ИИМ: Баткендеги кырдаал көзөмөлдө
Өткөн түнү кыргыз-тажик чек арасында ок атылган аймактардагы кырдаал күч органдарынын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Министрлик 10-январга караган түндөгү кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактардагы кырдаал боюнча маалымат берди. Ага ылайык, өткөн түнү алгач Баткен районун Орто-Бөз айылына жакын Жака-Өрүк аймагындагы кыргыз жаранынын автоунаасына, кийинчерээк Достук айылынын тургунун автоунаасына тажик тараптан таш ыргытылып, терезелери талкаланган. Читать дальше...