Өзбекстан ооган чек арасын жабууну карап жатат
Өзбекстандын Санитардык-эпидемиологиялык саламаттык агенттиги Ооганстанда пайда болгон коронавирустун айынан өзбек-ооган чек арасын жабууну сунуш кылды. Бул сунуш 24-февралда талкууланды.
Бирок Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги сунуш тууралуу да, талкуу тууралуу да эч кандай расмий маалымат тарата элек.
Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлиги үч адамдан коронавирус илдети табылганы тууралуу маалыматты 24-февралда талкуулаган. Бейтаптын бири илдетти Ирандын Кум шаарынан жугузуп келгени аныкталган. Азырынча Борбор Азия өлкөлөрүнөн бүт дүйнөнү чочуткан илдет табыла элек. (YI)