Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2019

Новости за 26.09.2019

Трамп Ирандын жогорку кызмат адамдары АКШга келишине чектөө киргизди

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеранга басымды күчөтүп, Мамлекеттик департаментке Ирандын жогорку кызмат адамдары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн АКШга келишине чек коюуга уруксат берди. Ак үйдүн 25-сентябрда тараткан маалыматына караганда, Трамп Иран өкмөтүнүн аракеттери Жакынкы Чыгышта, анын айланасына жана дүйнөгө коркунуч келтирип жатканын белгилеген. Тегеран менен Вашингтондун мамилеси Ирандын өзөктүк программасын чектеген, дүйнөлүк алты державанын ортосунда 2015-жылы түзүлгөн келишимден... Читать дальше...

Депутат Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун кескин сындады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов мамлекеттик Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 14 млрд. акча чогулганына карабай ал жерде натыйжалуу иш жүрбөй жатат деп эсептейт. Ал мындай пикирин парламенттеги жыйында билдирди. Турускулов жарандарда кайсы учурда, кандай акысыз медициналык жардам алары боюнча маалыматы жок экенин белгиледи. Буга милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Элнура Боронбаева жооп берип, калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Читать дальше...



Кой-Таш окуясын иликтеген комиссия көчмө жыйын өткөрүүдө

Azattyk.org 

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия Чүй облустук акимчилигинин имаратында көчмө жыйын өткөрүүдө. Жыйынга Кой-Таш жана Арашан айылдарынын 60-70тей тургуну катышууда. Буга чейин Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева айылдын тургундары тандап киргизилип, окуянын бир топ тургундары чакырылбай калганын билдирген болчу. Жыйын жүрүшүндө Кой-Таш айылынын айрым тургундары мындай иш-чараны облустук администрациянын имаратында эмес... Читать дальше...

Вьетнамдан келе жаткан «Boeing» учагы аварияга учурап Барнаулга конду

Azattyk.org 

Орусиянын Батыш Сибирдеги Барнаул шаарына «Boeing» учагы авариялык абалда конуп, 56 киши ар кыл деңгээлдеги жаракат алды. Орусиялык маалымат каражаттарынын жазганына караганда, бир киши ооруканага жаткырылып, калганы ыкчам медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн. 330 жүргүнчү салган «Boeing 767-300» учагы 25-сентябрда Барнаулга Вьетнамдан учуп келген. Ал конуп жаткан кезде жерге катуу урунуп, оң дөңгөлөгүнөн өрт чыкканы кабарланды. Санкт-Петербургдагы «Пятый» телеканалы жарыялаган видеодон өрт өчүрүүчүлөр учакка суу чачып... Читать дальше...

RSF орус бийлигин журналист Светлана Прокопьеванын ишин жабууга чакырды

Azattyk.org 

«Чек арасыз кабарчылар» (RSF) уюму орус бийлигин журналист Светлана Прокопьеванын былтыр радиого берген комментарийи боюнча козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырды. Журналист «Террорчулукту актоо» беренеси боюнча айыпталууда жана күнөөсү далилденсе жети жылга чейин соттолушу мүмкүн. «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун 25-сентябрда тараткан маалыматына караганда, Светлана Прокопьеванын паспорту, банк карточкасы алынып, «террорчулардын тизмесине» киргизилген. «Прокопьева журналист катары өз жумушун гана аткарган. Читать дальше...

УКМК: Бабановдун сыртка чыгышына тыюу жок

Azattyk.org 

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бир нече кылмыш ишинде күбө катары өтүп жаткандыктан, анын өлкөдөн чыгышына тыюу жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди. Анын айтымында, мыйзам боюнча күбө катары өтүп жаткан адамдарды сыртка чыгышына чектөө коюлбайт. Бүгүн Өмүрбек Бабанов Москвага учуп кеткени белгилүү болгон. Анын санаалаштары ал жакынкы күндөрү кайтып келерин айтышууда. Азырынча саясатчы эмне максат менен кеткени белгисиз. Читать дальше...



Бердымухамедов түркмөн парламентин реформалоону сунуш кылды

Azattyk.org 

25-сентябрда Түркмөнстанда Конституция боюнча эң жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп саналган Халк маслахатынын жыйыны өттү. Ал 2017-жылы Аксакалдар кеңешинин ордуна түзүлгөн. Бул жыйында президент Гурбангулы Бердымухамедов Халк маслахатын реформалап, аны Мажилистин - парламенттин бир бөлүгү катары түзүүнү сунуш кылды. Ага ылайык, Түркмөнстанда кош палаталуу парламент түзүлүп, Халк маслахаты парламенттин жогорку палатасы болмокчу. Парламенттик реформаны ишке ашыруу Конституциялык комиссияга жүктөлдү. Читать дальше...

Абылгазиев Кумтөрдөн түшкөн каражатты сарамжалдуу пайдаланууга чакырды

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр кени боюнча жаңы кол коюлган стратегиялык келишимди аткаруу боюнча жыйын өткөрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жыйындын жүрүшүндө жаңы келишимге ылайык көбөйтүлгөн каражатты натыйжалуу пайдалануунун жолдору талкууланды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңыдан түзүлгөн келишим Кыргызстан үчүн ыңгайлуу шартта түзүлгөнүн белгилеп, түшкөн каражат өлкө экономикасы үчүн натыйжалуу иштетилиши керек экенин билдирди. Кыргыз... Читать дальше...

Тышкы иштер министри Айдарбеков БУУнун баш катчысы менен жолукту

Azattyk.org 

25-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Тараптар айлана-чөйрөнү коргоого жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтууга, терроризмге жана экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ар кандай долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Мындан сырткары Борбор Азияда кызматташтыкты күчөтүү... Читать дальше...

АКШнын улуттук чалгынынын жетекчиси Конгрессте суроолорго жооп берет

Azattyk.org 

АКШнын улуттук чалгын директорунун милдетин аткаруу Жозеф Магуайр президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараянын баштоого алып келген, украин президенти менен сүйлөшүүсү тууралуу маалыматтын мазмунуна байланыштуу 26-сентябрда биринчи Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинде суроолорго жооп берет. Андан кийин Сенаттын Чалгын комитетиндеги жыйынга катышат. Сенаттын жыйыны жабык өтөт. Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен 25-июлда телефондон сүйлөшкөн. Украинадагы коррупцияга... Читать дальше...

Ош-Анжиян-Ош каттамы жанданды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Анжиян шаарларынын ортосунда автоунаа каттамы 25-сентябрдан тартып жанданды. Автомобил, суу тармак жана салмак көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси Анарбек Бекмуратов бул иш мамлекет аралык келишимге ылайык жасалып жаткандыгын маалымдады: - Бишкек-Ташкент каттамы ишке киргенине көп болду. Минтип бүгүн Ош-Анжиян каттамын жандантып, ишке киргизип жатабыз. Эми жакында Ош-Фергана, Кызыл-Кыя - Фергана каттамдары ачылат. Эки элдин ынтымагын бекемдөө жана бири-бирине каттоосун ыңгайлаштыруу максатында Баткен... Читать дальше...

Кыргызстанда 400 сомдук пенсия алгандар бар

Azattyk.org 

Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып 400 сом менен пенсияга чыккандар бар экенин маалымдады. Мунун себеби - ал жарандардын бир жылдык стажы гана болгон. Ирсалиевдин маалыматына караганда, 10 миңге жакын киши 2000 сомго чейин, 3000 сомго чейин 92 миң киши, 4000 сомго чейин 86 миң киши, 4000 миң сомдон жогору 56 миң киши пенсия алат. Өлкө боюнча жалпысынан 667 миң пенсия алуучу бар. Алардын ичинен майыптыгы боюнча 116 миң, жетимдер 39 миң киши. Читать дальше...

Мамкызматтын даражасы жана жоопкерчилик

Azattyk.org 

Кыргызстанда мамлекеттик жетекчилер менен кызматкерлердин интеллектуалдык көрөңгөсү жана адистик деңгээли кандай болушу керек деген талкуу күчөдү. Буга Жогорку Кеңештин төрагасынын эл аралык жыйындагы сөзүнөн тарта айрым жергиликтүү жетекчилердин криминал менен коюн-колтук алышканы себеп болду. "Азаттыктын" “Эксперттер талдайт” берүүсүндө ушул маселени талкууладык. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, мурдагы билим берүү министри, профессор Ишенгүл Болжурова, Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев... Читать дальше...

Кочкордо картөшкө быйыл да арзан

Azattyk.org 

Ушул тапта картөшкөнүн бир килограммы Кочкордо 6-8 сомдон бааланууда. Дыйкандар “кымбат сатып каларбыз” деген үмүт менен жыйган түшүмүн кармап турушат. Ошол эле учурда райондун айрым айылдарын кыдырып, картөшкө алгандардын карааны көрүнө элек. Мындан улам мээнет быйыл да акталбай калабы деп санаага баткандар арбын.

Президент Жети-Өгүздө канал курулушу менен таанышты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айылында курулуп жаткан канал менен таанышты. Жалпысынан 22 чакырымга созулган каналдын курулушуна 128 миллион сом сарпталууда. Бул канал 1960- жылдары курулуп, толук оңдоого муктаж болгон. Мындан улам сугат суунун 55 пайызга чейинки бөлүгү жоготууга учурап келген.  - Дүйнөлүк банктын каржылоосу аркылуу куруп атабыз. Жалпы жонунан 128 млн. сом каралган. Учурда 68 млн. сомго иш аткардык. Иштин 64 пайызы бүттү. 2020- жылы күз айында ишке берилет. Читать дальше...

Кызытма чыры тажик чемпионун ызалантты

Azattyk.org 

Үч жыл мурда Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарында салмоор таш ыргытуу боюнча дүйнө чемпиону болгон тажик спортчусу Дилшод Назаров кызытмага байланыштуу шек саналууда.


Музыкальные новости
Булат Окуджава

Часовой любви. 100 лет Булату Окуджаве





Персональные новости
Вызов

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»





«Ысык-Көл» мейманканасынын имаратына өкмөттүн аппаратын көчүрүү сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев Бишкектин четинде жайгашкан «Ысык-Көл» мейманканасы бош турганын жана үч гектар жери бар экенин белгилеп, анын имаратына өкмөттүн аппаратын жайгаштырууну сунуш кылды. Ал бул кадам шаар жолдорундагы автотыгынды кыйла азайтмак деген ойдо. - Бишкек шаарындагы Башкы прокуратурасынын өрттөнүп кеткен имараты менен иштебей калган «Ысык-Көл» мейманканасы 10 жылдан бери каралбай турат. Алардын азыркы абалы кандай? Имараттар калдайып катып турат. Эмне, ордо калаанын кожоюну жокпу?... Читать дальше...

Бабанов Москвага учуп кетти

Azattyk.org 

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бүгүн эртең менен Москвага учуп кетти. Мындай маалыматты саясатчынын айланасындагы адамдар “Азаттык” радиосуна ырасташты. Алар Бабанов эмне себептен Орусияга кеткенин маалымдашкан жок, бирок ал өлкөгө кайра кайтып келерин билдиришти. Аны менен кошо Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев да кеткен. Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы)... Читать дальше...

УКМКнын экс-төрагасы Таабалдиевди издөө иши уланууда

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу иште аты аталган Бусурманкул Табалдиевди издөө уланууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлиги кабарлады. Министрликтин өкүлдөрү мурдагы жетекчинин кайда экенин аныктоо боюнча аракеттер кызуу жүрүп жатканын кошумчалашты. Укук коргоо органдары Бусурманкул Табалдиевди таппай жатканы тууралуу маалымат 8-июлда чыккан. Анын Түркияга чыгып кетиши ыктымал экенин айрым маалымат каражаттары да жазып чыккан. Кийин... Читать дальше...

ИИМ Оштогу атыштын чоо-жайын териштирди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө караганда Оштогу ок атышкан окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат. Жазык кодексинин «Денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча иш козголуп, күбөлөр суралып жатканы кабарланды. 22-сентябрь күнү кечке маал Кара-Суу районунун Фуркат айылында Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу жаран октон жараат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Маматалиевдин «Азаттыкка» ырастаганы боюнча, анын жоон санына ок тийип, сөөгү сынып кеткен. Читать дальше...

Орусиядагы акча которуу боюнча чектөө маселеси кыргыз парламентинде көтөрүлдү (видео)

Azattyk.org 

Парламенттин депутаты Сагындык Келдибаев Орусиядан тышка акча которуу боюнча чектөө мигранттарга терс таасир тийгизип жатканын айтып чыкты.  Ал бул тууралуу өкмөткө кайрылып, бирок эч кандай жооп болбой жатканын сындады:  - Биримдикке мүчө болгондон кийин эч кандай чектөө болбошу керек. Биримдиктеги башка өлкөлөргө чектөө жок. «Орусия ушундай кылды» деп отура бербестен чара көрүш керек. Өкмөт «30-40 миң рубль айлык алган мигранттарга таасири тийбейт» деп жатат. Беш айдын ичинде 200 млн. доллар аз келди. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Более 9 тыс сотрудников Росгвардии обеспечили безопасность в День Победы в Москве





Путин в России и мире
Москва

Обучила 24 женщин-снайперов: Кто сидел на параде рядом с Путиным?


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко: тактическое ядерное оружие для Москвы и Минска — средство сдерживания




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

В Москве налоговая потребовала взыскать долг с Алексея Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Арутюнов

Певец Сергей АРУТЮНОВ и солистка группы Демо - встречаются, или просто выпустили совместный хит “Солнышко”? Разлад АРУТЮНОВА и Маши Малиновской?



Москва

Самолеты Ту–154 в аэропорту Внуково, 1973 год, Москва

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net