Абылгазиев: Көп өлкөлөргө виза алуу барган сайын кыйын болууда
Кыргыз жарандарына көптөгөн өлкөлөрдүн визасын алуу барган сайын кыйынга турууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 25-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борборуна барганда айтты.
Өкмөт башчы “Биз бул жагдайдан чыгып, паспорт ээсине бүткүл дүйнөнүн эшиги ачык өлкөлөрдүн бирине айланышыбыз зарыл. Бул үчүн эл аралык деңгээлдеги паспорттор керек», - деди.
Ошону менен катар Абылгазиев «Биз жакын арада буга чейинки тендер боюнча соттук териштирүүлөрдүн аякташын күтүп жатабыз. Андан соң жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланат. Аларды 2021-жылдан баштап берүү пландалган», - деп кошумчалады.
Чет мамлекетке чыкканда колдонулуучу паспорттун биометрикалык түрүн чыгаруу боюнча тендерди Мамкаттоо 2018-жылы жарыялаган. Ага чет өлкөлүк беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү аталган. Бирок 2019-жылы Жогорку сот бул чечимди жокко чыгарган. Себеби сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.
Быйыл февраль айынын башында АКШ Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү чектеп, буга негизги себеп - өлкөдө биометрикалык паспорт бериле электиги экенин билдирген. (RK)