Брекзитти келишимсиз ишке ашырууга тыюу салынды
Британияда Ханыша Елизавета II 9-сентябрда, өкмөт Евробиримдиктен келишимсиз жана мыйзам чыгаруучулардын макулдугусуз чыгышына тыюу салган мыйзамга кол койду. Мыйзам өкмөттү 18-октябрда өтө турган Еврокеңештин жыйынында Евробиримдик менен келишимге жетишүүгө милдеттендирет. «Reuters» маалымдагандай, эгер бул сунушту Брюссел четке какса, Британиянын премьер-министри Брекзит жараянын 2020-жылдын 31-январына жылдырууну өтүнүшү керек. Башында Британия Евробиримдиктин курамынан 2019-жылы 29-мартта чыгууну пландаган. Читать дальше...