Кар туткунундагы Казакстан
Казакстандык Ички иштер министрлиги 500дөй машине өлкөнүн жолдорундагы кар бурганакта калганын маалымдады. Синоптиктер жакынкы күндөрү күндүн көзү ачыларын божомолдобой жатышат. Нур-Султанда өзгөчө кырдаал жарыяланып, мектептер жабылды. Баш калаанын аба майданындагы учак каттамдары токтоду.