Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2019

Новости за 24.12.2019

Хабаровск крайында Су-57 аскердик учагы кыйрады

Azattyk.org 

Орусиянын Хабаровск крайында Су-57 үлгүсүндөгү кыргын салуучу аскердик учагы сыноо маалында кулап түштү. Анын бортундагы учкуч учактан чыгып кеткенге үлгүрдү. Авария Комсомольский-на-Амур аймагынан 120 алыстыкта орун алды. Учак жергиликтүү авиазаводго таандык болчу. "РИА Новости" маалымат агенттиги ошол маалда учактын кыймылдаткычы сыналып жатканын жазды. "Baza" телеграм-каналынын маалыматы боюнча, издеп-иликтөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүн аралаштырбай коюшту. "Интерфакс"... Читать дальше...

"Мемориал" Орусиядагы саясий туткундардын жаңы тизмесин жарыялады

Azattyk.org 

"Мемориал" укук коргоо борбору Орусиядагы саясий туткундардын жаңыланган тизмесин жарыялады. Ага 314 адамдын аты-жөнү жазылган. Алардын 250сү дин тутуу эркиндигин жайылтуу же диний көз карашынан улам, 64ү саясий көз карашына байланыштуу темир тор артында отурат.  Укук коргоочулар бул тизмеге тек-жайы жана ишмердиги такталган кишилер гана киргенин белгилеп, саясий туткундардын чыныгы саны мындан алда канча көп болушу ыктымалдыгын кошумчалашкан.   2019-жылдын октябрында бул тизмеде 305 адамдын аты-жөнү бар эле. Читать дальше...

Киев менен жикчилдер жыл жаңырганча туткун алмашууну макулдашты

Azattyk.org 

Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча түзүлгөн үч тараптуу байланыш тобу ушул жылдын аягына чейин туткундарды башма баш алмашуу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу украин президентинин кеңсеси 23-декабрда кабарлады. Сүйлөшүү видеоконференция форматында өттү. Бул топтогу Украинанын өкүлү Валерия Лутковская макулдашууну төрт жылдан бери туткунда отурган жарандар үчүн "чоң бакыт" деп сыпаттады. Орусиянын чабарманы Борис Грызлов тараптар бири-бирине эч кандай шарт койбой туткун алмашуу тууралуу орток пикир табышканын бышыктады. Читать дальше...



Батукаевдин иши боюнча айыпталуучулардын бирин тез жардам алып кетти

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу иште айыпталуучулардын бири, дарыгер Абдухалим Раимжановду тез жардам кызматы алып кеткендиктен сот жараянды 26-декабрга жылдырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди. Соттук кароо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтүп жаткан. Адвокаттар отурумду Биринчи май райондук сотуна которууну жана аны Атамбаевсиз өткөрө берүүнү өтүнүшкөн. Буга УКМКнын бөлмөсүнө катышуучулар тыгылып... Читать дальше...

Эл аралык 12 уюм Йеменде өз ишин токтотушту

Ca-irnews.com (kg) 

БУУнун Башкы катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Марк Локок Йемендин түштүгүндөгү Эд-Дали шаарындагы беш эл аралык уюмдун штабында болгон жардыруудан кийин 12 эл аралык уюм өлкөдөгү ишин токтотушканын билдирди.

"Талибандын" чабуулунан бери дегенде жети ооган жоокери мерт болду

Azattyk.org 

Ооганстандын Коргоо министрлиги өлкөнүн түндүгүндөгү Балх провинциясындагы көзөмөл бекетке "Талибан" куралдуу кыймылы кол салып, кеминде жети жоокер ажал тапканын билдирди. Коопсуздук күчтөрүнүн дагы алты кызматкери жарадар болду. Кандуу окуя таңга маал Давлат-Абад районунда орун алды. Куралдуу кол салууну "Талибан" уюштурганын мойнуна алды. Мунун алдында америкалык бир жоокер набыт болгон. AFP маалымат агенттиги кол салууну "Талибан" куралдуу кыймылы уюштурганын мойнуна алганын жазган. Анда аталган... Читать дальше...

Элеттик келиндерге иш берген Назгүл

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында тикмечи келиндер тобу аскер формаларын тигип, Орусияга экспорттоп жатышат. ФАПтын имаратында ачылган чакан тигүү цехинде азыр 15 аял эмгектенет. Цехтин ээси буюртма көбөйө турган болсо, айылдык кыз-келиндерге көбүрөөк жумуш ордун түзүүнү пландап жатат.



Түндүк Корея маселесинде үч өлкө биргелешип иш алып барат

Azattyk.org 

Кытайдын, Түштүк Кореянын жана Жапониянын лидерлери Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу үчүн биргелешип аракеттенүү тууралуу макулдашты. Бул тууралуу Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян 24-декабрда Чэнду шаарында үч тараптуу жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында билдирди. Анда бул үч өлкө Пхеньяндын атомдук программасына байланыштуу кызматташууну улантарын, маселе тынч сүйлөшүү жолу менен гана чечилет деп эсептешерин белгиледи. Мунун алдында Түндүк Корея өзүнүн Сохэ полигонунда алыскы... Читать дальше...

Ошто 500 орундуу мектептин курулушу башталды

Azattyk.org 

500 орундуу мектеп Ош шаарындагы №7 Нариманов гимназия-мектебине кошумча имарат катары курулууда. Ош шаар мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, мектептин курулушуна 54 млн. сомдон ашуун каражат жумшалат. Курулуш ишин 2020-жылдын аягына бүтүрүү пландалган. №7 Нариманов мектеби 1176 орундуу, учурда мектепте 3700 окуучу билим алат. Депозиттик эсеп 2018-жылдын июль айында президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен ачылган. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон... Читать дальше...

Болот Шамшиевдин сөөгү “Ала-Арчага” коюлду

Azattyk.org 

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен коштошуу жөрөлгөсү 24-декабрда Опера жана балет театрында болду. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, коомдук, маданий ишмерлер жана маркумдун жакындары катышты. Өнөрпоздун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Жерге берүү расмисине президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, куран окуду. Мунун алдында мамлекет башчы Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу көңүл айтуу кайрылуусун жолдогон. Читать дальше...

Гүлжигит Алыкулов жылдын мыкты футболчусу деп табылды

Azattyk.org 

19 жаштагы жарым коргоочу Гүлжигит Алыкулов Кыргызстандын мыкты футболчусу аталды. Бул наам үчүн Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин жана жарым коргоочу Эдгард Бернхард ат салышкан. Футболчуга сыйлык Бишкекте өткөн салтанатта тапшырылды. Кыргызстандын футбол федерациясынын "Football awards-2019" жыл мыктыларын тандоо салтанаты 23-ноябрда Бишекте өтүп, жыл ичинде футбол тармагында ийгилик жараткандарга сыйлыктар ыйгарылды. “Жылдын мыкты машыктыруучусу” наамы улуттук курама команданын... Читать дальше...

Филиппинде бороон коркунучунан улам иш токтой баштады

Azattyk.org 

Филиппинге кезектеги тропикалык бороон жакындап, көпчүлүк үй-бүлө "Кристмас" майрамын белгилөө үчүн чогула албай жатат. Бул тууралуу "Bloomberg" басылмасы 24-декабрда кабарлады. "Philippine Airlines" жана "Cebu Pacific" авиакомпаниялары ички каттамдарды токтотту. Жээктерде коопсуздук чаралары жарыяланды.  Филиппиндин калкынын 80% ашууну католик болгондуктан, "Кристмас" майрамынын алдында үй-бүлө мүчөлөрү бир жерге чогулуп, майрамды чогуу тосот.  Филиппиндин борбордук бөлүгүн "Фанфон" урааны шейшембиде жетип келери кабарланган. Читать дальше...

Аба ырайы: туман түшүп, жол тайгак болот

Azattyk.org 

25-декабрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5, Талас жергесинде түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...+2, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...+3, Нарын облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -5...-10, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6...-11... Читать дальше...

«Адилет»: Прокурорлордун адвокаттарга кысымы жаңы деңгээлге чыкты

Azattyk.org 

«Адилет» укуктук клиникасы адвокаттардын суракка чакырылышы жана коркутууга кабылышы боюнча билдирүү таратып, укук коргоо органдарынын жактоочуларга басымы күчөгөнүн сынга алды.  - Көз карандысыз адвокаттарга кысым жасоо үчүн Башкы прокуратура тарабынан мыйзамды одоно жана орой бузуу аракетине Кыргызстандын коомчулугу дагы бир жолу күбө болду. Кыргызстандын мыйзамдарында адвокаттык ишмердүүлүккө кийлигишүүгө жол бербөөгө кепилдик берилгенине карабай тергөө органдары адвокаттарды суракка чакырып... Читать дальше...

Алыш: Дүйнө чемпионатында кыргыз балбандары беш алтын байге алды

Azattyk.org 

Казакстандын Нур-Султан шаарында кечээ, 23-декабрда жыйынтыкталган алыш бел боо күрөшү боюна дүйнө чемпионатында Кыргызстандын балбандары беш алтын, бир коло байгеге ээ болду. Спорттун аталган түрү боюнча Кыргызстандын федерациясынын башкы катчысы Белек Үсөнбековдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда мелдешке 27 өлкөдөн 275 спортчу катышып, кыз-келиндер жана эркектер арасында алтыдан салмакта байгелер ойнотулду. Алтын байгелерди Кыргыз спортчуларынан эркектер арасында Марлен Абдрасулов (60 кг.)... Читать дальше...

Эрдоган: Сириядан 80 миң бозгун Түркияны көздөй жолго чыкты

Azattyk.org 

Сириянын түндүгүндө Орусия жана Сирия аскерлеринин аба соккуларынын натыйжасында миңдеген адам Түркияга качып өтө баштады. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирип, мунун акыбети Европа үчүн аянычтуу болорун айтты.  22-январда Эрдоган 80 миңден ашуун сириялык Идлибден Түркияга сапар тартканын белгилеп, муну 2015-жылдагы миграциялык кризиске салыштырды.  Эрдоган 23-январда Сириядагы кырдаалды талкуулоо үчүн түрк делегациясы Москвага сапар тарта турганын кошумчалаган.  ... Читать дальше...

Казакстанда камалган активисттер ачкачылык жарыялашты

Azattyk.org 

Казакстандын Эгемендик күнүндө Алматыда өткөн жүрүш маалында кармалып, 10-15 суткага камакка алынган 20дан ашуун адам сот чечимине нааразылык катары үч күндөн бери ачкачылык кармап жатат. Бул тууралуу 23-декабрда камактагы активисттер Асхат Жексебаев менен Канат Жакупов адвокат менен жолукканда билдиришкен. Ачкачылык жарыялагандар «Митинг уюштуруу жана өткөрүү тартиптерин бузуу» беренеси менен соттолгон бардык адамдарды бошотууну талап кылууда. Алматы шаардык полиция департаментинин басма сөз... Читать дальше...


Музыкальные новости
Юлия Савичева

Пензенская певица ответила на жесткую критику Юлии Савичевой





Персональные новости
ЦСКА

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над «Зенитом» в матче РПЛ





Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу

Azattyk.org 

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү. Таанымал кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда дүйнөдөн кайткан.

Атамбаев соттук отурумдан чыгып кетти

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтүп жаткан соттук отурумдан айыпталуучу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев чыгып кетти. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди. Анын айтымында, алар соттук отурумду Биринчи май райондук сотуна которуу өтүнүчүн келтиришкен. Буга УКМКнын бөлмөсүнө катышуучулар тыгылып, сот, прокурор жана айыпталуучулар бетме-бет отуруп калышканы себеп болду. Мындан кийин адвокаттар сотту Атамбаевсиз өткөрүүнү сунуш кылышкан. Сот өтүнүчтөрдү четке каккан. Читать дальше...

БУУ Израилдин жөөт конуштарын кеңейтип жаткандыгына тынчсызданууда

Ca-irnews.com (kg) 

БУУнун Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны боюнча атайын координатору Николай Младенов Израилдин Иордан дарыясынын Батыш жээгине жана Чыгыш Иерусалимде жөөт конуштарын куруусу быйылкы жылы 70%га көбөйүп, 2018-жылга салыштырмалуу алардын саны 10 миңге жеткендигин айтты.

Бабановдун экинчи жолу чегиниши

Azattyk.org 

Эки жыл мурда саясаттан кеткенин жарыялаган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов партия лидерлигин да расмий өткөрүп берди. Эми "Республика" партиясын депутат Мирлан Жээнчороев жетектеп калды.

Батукаев боюнча соттук отурум УКМКнын имаратында өтүп жатат

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук отурумдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтүп жатат. Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да айыпталып жатат. Анын уулу Кадыр Атамбаев сот аларды жараянга катыштырбай жатканын билдирип, отурумдардын атайын кызматтын имаратында өткөнүн сынга алды. Соттук процессти УКМКнын имаратында өткөрүү чечимин 19-декабрда ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов чыгарган. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В Москве пройдет Братский кубок с "Динамо", ЦСКА и сербскими "Партизаном" и ОФК


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Потапова проиграла Остапенко во втором круге турнира WTA 1000


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Суд обязал оператора Пулково улучшить защиту от птиц. Тот намерен обжаловать решение





Путин в России и мире
Москва

Появились подробности тайной жизни предложенного Путиным министра обороны


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко надеется на восстановление транспортных маршрутов с Израилем




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Мечтающего по победе Киева Макаревича* проверят на экстремизм


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Брановицкий

Продвижение Песен, Музыки, Стихов ВКонтакте. Способы и методы увеличения прослушивания песни, музыки, стихов ВКонтакте.



Москва

В Москве исполнят футуристическую оперу 1913 года с новонайденными эпизодами

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net