеринде соодагерликке, дааватка, дагы бир башка иштерге шылтоологон чоочун адамдар ээн-эркин көчө бойлоп жүрүшөт.
Айыл, район молдолору дааватчылар багытында иш жүргүзө баштагандан тарта Аксы, Ала-Бука райондорунун айыл кыштактарында алардын аягы тыйылып калгансыды. Элет эли ушул дааватчылардан чындап эле жадап калганбы айтор, эми өздөрүнүн молдокелерине ыраазылык айтып жатышат.
«Ар кандай жаман оору жугуштуу» деп дарыгерлерибиз айткандай, диний экстремизм да дүйнөлүк коомчулуктагы эң жугуштуу, жаман оорулардан.
С.Тойчиев, Жалал-Абад облустук
«Акыйкат» гезитинин кабарчысы «Аалам» үчүн
Кыргыздын күнү айылдан атып, айылга батат
Кар оор түшкөн аяздуу Бишкектен таң заардан жөнөп чыгып, Боомдун ары жагына ылдыйлаганда күнөстүү, мээрими мемиреп, жанды жыргаткан ажайып дүйнөгө түшкөндөй эле болдук. Кочкорго кирип келгенде леп эткен муздак шамалы жок, күн жаркырап тийип, асман чайыттай ачык, бөтөнчө көпкөк, шаңкайып турган экен. Ушу асман астындагы шамалдуу, көөнө тарыхка бай жер жөнүндө буга чейин далай угуп жүрсөм да бу жерге биринчи жолу келишим. Көзгө башкача көрүнгөнү, даңгыр жол жээгинде эски, жаңы бейиттер катар катар тунжурайт, ичинде эзелтен калган, нечен жаандарга жуулуп эзилген, бирок сөлөкөтү сөөлөттүү эски коргондор көзгө учурайт, алар кай замандардан калган табышмактарды ичке катып, дүйнө түйшүгүнө кайдыгер зыңкыйып турганы менен жанына жакындасаң касырет армандуу сырын күбүрөп жиберчүдөй туюлат.
Тарыхый маалыматтарга караганда Манастын айтылуу «кырк чоросунун», (баш-аягы болуп 14) Медет датканын, Төрөгелди баатырдын, манасчы С.Орозбаковдун күмбөздөрү райондун аймагында жайгашкан.
Кочкордун байыркы аталышы Кара-Коо болуп, XIX-кылымдардын экинчи жарымында бул жерди уйгур, өзбек соодагерлери байырлап отурукташкан дешет. Андан кийин орустар көчүрүлүп келип, Столыпин кыштагы деп аталган. Кийинчерээк, 1916-жылкы улуу үркүндө орустар кайрадан куулуп чыгарылган. Өрөөн анчалык чоң эмес, узуну 80, туурасы 20 км менен бүтөт. Деңиз деңгээлинен 1900-2200 м бийиктикте жатат. Климаты кургак, жайы-кышы зырылдатып, батыштан согуп турган айтылуу Кочкор шамалы «кызарт» деп аталат экен.
Кочкордун элинен кыргызга таанымал нечендеген азаматтар чыккан. Алп манасчы С.Орозбак уулу, Калыгул олуя, Медет датка, Ормон хан, Төрөгелди баатыр, Шамен, Молдо Кылыч, И.Арабаев, О.Сыдыков, Т.Сагымбаева, А.Темирова, К.Абдраев, К.Мамбеталиев, С.Омурбаев, И.Исаков, Н.Жүндүбаева ж.б. көптөгөн инсандарды атай берсек болот.
Ал эми Кыргызстанды 25 жыл башкарып, өнүгүп-өсүүсүнө салым кошкон Т.Усубалиев менен кочкорлуктар гана эмес, жалпы кыргыз калкы сыймыктанат. Экономика жана соода министри А.Жапаров, Маммиграция Комитетинин төрайымы А.Рыскулова жана УККнын экс-министри, генерал Т.Айтбаевдер да ушул өрөөндүн инсандары.
Райондун гүлдөп өсүп-өнгөн доору, албетте, Советтик учурга туш келет. Мамлекеттик асыл тукумдаштыруу заводу, 9 ири сугат системасынан турган, 35 миң га жерди бир сугарган ирригациялык система, турмуш тиричилик жаатындагы бардык мекеме ишканалар, мектеп, маданият үйлөрү ж.б. көптөгөн объектилер курулуп, кечээки эгемендикке чейин иштеп келди. Эгемендик орногондон берки абал Кыргызстанда, анын ичинде Кочкордо да кандай болуп келгени жалпыга маалым. Өзгөчө элдик революциянын учурунда, кийинчерээк жер титирөөдө запкы тарткан кочкорлуктардын турмушу бүгүн акырындап отуруп калыбына келип калды десек болот. Элдин үшүн алган, саясый оюнду да, атаандаштыкты да эреже менен ойной албаган «беспределщик» саясатчылар бүгүн ийин-ийинине кирип, турмуш жөн жай ыргагына кайра түштү. Кочкордун райборборунда бүгүн кадимкидей күжүлдөгөн жашоо өкүм сүрөт, элдин турмушуна зарыл болгон бардык мекеме-ишканалар, базарлар иштеп турат. Жеңил машинеден баш адашат, өткөн 2008-жылдын жыйынтыгына кызыгып, маалыматтарга үңүлүп карасам, негизинен жаман эмес. Жакшы иштердин баары, ийгиликтер Кочкордогу абалдын туруктуулугунан кабар берет. Өзгөчө бөлүп айта кетээр нерсе — райондо АРИС долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер көңүл жылытаарлык. Жалпы наркы 6 млн. 300814 сомдук капиталдык ремонттоо, компьютер менен жабдуу иштери аткарылган.
Маданият тармагында белгилей кетээр жакшы жаңылык — Кочкордун музыкалык драм театры республикалык фестивалга катышып, байгелүү орунга ээ болду. Бул тармакта мындан башка да бир топ дурус жылыштар бар. Айрыкча өзү да бокс чебери, мыкты менеджер жетекчи аким башкарган райондор спорттун бул түрү боюнча кочкорлук жигиттер бүгүнкү күндө республикалык рингдерде салгылашып, алтын, күмүштүү байгелүү орундарды ээлеп жатышат. Абал ушунусунан жазбаса, буюрса, кочкорлук мушкерлерди жакынкы келечекте эларалык абройлуу таймаштардан угуп, көрүп калгыбыз бардыр.
Эл аралап жүрүп кызыкканым — мындагы калктын турмушу эмненин эсебинен жакшырууда, сугат жерлери көппү десең, дыйканчылык (картөшкөнү эске албаганда) бул жерде өтеле гүлдөп өсүп кеткен дешке болбойт. Маселен, айталык, баткендиктердин бүгүн мамлекет же жергиликтүү дыйкан чарбалары эмес, тыштан акча салып турчу мигранттар гана багууда, областтын калкынын теңинен көбү тышка чыгып кеткен. Ал эми жергиликтүү тургундардын айтымында, кочкорлуктардан баткендик туугандарчылап сыртка оокат издеп агылгандар жокко эсе. Кочкордун элинин турмушун жакшыртууга бул өрөөндөн чыккан көптөгөн таанымал адамдар, ишкерлер, министрлер өзгөчө салым кошубатат деп да айтууга болбойт.
Мал багабыз деген жөнөкөй эле жоопту укканда баары айдан ачык боло түштү. Кеп биякта жаткан турбайбы көрсө. 2008-жылдын 1-январына карата жүргүзүлгөн мал санактын жыйынтыгы боюнча райондо 28647 баш бодо мал, (анын 17575 башы жылкы) 187815 баш кой эчки болсо, андан берки бир жыл аралыгында мунун саны албетте, өстү десек болоор. Билермандардын айтымында жогорудагы расмий санак райондордогу малдын чыныгы санын анык чагылдырбайт, калкта мал алда канча көп болушу мүмкүн. Анткени элдин басымдуу катмарында малдын санын төмөндөтүп каттаткан эски советтик психология же адат али да бар.
Бахтияр Шаматов
0129.htm