Красноярскиде мыйзамсыз миграция боюнча шек саналгандардан кыргыз паспорту чыккан
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы мигранттарга жасалма документ жасап жүргөн кылмыштуу топту кармаган. Анда шылуундар жок фирмалар аркылуу Борбор Азиядан барган мигранттар үчүн эмгек келишимдерин жасап, миграциялык каттоого коюп жүрүшкөнү аныкталган. 2018-жылдан берки аралыкта шылуундар эки миңден ашуун мигрантка документ жасап жетишкен. Алардын турган үйүн жана кеңсесин тинтүү учурунда 100дөн ашуун жасалма документтер, жасалма мөөрлөр менен кыргызстандык жарандарга тиешелүү он чакты паспорт табылган. Читать дальше...